Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Иранда дагы тогуз адам дарга асылат


Массалык нааразылыкты дарга асуу менен басууну талап кылгандар да бар
Массалык нааразылыкты дарга асуу менен басууну талап кылгандар да бар

Өлкөдө “мамлекеттик түзүлүштү бузууга далалат жасаган” деп айыпталган тогуз адам жакында дарга асылат. Бул тууралуу билдирүү өлкөдөгү башкы оппозиционер Мир Хусейн Мусави “Иранда диктатура дале бар” деп айткан учурга туш келди.

Ирандагы сот системасынын төрагасынын орун басары Эбрахим Раиси аларды “өлкөдө ислам режимин кулатууга аракет кылганган” деп атады.

Аларды өлүм жазасына өкүм кылуу боюнча чечим 28-январда чыккан. Ошол эле күнү Иранда оппозициянын эки колдоочусу дарга асылды.

Париждеги ирандык саясий аналитик Али Кештгар муну 11-февралга пландаштырылып жаткан чоң демонстрациянын алдынан оппозициянын үшүн алуу аракети катары сыпаттады.

“11-февралга чейин өлүм жазасын колдонуу - адамдарды “демонстрацияга чыкпагыла” деген белги. Өлүм жазасы мамлекетте нааразылык акцияларын токтотууга канчалык жардам боло алганын өкмөт эми 11-февралда көрө алат”, - деди аналитик Кештгар.

Дарга асылган эки адам – 37 жаштагы Мухаммад Реза Али Замани менен жашы 19 дагы Араш Рахманипур – “Аллага каршы согуш жарыялады” деп, өлүмгө өкүм кылынган 11 кишинин катарында болчу.

Бирок эми дарга асылышы күтүлүп жаткан тогуз адам ошол 11 кишинин ичинде болгон-болбогону азырынча тактала элек.

Иранда былтыр июндагы президенттик шайлоодон кийинки көчө тополоңдорунан кийин 100 ашуун адам соттолду. Былтыркы тополоңдун айынан түзүлгөн кырдаал 31 жыл мурдагы Ислам революциясынын тушундагы кризиске тең келгени айтылып жүрөт. 1979-жылдын 11-февралында ыңкылаптын негизинде АКШнын колдоосун алган шахтын бийлиги кыйраган.

Мамлекеттеги айрым саясатчылар демонстрацияларды токтотуш үчүн көбүрөөк адамды өлүм менен жазалаш керек деп жатышат.

Бирок 1-февралда Ирандагы башкы сот Садык Ларижани мындай талаптардын “саясий өңүтү бар, анын үстүнө шариатка да туура келбейт” деп билдирди. Ошол эле учурда Ларижани бу дегени “мындан ары мыйзамды бузгандарга өлүм жазасы колдонулбайт дегенге жатпайт” деди.

Оппозициянын лидери Мир Хусейн Мусави: “Азыркы репрессия Иранда 1979-жылкы ислам ыңкылабы өз максатына жетпегенин айгинилейт”, - деп айтты. “Иранда диктатуранын тамыры кыйыла электигин” да кошумчалады.

Мусави тынч митингге чыккандардын укугу бузулуп жатканын айтып, аларга каршы күч колдонулуп жатканын айыптады, элдин укугун коргоону уланта берээрин бышыктады.

Ал арада Иран ушу күндөрү ислам ыңкылабынын 31 жылдыгын белгилеп жатат. Ал 11-февраль күнү өкмөттү колдогон ири демонстрация менен аякташы күтүлүүдө. Оппозиция болсо өзүнүн тарапкерлерин бул күнү өкмөткө каршы митингге чыгууга чакырды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG