Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 04:06

Феннер: Кыргызстанга прокурорлорду жиберүүгө даярбыз


Швейцариянын Базел башкаруу институтунун директору Гретта Феннер.

Кыргызстанда мурдагы бийликтин тушунда чыгарылып кеткен байлыкты өлкөгө кайра кайтаруу аракети башталды.

АКШнын Юстиция министрлиги мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев чыгарып кеткен 4,5 миллион долларга жакын каражатты Кыргызстанга кайтарып бермей болду.

Вашингтондун маалыматына караганда, анын изи Бакиевдердин жеке банкири, өнөктөшү аталган Евгений Гуревичтин кылмыш ишин иликтөөдө табылып, 6 миллион доллар конфискацияланган.

Активдерди кайтаруу жана уурдалган акчанын изин табуу боюнча иш жүргүзгөн Швейцариянын Базел башкаруу институтунун директору Гретта Феннер «Азаттык» менен болгон маегинде бул багытта кандай эффективдүү иш жүргүзсө болоруна токтолду.

Гретта Феннер: - Дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун уурдалган акча табылган өлкө өз алдынча «арам акчаны адалдаштыруу» деген негизде иликтөө жүргүзө алат.

Анан сот акча «криминалдык жол менен келген, уурдалган» деп таап конфискацияласа, анда ошол акча баштапкы чыккан өлкөгө кайтарылат. АКШ сыяктуу иликтөө системасы жана укуктук кудурети күчтүү өлкөлөрдө мындай иштин изин табуу кыйла жеңил.

Кыргызстандын активин кайтаруу чечими АКШда иликтенген кылмыш иштин алкагында болуп жатканын билебиз. Бул өлкөдөн чыгарылып кеткен акчаны кайтаруунун бир жолу.

Кыргыз бийлигинин аракетин билебиз, бирок кылмыштуу жол менен чыгарылып кеткен активди табуу, кайтаруу кандай өлкө болбосун кыйла эле кыйын.

Дагы бир жолу – Кыргызстандын өзүндө коррупциялык ишти иликтеп, өзүнүн иликтөө-тергөө мекемелери аркылуу уурдалган акча табылган өлкөлөрдүн укук коргоо системасына кайрылса болот.

Кыргызстанда аз да болсо бул багытта иш жүрүп жатканын билебиз.

Кылмыш ишин караган сот ошол активди конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарат. Кыргызстан соттун чечими менен акча табылган өлкөнүн бийлигине кайрылып, ал чечимди юридикалык жактан таанууну өтүнүшү керек.

Бардык өлкөлөр конфискация тууралуу расмий чечимди эл аралык кызматташуунун алкагында таанып, активди кайтарууга көмөктөшүүгө милдеттүү. Эки учурда тең акча чыгарылган өлкө менен акча табылган өлкө чогуу иштегенде гана натыйжа берет. Маселен, кылмыш иши Кыргызстанда иликтенсе, ал эми актив АКШда табылса, эки тарап бири-бирине көмөктөшпөсө андан эч нерсе чыкпайт.

«Азаттык»: ​- Мындай учурда Кыргызстан сыяктуу экономикасы чабал өлкөлөр колдоно алчу кандай укуктук инструменттер бар?

Гретта Феннер: - Бул Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы эле дүйнөдө көйгөй. Кылмышкерлердин өтө дасыккан, тажрыйбалуу авдокаттарга төлөп, жалдап алууга акчасы жетет. Алар болсо кыргыз бийлиги үчүн иликтөөнү болушунча татаалдаштырат. Айтыпталуучу тараптын даттанууга укугу бар. Айрым учурда адвокаттар ишке байланыштуу кызматташып жаткан тараптардан күчтүүлүк кылып, иликтөөнүн нугун буруп же бөгөп салышы да мүмкүн.

Кыргызстандын колунда турган инструмент – Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясы. Бул эл аралык алкакта кызматташууга негиз болгон укуктук документ. Конвенцияны өлкөлөр башка бир тарап менен кызматташуу жөнүндө келишими жок учурда да колдоно алышат. Бул кыргыз бийлиги коррупцияга жана уурдалган акчаны кайтарууда чындап колдоно алчу инструмент болуп саналат. Ошондой эле конвенция чалгын жана башка атайын маалыматты ыкчам бөлүшүүгө да жол ачат.

Биз кыргыз бийлигинин аракетин билебиз, бирок кылмыштуу жол менен чыгарылып кеткен активди табуу, кайтаруу кандай өлкө болбосун кыйла кыйын. Ал эми чабал жана чакан өлкөлөр үчүн иш ого бетер татаал экенин түшүнөбүз.

«Азаттык»: - Гретта айым, сиз жетектеген Базел институту кантип жардам бере алат?

