Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

МАГАТЭ тобу Ирандан натыйжа менен кайтууга үмүттөнөт


Президент Махмуд Ахмадинежад Тегерандагы өзөктүк жайда. 15-февраль, 2012-жыл.
Президент Махмуд Ахмадинежад Тегерандагы өзөктүк жайда. 15-февраль, 2012-жыл.

Иранга МАГАТЭнин эксперттери келди. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин өкүлдөрүнүн Тегеранга бир айга жетпеген мезгил ичиндеги экинчи сапары Ирандын өзөктүк программасы боюнча карама-каршылык күчөп турган учурга туш келүүдө. Сапардын алдында Иран Британия менен Францияга мунай экспортун токтотконун жарыяласа, АКШ жана Британия Израилди Иранга сокку урбоого чакырды.

МАГАТЭнин эксперттер тобу Иранга мындан үч апта мурда эле келип кетишкен. Анда Тегерандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө кандайдыр бир олуттуу бурулуш бар экендиги айтылган эмес, болгону сүйлөшүүлөр улантылары гана кабарланган.

Эми МАГАТЭ тобунун башчысы Герман Накаертстин айтымында, чын-бышыгын иликтөөнү талап кылган башкы маселе - мурдагыдай эле Ирандын өзөктүк программасынын ыктымал аскерий өңүтү:


-Биз Тегерандагы эки күнүбүз жакшы жана конструктивдүү болот деп үмүттөнүп жатабыз. Бул сапардан кийин конкреттүү жыйынтыктарга ээ боло алабыз деген ишенимдебиз. Албетте башкы приоритет бойдон Ирандын өзөктүк программасынын ыктымал аскерий өңүтү кала берүүдө. Бирок биз башы ачылбаган маселелердин баарын чечүүнү каалайбыз. Бул албетте татаал маселе, убакытты талап кылат. Бирок биз баары конструктивдүү болот деген үмүттөбүз.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасынын аскерий өңүтү болушу мүмкүндүгүн МАГАТЭ былтыр ноябрдагы баяндамасында ишара кылган. Мунун артынан Батыш өлкөлөрү Тегеранга каршы санкцияларын күчөткөн.

Атап айтканда, АКШ Ирандын Улуттук банкынын активдерин тоңдурууну караган санкцияларды, ал эми Европа Биримдиги мунай эмбаргосун киргизген.

Жооп чара

Евробиримдиктин мунай эмбаргосу 1-июлдан тарта күчүнө кирмек. Иран өзү ага жетпей эле ушул жекшембиден тарта Британия менен Францияга мунай экспортун токтотконун жарыялады жана өз кадамын Европанын Иранга каршы экономикалык санкцияларды колдогон “душманчыл” өлкөлөрүн жазалоочу чара катары мүнөздөдү.

Америкалык “Вашингтон Пост” гезити жазгандай, Ирандын кадамы көбүнесе символикалуу гана мүнөзгө ээ жана Европанын мунай эмбаргосунун Ирандагы саясий таасирин мокотууга багытталган. Ирандык расмий өкүлдөр Европа керектөөчүлөрүнүн маанисин төмөндөтүүнү көздөп жатышат.

Жалпы Европанын үлүшүнө Ирандын мунай экспортунун 20% туура келет. Тегеран мунай экспорттоого тыюу салган Британия Ирандан кара май албаса, Франциянын керектеген мунайдын үлүшүндө ирандыкы 4%ды эле түзөт экен. Ирандын чарасы анын мунайын көбүрөөк сатып алган Италия, Испания, Греция, Португалияга жайылтылган жок.

Бирок Евробиримдиктин санкциясына ылайык, алар да 1-июлдан тарта Ирандан мунай ала албайт.

Күнүнө 3,5 миллион баррел мунай өндүргөн Иран эл аралык базарга 2,5 миллион баррел чыгарат. Мунун 70% Азия өлкөлөрүнө, көбүнесе Кытай менен Индияга кетет.

Кысым күчөгөн кездеги сунуш

Батыш өлкөлөрү мунай эмбаргосу менен гана чектелбей экономика жаатында Иранга карата кысымды дагы күчөтүүнү мерчемдешүүдө. Атап айтканда Евробиримдик Иран банктарын каржы маселе боюнча кат алышуунун эл аралык SWIFT деген системасынын чыгарууну да көздөөдө. Бул Ирандын тышкы базарга мунай сатуусунан түшкөн акчаны жыйноосун татаалдаштырат.

Батыштын кысымы күчөгөн шартта Иран айрым бир чегинүүлөргө барарын да ишара кылып жаткандай. МАГАТЭ эксперттеринин Тегеранга сапарын утурлай Иран бийликтери өткөн аптада Евробиримдикке өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууга даярдыгын билдирген кат жөнөткөн. Эгер сүйлөшүүлөр жанданса, бул бир жылдан ашуун убакыт ичиндеги алгачкы түз сүйлөшүү болот. Батыш өлкөлөрү бул сунушту этияттык менен кубатташты.

АКШ Израилди эскертти

Бул аралыкта “Вашинтгон Пост” басылмасы жазгандай, АКШ Ирандын өзөктүк жайларына Израилдин сокку уруу ыктымалдуулугу боюнча талкууларды басаңдатууда.

Бул темада Израиль бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн дем алыш күндөрү Тель-Авивде Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Том Донилон жүрөт.

Ал эми АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, генерал Мартин Демпси Израилди ыктымал соккусу пайда бербей турганын эскертти. Ал CNN телеканалындагы маегинде белгилегендей, Израилдин сокку ургудай жөндөмү бар. Бирок сокку Ирандын өзөктүк программасынын өнүгүшүн саналуу эле жылга артка тартат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG