Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Уго Чавестин сөөгү мавзолейге коюлат


Уго Чавестин сөөгү Владимир Лениндин жасаты сыяктуу эле мавзолейде сакталат.

Бул жөнүндө Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу Николас Мадуро билдирди. Ага дейре эл коштошуп алышы үчүн жасат өлкө борбору Каракастагы Аскерий академияга коюлуп, ал жерде жети күн турат.

8-март күнү Венесуэланын мурдагы президенти Уго Чавестин расмий тажиясы болот. Жөрөлгөгө дүйнөнүн ондогон лидерлери, анын ичинде Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад, Беларус президенти Александр Лукашенко катышаары айтылууда.

Социалист Уго Чавес өлкөнү соңку 14 жылда жетектеди. Ага акыркы жылдары бир нече жолу ракка каршы операция жасалган. 58 жаштагы Чавес каза болгону шейшемби күнү жарыяланган.

Чавез менен коштошуу үчүн кезек күтүп тургандар
Чавез менен коштошуу үчүн кезек күтүп тургандар
Президентинин милдетин аткаруучу Николас Мадуронун билдиришинче, Уго Чавестин денеси бальзамдалып, түбөлүккө айнек сагананын астына коюлат:

“Мен элге жана дүйнөгө айтып койгум келет: Музейде элге толук көрүнүп туруш үчүн көсөмдүн денеси бальзамдалсын деген чечим чыкты. Хо Ши Мин, Ленин, Мао Цзедун сыяктуу. Биздин башкы командачыбыздын денеси Революция музейинде атайын ыкма менен бальзамдалат. Элибиз дайыма аны менен боло алышы үчүн жасаты айнек ичинде турат”.

Азыр саналуу гана лидерлердин денеси жарандар табынып туруу үчүн бальзамдалып сакталууда. Атап айтканда, Советтер Союзунун негиздөөчүсү Владимир Ильич Лениндин, коммунисттик Кытайдын түптөөчүсү Мао Цзедундун, Вьетнамдагы коммунисттик революциянын көсөмү Хо Ши Миндин, ошондой эле Түндүк Кореянын коммунист адыйлары ата-бала Ким Ер Сен менен Ким Чен Ирдин. Иосиф Сталиндин да жасаты Ленинге жанаша коюлуп, анын “керт башына сыйынуу” ашкереленгенден кийин Мавзолейден алып салынган.

Венесуэла парламентинин төрагасы Диосдадо Кабелло 8-мартта вице-президент Мадуро убактылуу президент катары ант берерин жарыя кылды. Жаңы президенттик шайлоо качан өтөрү азырынча белгисиз. Чавес төртүнчү жолу былтыр октябрда президент шайланып, бирок анын ден соолугуна байланыштуу президенттик инаугурация болбой калган. Лекин, Кубага дарыланганы жөнөр алдында Мадурону мураскер катары көрөрүн айтып кеткен.

Чавестин дүйнө салганын жарыялардан бир аз мурда Мадуро америкалык эки дипломатты кутум уюштурууда деп күнөөлөп, Венесуэладан айдап чыккан.
Чавестин тажиясына АКШнын атынан Каракастагы элчи, ньюйорктук конгрессмен Грегори Микс жана массачусетсттик мурдагы парламентарий Билл Делахант барары маалымдалды.

Маудро, айтылганга караганда, Чавеске рак душмандар тарабынан атайын жуктурулган деп ойлойт. Мындай пикирди биринчи болуп, Иран президенти Махмуд Ахмединежад шардана кылган.

АКШнын саясатын үзбөй сындаган Чавес бийликтеги жылдары Орусия, Иран, Беларус менен альянс түзгөнгө көп маани берген. Анын өкмөтү Орусиядан курал-жаракты көп сатып алган жана мунай кендерин иштетүү боюнча бир нече келишимге кол койгон.

Венесуэла Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму - ОПЕКтин мүчөсү жана мунай кору дүйнөдө эң чоң өлкөлөрдөн эсептелет.

Мурдагы полковник Уго Чавес бийликке келгенден кийин саламаттыкты сактоо жана билим берүүгө мунай экспортунан түшкөн кирешени тартынбай жумшагандыктан жана айрым менчик ишканаларды улутташтыргандыктан жарды венесуэлалыктар арасында өтө популярдуу. Адам укугун коргоочу уюмдар Чавестин режимин өкмөттүн сындоочуларын катуу куугунтуктаганын какшап айтып келишет. Ишкерлер болсо, ишканаларды улутташтырып, инвесторлорду качырууда жана экономиканы муунтууда деп айыпташкан.

XS
SM
MD
LG