Гретта Феннер: - Биз активдерди кайтарууда эки багытта иш жүргүзөбүз. Биринчиси - ар кандай институттар менен кызматташып, финансылык иликтөөлөрдү кантип жүргүзсө, алардын эффективдүүлүгүн кантип жогорулатса болоруна үйрөтөбүз. Албетте, бардык тиешелүү мекемелер кылмышты иликтегенди билишет, бирок финансылык иштер өтө татаал жана чиеленген.

Кыргызстандын расмий мекемелери бизге өтүнүч менен кайрылса, биз өзүбүздүн иликтөөчүлөрдү жана прокурорлорду жиберип жардам беребиз.

Эң жөнөкөй мисал, иликтөө жүргүзгөн киши банктын кагаздарын окуп түшүнө билүүсү абзел. Эл аралык система аркылуу чыгып кеткен активдин изин кубалап тапканды билиши керек.

Биз Кыргызстандын укук коргоо мекемелеринин кызматкерлерине тиешелүү иликтөөлөрдү кантип жүргүзүүнү үйрөтүп, көмөктөшө алмакпыз.

Экинчи жагынан, расмий органдар бизге атайын өтүнүч менен кайрылса, биз өзүбүздүн иликтөөчүлөрдү жана прокурорлорду жиберип жардам бере алабыз. Алар кыргызстандык кесиптештерине тигил же бул иш боюнча түздөн түз кеп-кеңеш берип, маңдай-тескей отуруп чогуу иштешмек.

Биз Кыргызстандагы же башка бир өлкөдөгү ишти өз алдыбызча иликтей албайбыз, бирок мен айткандай, жакындан көмөктөшө алабыз. Албетте, окутуп үйрөткөн тренингдер пайдалуу, бирок биздин иликтөөчүлөр же прокурорлор кошо иштешсе, иштин натыйжасы болмок.

«Азаттык»: - Кыргызстандын расмий мекемелери менен кызматташтыгыңар барбы?

Гретта Феннер: - Ооба, Кыргызстандын Финансылык чалгын кызматы менен алдын ала меморандумга кол койгонбуз. Ошондой эле Башкы прокуратура менен соңку эки жылдан бери белгилүү бир иштерге байланыштуу кызматташып жатабыз. Бирок маалымат купуя болгондуктан, ал кайсы иштер экенин айта албайм. Кыргызстандагы институттар менен кызматташканыбыз жемиштүү жүрүп жатканын баса белгилегим келет.

Гуревич: Бакиевдер 200-300 млн. доллар уурдаган
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:30 0:00

«Азаттык»: - Кыргыз бийлиги сиз жетектеген Базел институтуна кайрылып, эл аралык иликтөөчүлөр менен прокурорлордон жардам сурады беле? Анткени Кыргызстанда эл аралык юриспруденциянын талаптарын билген адистер тартыш экени белгилүү эмеспи.

Гретта Феннер: - Бул эми жалпыга тиешелүү маселе. Анткени иш жүзүнө келгенде кайсы гана өлкө болбосун, уурдалган акчаны кайра алууга дымагы да, үмүтү да чоң эмеспи. Бирок ал үчүн эл аралык нормалар менен стандарттарга шайкеш келгидей масштабдуу иш аткарылышы керек.

Мына биздин көмөгүбуз ушул жерде тиет. Биз тигил же бул иште кантип өтүнүч жазууга, кандай жүйө-негиздерди келтирүүгө кеңеш беребиз, чогуу жазышабыз. Бул ишти илгерилетүү үчүн өтө маанилүү. Бул багытта кызматташуу канчалык тыгыз жүрсө, анын натыйжасы да болмок.

«Азаттык»: - Заманбап банк системасы, Интернет дүйнөнүн кайсы жери болбосун, акчаны биз заматта которуп же чыгарып кетүүгө жол берет. Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөрдүн активдерин коргоо системасы канчалык ишенимдүү?

Гретта Феннер: - Керек болсо Европанын алдыңкы өлкөлөрүнүн финансы жана юридикалык системасы кылмышкерлердин жолун толук торой албайт. Анткени кылмыштуу топтордун кынтыксыз делген системаны дагы өз кызыкчылыгына пайдаланып кетүүгө мүмкүнчүлүгү, колунда эсепсиз акчасы бар.

Дүйнөдө көп өлкөлөр арам акчаны адалдаштырууга каршы күрөшкөнү менен алардын ийгиликке жеткени саналуу гана. Сиз айткандай, бир банктагы акчаны экинчи бир эсепке электрондук система аркылуу көз ирмемде которуп коёсуз. Бул жерде турган акча таптакыр башка жерге барып түшүп калат. Ал эми анын изин кубалаган иликтөөчүлөр формалдуу эрежелер жана механизмдер аркылуу иш жүргүзөт.

Бул өтө жай процесс. Эзелтеден бери колдонулган эски ыкмалар. Биз аларды жаңылап, заман талабына шайкеш келтирүүбүз керек. Айтайын дегеним, эл аралык финансы системасы эл аралык укук системасына салыштырганда алда канча ыкчам иштейт. Маселенин түпкү өзөгү мына ушунда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG