Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:37

Руслан Акун: "Салам, Нью-Йорк" өзүн актады


Режиссер Руслан Акун менен ал Европаны кыдырып жүргөн кезде Прагадан жолуктук. Жайдын башында ал тарткан “Салам, Нью-Йорк” Москвада, Европанын ири шаарларында, анын ичинде Прагада да кыргыз диаспораларына көрсөтүлгөн эле.

“Азаттык”: Руслан, биз акыркы жолу “Салам, Нью-Йорктун” бет ачарынын алдында баарлашкан элек. Андан бери тасма кинотеатрларда көрсөтүлдү. Биз бүгүн тасма жаратууга кеткен каржы чыгымын гана эске алсак. Ушул жагынан негизги жыйынтыктар кандай болду?

Акун: Кудай жалгап, биз тасмага сарптаган каражатты кайтарып алдык. Бирок Кыргызстанда кино мейкиндик жана аудитория аябагандай эле тар экен. Эгерде биз сапаттуу, жаңы технологияны, графиканы колдонуп, визуалдык жактан күчтүү тасма тартабыз десек, тасма өзүн актай албайт. Кыргызстанда тартылып жаткан коммерциялык тасмаларга салыштырмалуу “Салам, Нью-Йорк” эң кымбат тасма болду.

“Азаттык”: Канча акча кетти?

Акун: Жүз миң доллар. Ошол акчаны кайтарыш оор болду, бирок тасма өзүн актады. Биринчиден, рынок чакан, экинчиден, чогулган акчанын колуңа 46 гана пайызы тиет, себеби жарымын кинотеатрлар менен бөлүшөсүң, андан тышкары 12 пайыз салык төлөйсүң. Кыргызстанда жок дегенде эки миллион жигердүү көрүүчү болбосо, тасма тартып, каржылык ийгилик тууралуу кеп салуу али эрте.

“Азаттык”: Силер Бишкектен сырткары тасманы Ошто да көргөздүңөр да?

Акун: Ооба. Чынын айтсам, Оштун жардамы менен актап кеттик.

“Азаттык”: Ошто менимче өтө чоң мүмкүнчүлүктөр катылып жатат. Биринчиден, сен айтып жаткан жигердүү аудитория - кинотеатрларга барам, кино көрөм дегендер же студенттер көп. Бирок баары эле айланып келип капчыкка такалат.

Акун: Туура. Оштогу көрүүчүлөрдүн дагы бир жакшы жери - тасманы ынтаа коюп, берилүү менен көрүшөт экен. Бишкектеги көрүүчүдөй эрке эмес. Мисалы, кинотеатрдын залы жупуну экенине карабай келип жатышты. Бирок ал жакта иштеш керек. Бир бизнесмен менен сүйлөштүк, кинотеатрдын бизнес-планын көрсөттүк. Бишкектегидей бардык шарты жакшы кинотеатр болгон күндө деле ал өзүн актабайт экен.

“Азаттык”: Эмнеге? Ошто 150 сом төлөп кино көргөндөр бар бекен?

Акун: Жок, 100 сом да бир аз кымбат экен. Азырынча Кыргызстанда сапат үчүн акча төлөгүсү келгендер аз.

"Салам, Нью-Йорк" Ошто. Март, 2013.
"Салам, Нью-Йорк" Ошто. Март, 2013.

“Азаттык”: Жалпысынан канча көрүүчү кирди, эсептесе болобу? Сен айтып жаткан 2 миллиондук аудитория Кыргызстанда барбы?

Акун: Биз эсептей элекпиз. Бишкектеги кинотеатрларда “Салам, Нью-Йорк” дагы бир ирээт көрсөтүлөт, андан соң талдаса болот.

“Азаттык”: “Салам, Нью-Йоркту” Москвада, Европанын айрым шаарларында да көрсөттүңөр, ал да силердин кирешеңерге киреби?

Акун: Жок, ал акча кайрымдуулукка жумшалат. Эки жыл мурда дос балдар менен фонд ачканбыз. Ошондон бери жакшы окуган, бирок колунда жок үй-бүлөдөн чыккан студенттердин билим алышына стипендия берип келебиз. Стипендия өтө деле чоң эмес, бирок билим алууга кеткен чыгымдарын камсыздап берүүгө жарайт.

“Салам, Нью-Йорк” Казакстанга баш багат

“Азаттык”: “Салам, Нью-Йорк” казак аудиториясы үчүн кызыктуубу, бул жаатта ойлондуңар беле?

Акун: 5-сентябрдан тарта Казактанда прокат башталат, ошого даярданып жатабыз.

“Азаттык”: Жакшы экен, ал жакта аудитория алда канча чоң эмеспи.

Акун: Ооба, биздин тасма орус тилинде тартылган, аларга түшүнүктүү. Билбейм, биздин тасманы кантип кабыл алышат, бирок тобокелдикке сала баштадык. “Салам, Нью-Йорк” өтө эле “кыргызча”, өзүбүзгө гана кызыктуу проблемалар көтөрүлгөн. Бирок бир чети казактар менен маданиятыбыз, менталитетибиз окшош.

“Азаттык”: Ошондо акчаны кайтарып эле тим болдуңарбы, башка киреше түшкөн жокпу?

Акун: “Салам, Нью-Йоркту” акча табуу же байып кетүү үчүн тарткан эмесмин (күлүп).

“Азаттык”: Жаңы унаа алган жоксуңбу?

Акун: Тескерисинче, ушул тасманы тартам деп башында унаамды саткам. Бизге эч ким акча берген жок, продюсер-бизнесмен досум гана ушул тобокелдикке барды.

“Азаттык”: Мен да аны ойлоп жатам, ал акчасын кайтарып алды, бирок канча убактысы, энергиясы кетти. Бир эле жери - ал бул жолду өттү, тажрыйба топтоду, таанымал болду десек болот.

"Салам, Нью-Йорктун" бетачары. Февраль, 2013
"Салам, Нью-Йорктун" бетачары. Февраль, 2013

Акун: “Салам, Нью-Йорктун” продюсери Нурбек Айбашов ийгиликтүү ишкер, бирок миллиондоп акча таппайт. Ал идеяга ишенди. Бир жолу тасманы тартып жатканда мага “акчаны кайтарбасак деле болот, негизи эле адамдарды жакшы бир нерсеге үндөгөн тасма тартсак болду” деп колдогон, ошол мага абдан дем берген. Бирок мен акча кайтарылат деген максат койгом, ошондуктан дагы биз каракчылар менен алыштык.

“Азаттык”: Баса, “Салам, Нью-Йорк” каракчылар менен алышуунун символу болуп кетти. Башында эле бир баланы кармадыңар. Кененирээк токтолосуңбу ушуга?

Акун: Азырыкыга чейин күрөшүп келе жатабыз. Интернетте сапаты өтө эле начар жана үнү угулбаган версиялар жүрөт. Бир койгондо эле жүздөгөн адамдар көрүшөт экен. Рынок өзү кичинекей, анан дагы башкалар сенин ак эмгегиң менен тапкан наныңды тартып алганы туура эмес. Анда биз сапаты төмөн тасмаларды беш миң долларга тартып эле, эки-үч жума көрсөтүп жашай беришибиз керек. Пираттарга катуу күрөш жарыялообуз абзел. Алар азыр чет элдик тасмалар артынан байып жатышат.

“Азаттык”: Ооба, азыр кайда барба, айрыкча айылда жалаң эле DVD дисктен эле тасма көрүп отурушат, бир дискке көп тасма батат. Сенин байкашыңча каракчылыктан артында ири “бизнесмендер” турабы, же бул чаржайыт эле өнүккөн “бизнеспи”?

Акун: Артында “чоңдор” турушат, акчаны да көп табышат. Ошого карабастан ачкөздөнүп кыргыз тасмаларын да каракчылык жол менен жайып жатышпайбы. Мыйзам аркылуу алар менен күрөшүү мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Силер кармаган бала эмне болду?

