Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Индияда кызды кыйнап өлтүргөндөр күнөөлүү деп табылды


Полиция күнөөлөнгөн төрт кишини сот залына алып кирүүдө, 10-сентябрь, 2013
Полиция күнөөлөнгөн төрт кишини сот залына алып кирүүдө, 10-сентябрь, 2013

Индияда студент кызды зордуктап, кийин өлтүргөн деп айыпталган төрт кишини сот күнөөлүү деп тапты. 11-сентябрда аларга өкүм чыгарылат деп күтүлүүдө. Алар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Былтыр декабрда Делиде окуган 23 жаштагы студент кызды автобуста алты киши зордуктап, катуу сабап салышкан. Эки аптадан кийин ал ошондо алган жарааттарынан Сингапурдагы ооруканада көз жумган эле.

Мыкаачылык менен жасалган бул кылмыш бүтүн өлкөнү дүрбөлөңгө салып, жамы журтту нааразылык толкуну каптаган.

Айыпталгандардын бири да күнөөнү моюнуна алышкан жок. Кечээ Нью-Делидеги сотто аларга айып тагылгандан кийин айрымдарынын адвокаты А.П.Сингх журналисттерге сүйлөп: "Тергөө учурунда аныкталган кылмыштардын ар бир пункту боюнча кармалгандардын баары айыптуу деп табылышты. Шаршембиде эртең менен аларга өкүм чыгарылышы керек, - дейт ал. - Биз сот чыгара турган жазанын түрүнө карата өзүбүздүн аргументтерибизди келтиргенге, аны жокко чыгарганга аракет кылабыз".

Азыр көпчүлүк айыпталган төрт киши өлүм жазасына өкүм этилет деп күтүп жатат. Адвокат өздөрүнүн кийинки аракети тууралуу сүйлөп: "Биз эртең соттун өкүмү менен таанышкандан кийин, албетте, ишти Жогорку Сотко өткөрүүгө аракет кылабыз", - деди адвокат Сингх.

Шейшембиде соттун имаратынын жанында камалгандарды катуу жазага чакыргандардын демонстрациясы болду. “Дарга асылсын!”, - деген кыйкырыктар да угулду.

Кармалгандарды кылмышка күнөөлүү деп тапкан соттун чечимине өлгөн кыздын ата-энеси канааттанганын жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирип, эми бул кишилер өлүмгө өкүм кылынышат го деп үмүттөнөөрүн айтышты.

23 жаштагы студент кыз менен байланышкан бул окуя Индияда аялдарга каршы зомбулук тууралуу кызуу талкууларды жараткан.

Көптөгөн талкуулардан, демонстрациялардан кийин өлкөдө аялдарды зордуктагандарга карата жаза өлүмгө чейинки деңгээлде күчөтүлгөн.

Негизи окуяга алты киши катышканы айтылган болчу. Кармалгандардын бири кылмыш жасалган учурда 17 жашта болгондуктан, анын ишин өспүрүмдөр соту карап, аны үч жылга түзөтүү колониясына кескен. Ал да өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган эмес эле. Курман болгон кыздын үй-бүлөсү муну өтө эле жумшак жаза деп, нааразылыгын билдирген.

Күнөөлөнгөндөрдүн дагы бири быйыл мартта абакта өлгөнү белгилүү. Түрмөнүн жетекчилиги ал дарга асынып өлгөн дейт, бирок анын үй-бүлөсү болсо аны “киши колдуу болду” деп билет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG