Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Иранда шайлоонун бир жылдыгында тополоң болду


Иранда бир жыл ичиндеги демонстрацияларда 5000 ашуун адам камалды
Иранда бир жыл ичиндеги демонстрацияларда 5000 ашуун адам камалды

Иранда былтыркы президенттик шайлоонун бир жылдыгында өлкөдө массалык башаламандыктар, кандуу кагылышуулар болду. Күбөлөрдүн айтымында, полиция демонстранттарды көздөн жаш чыгарчу газ жана таяктар менен ургулап, таркатты. Буга чейин өкмөт эч кандай демонстрацияга уруксат берилбей турганын билдирген эле.

Окуя Тегерандагы эки университетте жана шаардагы эки негизги аянттардын ортосунда болду. Окуяга күбө болгондор полиция демонстранттарды күч менен таркатканын билдиришти.

Жабыркагандар тууралуу маалымат айтыла элек. Бирок, күбөлөрдүн билдиришинче, бир топ адамдар токмок жеди. Университеттин ичинде көздөн жаш чыгарчу газ атылды.

“Тегеран университетине жакын жердеги Энхелаб аянтында басижилер адамдарды таяктар менен уруп, сабашты, - деди күбө. - Алар Энхелаб көчөсүн толугу менен тосуп, Данешах көчөсүнө жылышты”.

Тополоң-тоз башаламандыктар кийинчерээк шаардын батышындагы Шариф университетинде да болду. Ал жакта да өкмөттү колдогон басижилер демонстранттарды токтотуш үчүн чогулуп жатышты.

Энхелаб жана Азади аянттарынын аралыгында айрым адамдар мотоциклчен аскер күчтөрүн көрүшкөнүн, арасында снайперчилер да болушканын билдирди.

“Мен чынында көргөн көзүмө ишенгим келбей турат, - деди дагы бир күбө. - Снайперлер менен курал-жарактарды ташыган мотоциклчендер баратышкан эле. Мен өзүм аскер адамы эмесмин, бирок мындайды кинодон көргөм. Оппозициянын лидерлеринин бири Мехди Карруби эки күн мурда билдиргени чын болуп жатат окшойт. Ал “азыркы бийлик адамдардын канын төккөндөн да качпайт” деген эле”.

Бул окуялар өкмөт былтыр 12-июнда өткөн президенттик шайлоонун бир жылдыгында демонстрацияларга тыйуу салгандан кийин болду. Шайлоодо ага чейинки президент Махмуд Ахмединежад кайра жеңген эле. Добуштар бурмаланганы тууралуу айтылып, былтыртан берки нааразылык акцияларында 80дей адам набыт болду. 5 миңден ашуун киши камалды. Алардын ичинде 100дөй адам узак мөөнөткө түрмөгө отургузулду. Оппозициянын лидерлери да шайлоонун бир жылдыгында кан төгүлүшү мүмкүн деп, элди көчөгө чыгууга чакырышкан эмес.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG