Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Ирандыктар президент шайлоодо


Тегеранда добуш берүү үчүн бюллетенге кезек күткөн аялдар. 14-июнь 2013
Тегеранда добуш берүү үчүн бюллетенге кезек күткөн аялдар. 14-июнь 2013

Бүгүн Иран эли өлкөнү келерки төрт жылда башкарчу президент үчүн добуш берүүдө.

Анын жыйынтыгы элдин шайлоого жапа тырмак катышуусу, бийликтин саясий өнөктүккө кийлигишүүсү, илең-салаң шайлоочулардын кимге добушун бергени, добуштарды калыс саноо сыяктуу факторлорго да байланыштуу болору калетсиз. Бирок да серепчилердин боолгошунча, шайлоо бир айлампа менен бүтпөйт жана эрөөлдүн чечүүчү экинчи туруна Тегерандын мэри Мохаммед Бакир Калибаф менен реформачыл саясий элита колдогон Хасан Рухани чыгышы этимал.

Президенттик шайлоо 77 миллион элдүү Иран үчүн маанилүү саясий жөрөлгө. Өлкөнү сегиз жыл башкарып, Батыш жана консервативдүү диний төбөлдөр менен кээде ымаласы келишпей жүргөн Махмуд Ахмадинежаддын мураскери шайланат. Бийлик 2009-жылы Ахмадинежад экинчи мөөнөткө президент шайлангандан кийинкидей жалпы элдик толкундоолор бул ирет кайталанбайт деген үмүттө.

Ирандын баш көсөмү Аятолла Али Хаменейи Тегеранда шайлооканадан чыккандан кийин, анын кимге добуш бергенин өзүнөн башка эч ким билбесин баса белгилеп, кимге добуш берүү ар бир шайлоочунун жеке иши экенине ишаара кылды жана:

- Мен жакында Американын Улуттук коопсуздук кеңешинен кимдир бирөөнүн "биз Ирандагы бул шайлоону тааныбайбыз”,- дегенин уктум. Тааныбасаң жерге кир, – деди 73 жаштагы Хаменейи.

Аятолла канчалык чын дилинен сүйлөбөсүн, Foreign Policy журналы баамдагандай, эмки президенттин мурдагы президенттерден айырмаланып, ага акаарат айтпаганды каалаганы шексиз. Болбосо, анын ыкласындагы Күзөтчүлөр кеңеши кексе саясатчы, экс-президент Акбар Хашеми Рафсанжани жана Ахмадинежаддын администрация башчысы Эсфандияр Рахим Машаини талапкерликтен чыгарып салмак эмес.

Ирандагы шайлооканалардын бириндеги добуш берүү маалындагы көрүнүш.
Ирандагы шайлооканалардын бириндеги добуш берүү маалындагы көрүнүш.
Акыркы сурамжылоолорго караганда, негизги күрөш Тегерандын мэри Мохаммед Бакир Калибаф менен Ирандын революциячыл күзөтчүлөр корпусунун аба күчтөрүнүн мурдагы командачысы Хасан Рухани ортосунда болот. 12-июнда жарым өкмөттүк "Мехр" борбору жарыялаган сурамжылоо боюнча, Калибаф 18 проценттен көп, Рухани болсо 15 проценттей добуш алат.

АКШда жайгашкан Маалымдоо жана коомдук пикирлер борбору Иранда телефон аркылуу жүргүзгөн изилдөөсүнө таянып, Руханини шайлоочулардын 40 проценти, Калибафты 25 проценти колдоорун маалымдады.

Тегерандык шайлоочу “Азаттыктын” Иран кызматына телефондон берген интервьюсунда Рухани үчүн добуш берерин, бирок аны көпчүлүк билбесин айтты:

- Менин угушумча, Рухани мырза татыктуу талапкер. Себеби талапкерлердин үчүнчү теледебатынан кийин аны эл көбүрөөк билип калды. Реформачылар жана аларга жакын чөйрөлөр аны билишет. Бирок Роуханини көптөгөн башка адамдар билбейт. Менимче, үчүнчү теледебаттын таасири күчтүү болот.

Вашингтондо жашаган ирандык талдоочу Али Рафшари шайлоого эл арбын келсе, Калибаф менен Руханинин экинчи айлампага чыгуу мүмкүнчүлүгү көбөйөт деп боолгойт:

Бюллетень салынган желим сандыктарды бөлүштүрүү. 14-июнь 2013
Бюллетень салынган желим сандыктарды бөлүштүрүү. 14-июнь 2013
- Эгер 30 миллиондон ашуун адам добуш берсе, Рухани эмки айлампага чыкчу эки талапкердин бири болуп калышы мүмкүн. Экс-вице- президент Мохаммед Резанын шайлоого катышкандан баш тартуусу жана мурдагы президенттер Рафсанжани менен Хатаминин Руханини колдогону аны колдоочуларды көбөйткөндөй болду. Бирок жалпы жагдай түшүнүксүз. Кээ бир шайлоочулар кимге добуш берерин шайлоо күнү чечет эмеспи...

Көпчүлүк талдоочулардын байкашынча, Калибафтын эл аралык саясатта тажрыйбасы жок экенине карабай, консервативдүү талапкерлердин эң жөндөмдүүсү саналат.

Апта башында жарым өкмөттүк Фарси жаңылыктар агенттиги өз сурамжылоосунун негизинде келерки президент Калибаф же Ирандын ядролук сүйлөшүүлөрдөгү башкы дипломаты Саед Жалили болорун билдирди. Жалили талапкерлердин эң консервативдүүсү жана Аятолла Хаменейи президенттик орунга оң көргөн адам катары белгилүү. Кээ бирлер мындай сөздөрдү Жалилиге жакын Революциячыл күзөтчүлөр корпусу таркатууда дешет.

АКШда жашаган башка бир ирандык талдоочу Расул Нафизинин айтышынча, Аятолла Хаменейи ыкласын көпчүлүк шайлоочулар колдогон талапкерге буруп кетиши мүмкүн: “Хаменейи башынан бери Жалилиге назарын салууда. Ал, бирок, суурулуп чыгып, эл сүймөнчүгүнө ээ болгон башка талапкерлерге ооп кетиши ыктымал”.

Алты талапкердин мыктысы жеңип, чыр-чатаксыз президенттик орунга отурса, моюнунда Ирандын талаштуу ядролук программасына байланыштуу эл аралык дипломаттык кысмактан бошонуу, Евробиримдиктин мунай жана АКШнын банк эмбаргосунан кутулуу жана экономиканы кайра бутуна койуу милдети турат.

XS
SM
MD
LG