Ирандагы айрым сайттар менен социалдык түйүндөрдө пайда болгон сүрөттө президент Ахмадинежаддын маркумдун энеси Элена Фриастын колун кармап, көңүл айтып жатканын көрсө болот. Иран президенти өткөн жумада Каракаста өткөн тажыяга катышкан.
Иран карманган шариятка ылайык, чочун эркек менен аял бири-биринин тулку боюна тийбеш керек. Ал сүрөттө болсо Чавестин энеси Ахмадинежадга жөлөнүп, экөө кол кармашкан бойдон ыйлап аткандай таасир калтырат.
Адатта Ирандын жетекчилери же дипломаттар башка өлкөлөрдүн расмий аял өкүлдөрү менен кол алышып учурашпайт. Бир катар консерватор саясатчылар Ахмадинежадды ислам нормаларын сактабагандыгы үчүн сындап чыгышты.
Депутат Мохамад Мехди Пурфатеми диниятчы лидерлер президенттин андай жүрүм-турумун айыптап, исламга каршы келген кадамдарды жасабоону катуу эскертиши керек деп сунуштады. Дагы бир мыйзам чыгаруучу Мохаммад Дехган Ахмадинежаддын атын атабаса да, “өкмөттүн жогорку жетекчисинин” жоругу адеп-ахлакка сыйбайт деди.
Президент сайттардагы сүрөткө же ал сүрөт жараткан терс реакцияга жооп кайтара элек. Иран делегациясынын курамында Каракастагы тажыяга барып келген депутат Мохаммад Реза Мертажейдини болсо Ахмадинежад Чавестин энесин кучактаган деген ырастоолорду төгүндөдү. “Сүрөттү атайлап ошентип өзгөртүп коюшкан. Эч ким эч кимди кучактаган эмес. Чавестин апасы Ахмадинежадды “уулум” деп атаганда, ал анын кайгысын урматтоого аракеттенди. Бирок колунан кармайын дегенде, президент колун тартып алды”, - деп айтып берди депутат.
Ал эми Венесуэла мамлекет башчысы көз жумду деген кабар тараары менен Ахмадинежад көңүл айтуу катын сайтына жайгаштырып, Чавес Ыйса пайгамбар же имам Мехдидей болуп жерге кайтып келет деген болчу. Шийилердин ишениминде, “жашыруун имам” акыйкаттык орнотуу үчүн бир күнү кайрадан пайда болот.
Кээ бир диниятчылар менен депутаттар президенттин салыштыруусу орунсуз деп эсептешет. Консерватор диниятчы Ахмад Хатами Тегерандагы жума намазда президент динди аралаштырбай эле дипломатиялык кат менен чектелсе болмок деди.
9-мартта Аятолла Мохаммад Язди Ахмадинежадга дин темасына комментарий жасоодон кармануу кеңешин берди.
Дагы бир мыйзам чыгаруучулар президент бюджет маселесин талкуулоонун ордуна Чавес менен коштошууга кеткенин сындашкан. Бюджеттин долбоору мындан үч айдай мурун парламенттин кароосуна берилүүгө тийиш эле.
Мындай сын президент менен анын оппоненттери ортосундагы тиреши курчуп турган кезге туура келди. Ахмадинежаддын кызмат мөөнөтү ушул августта соңуна чыгат.
Иран президенти өз катында ошондой эле Чавестин Венесуэла элине кызмат өтөгөнүн, адамзаттын жана революциянын баалуулуктарын коргоо аракеттерин даңазалап, маркумду “шектүү оорудан көз жумган “шейит” катары сыпаттады.
Венесуэла лидери Иранда өтө популярдуу болчу.
Ахмадинежад анын АКШ менен ачык тирешүүсүнө суктанып, бир тууганындай көрөөрүн бир нече ирет айтканы бар:
- Уго Чавес дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн досу болчу. Анын өлүмү биз үчүн орду толгус жоготуу болду. Биз жакын досубуздан, революциянын лидеринен айрылдык. Ал улуу инсан, санаалашым, бир тууганым болчу, - деди Ахмадинежад 8-мартта Каркастагы тажыя алдында.
Айтмакчы, Чавестин өлүмүнө байланыштуу Иранда бир күндүк аза күтүү жарыяланган.
Тегеран менен Каракас соңку бир нече жылда миллиарддаган долларлык келишимдерге кол коюшкан. 14 жыл бийликте турган Чавес президент катары Иранга 13 жолу барып кеткен. Ахмадинежад болсо 2005-жылдан бери Венесуэлага алты визит жасаган.