Акун: Жоопко тартылды.

“Азаттык”: Административдик эле жаза алды да?

“Азаттык”: Ооба, автордук укукту бузгандар үчүн жаза өтө эле жеңил - айыппул төлөп эле кете беришет. Биз жакшы юристтерди жалдап, экономикалык жактан зыян алып келди деген беренеге такадык. Бизде бухгалтерия иштейт, баары мыйзамдуу жана ачык көрсөтүлгөн, ошондуктан аныктап, далилдей алдык. Биз туткан каракчылар жоопко тартылды, чыгымдарды толуктап беришет.

“Азаттык”: Канча акча?

Акун: Тасманын лицензиясынын баасынын эң төмөнкү планкасын алдык, 400 миң сом төлөп бермей болду.

Жок дегенде бир бала таасирленсе, мен максатыма жеткен болом

“Азаттык”: Эми чыгармачылык боюнча сүйлөшсөк. Тасманы тарттың, көрүүчүлөрдөн абдан көп пикир түшсө керек, аймактарга чыгып алар менен жолугуп жаттың, айтам деген оюңду жеткире алдым деп эсептейсиңби?

Акун: Бирөө бир окуяны айтып калды. Бир мугалим келип, артта калган студенттерди зекип, “баргыла, ошол тасманы көрүп келгиле!” деп урушат экен. Мен деле 9-класска чейин такыр билимге көңүл бөлбөпмүн. Бизге Америкадан келген бир эжей үлгү болгон, андан ары окуй баштагам. Билим менен көп нерсеге жетишсе болот. Жок дегенде бир бала таасирленсе, он жылдан кийин адал иш, ак эмгеги менен ийгиликке жетишсе, мен да максатыма жеткен болом.

“Азаттык”: Көбүнчө кандай суроолорду көп беришет?

Акун: “Кантип тарттың? Күлкүлүү окуялар болдубу? Эмнеге өбүшкөн жок?” деген суроолорду көп беришет (күлүп).

"Азаттыктын" Прага студиясында. Июнь, 2013.
"Азаттыктын" Прага студиясында. Июнь, 2013.
“Азаттык”: Чын эле эмнеге өбүшкөн жок?

Акун: Сценарий боюнча ошондой. “Идея кайдан, кимдин окуясы?” деп дагы көп сурашат. Мени кубандырганы, акча тууралуу көп сурашпайт. “Бишкек, мен сени сүйөм” тасмасын тарткандан кийин эле биринчи суроо - “байыдыңбы?” болгон. Ошентсе да чыгармачылык менен нан табуунун эч уяты жок.

“Азаттык: Эми баары берген суроону узатайын. Алдыдагы чыгармачылык пландарың кандай?

Акун: Алдыда дагы бир чоң кыялым бар. Кыргызстандын өзүндө туруп эле, дүйнөнүн ар бир бурчундагы адамдын жандүйнөсү менен айкалышкан тасма жараткым келет. Бирок ал үчүн билим керек. Эми билим алам.

“Азаттык”: Алдыда анда Голливуд турбайбы?

Акун: Туура, Голливуд аркылуу деле көп нерсеге жетишсе болот. Келечекте режиссерлук кесипти аркалоо үчүн Америкадагы мыкты университеттерге тапшыруу ниетим бар. Ал эми канчалык ишке ашат, Кудай билет дечи, бирок болгон аракетимди жумшап жатам.

“Азаттык”: Максатыңа жет. Демек, автордук тасма тарткың келбейби?

Акун: Автордук тасмага деле кызыгам. Мисалы Актан Арым Кубаттын чеберчилик деңгээлине жетиш үчүн көп бар. Жакында бир конкурста добуш бергиле деп Актан Арым Кубаттын атынын жанына менин атымды жазып коюшуптур... Анын жанында атымды коюуга да татыктуу эмесмин!

“Азаттык”: Бирок сен ал добуш берүүдө жеңип чыктың да.

Акун: Ооба, аябай уялдым.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG