Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

Иранда акча алмаштыргандар полиция менен кагылышты


Тегерандагы борбордук базарга жакын жердеги кагылыш учурунда, 3-октябрь, 2012
Тегерандагы борбордук базарга жакын жердеги кагылыш учурунда, 3-октябрь, 2012

Тегеранда бийлик акчаны мыйзамсыз алмаштыргандарды күч менен таратканы кабарлангандан кийин борбордук базар жабылды.

Полициянын рейдинин айынан улуттук валюта риалдын курсу кескин түшүп кеткенине нааразы болгон ондогон адам кечээ шаардын ортосундагы Фирдауси көчөсүндө полиция менен кагылыша кеткен.

Борбордогу Фирдауси көчөсүнүн эки бети тең акча алмаштырчу күркөлөргө толгон. Алардын ичинде лицензия менен иштегендери да, мыйзамсыз акча алмаштыргандары да бар.

Кабарларга караганда, кечээ полиция дал ошол “көмүскө базар” деп өкмөт атап жүргөн мыйзамсыз акча алмаштырчу эң ири борборлорду жапканга аракет кылды.

BBC корпорациясынын фарсы редакциясы кабарлаганына караганда, өкмөт аларды “атайылап эле АКШ долларын базардан алып салып, бийлик азыркы валюта кризисин башкарууга көрүп жаткан аракеттерге тоскоолдук кылууну каалашат” деп айыптап жатат.

Бирок Тегерандын тургундары Facebook жана Twitter социалдык түйүндөрүндө “полиция базарга кирип, нааразылык билдирген митингчилерди күч менен басканга аракет кылды” деп жазып жатышты.

Алардын бири Поурия Шарифи Фэйсбукта нааразы болгон демонстранттар буга чейин митингдер өтүп келген “Хафте-Тир” аянтына жөнөгөн учурда аларды полиция тороп калганын өз көзү менен көргөнүн жазды.

Социалдык түйүндүн дагы бир колдонуучусу Жуди Хассан бийликтерди азыркы кризис, кымбатчылык үчүн айыптап: “Өлкөдөгү экономикалык кризис үчүн мен өкмөттү кечирбейм”, - деп билдирди.

Өкмөт кризис үчүн чайкоочуларды айыптады, бирок көптөр өкмөттүн өзүн күнөөлөп жатат, 3-октябрь, 2012
Өкмөт кризис үчүн чайкоочуларды айыптады, бирок көптөр өкмөттүн өзүн күнөөлөп жатат, 3-октябрь, 2012
Коопсуздугунан чочулап атын айтпаган тегерандык бизнесмен “Азаттыкка” сүйлөп жатып, азыркы абалды мындайча сүрөттөдү: "Бүгүн базардагы чакан бизнестин ээлери Тегерандагы “15 Хордад” аянтынан парламентке чейин жөө жүрүшкө чыкмак. Аларга жолдогу акча алмаштырчу күркөлөрдүн ээлери да кошулушту, - дейт ал. - Адамдар Топкане райончосуна жеткенде кагылышуу болгонун уктум. Стамбул жана Фирдауси көчөлөрүнүн кесилишинде да кагылыштар көп болгонун айтышты. Азыр “Революциялык сакчылар” тобунун аскерлери “Революция” жана “Вали Аср” аянттарында элди күч менен таркатып жатышат. Үч адам эле бир жерге топтоло калса, алар суу, көздөн жаш чыгарчу газ чачып, таяк менен ургулап, асманга ок атып жатышат".

Анын айтымында, азыр бийликтер базарда буюм-тайым, тамак-аш саткандарды улам текшерип, бүт нерсенин баасын эсепке алышууда.

"Өкмөт жасап жаткан басымдардын дагы бири – сырттан импорттолгон товарларга киргизилген расмий баага да катуу көзөмөл жасашууда. Бирок өлкөдө доллардын баасы өскөн сайын, импорттолгон товарлар да кымбаттайт эмеспи, - дейт базарда чакан бизнестин ээси андан ары сөзүн улай. - Өкмөт азыр Тегеранда түрдүү аракеттерди кылып жатат. Маселен, “Өзү билгендей Жазалоочу өкмөттүк уюм” кадимки эле кийим саткан дүкөндөрдүн бирине жөнөкөй кардардай кийинген кызматкерин жиберет. Эгер ал жерде сатуучу ага кийимди расмий баасынан бир аз эле кымбат айтып койсо, ошол замат дүкөндү жаап, сатуучуга айып пул салышат. Ошон үчүн адамдар проблемадан качып, азыр дүкөндөрүн такыр эле жаап салышкан".

Ирандын консервативдүү деп эсептелген “Асре-Иран” маалымат агенттиги базардын жабылышын “шектүү аракет” деп сыпаттады.

Ирандын улуттук валютасы риал өткөн аптадан бери өзүнүн баасынын үчтөн бирин жоготту. Өкмөт болсо бул үчүн акча алмаштыргандарды айыптап, “мындай чайкоочуларды камаш керек” деп жатат.

АКШнын мамлекеттик департаменти болсо риалдын куну качканын Тегерандын талаштуу ядролук программасынын айынан ага каршы киргизилген эл аралык санкциялардын натыйжасы деп атады.

Ирандын акчасынын өтө эле арзандап кеткенин экономисттер президент Махмуд Ахмединежаддын режиминин чабал экономикалык саясаты менен да түшүндүрүшөт.

Риалдын баасы быйыл жыл башынан бери эле 80% түшүп кеткен.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG