Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:36

Иран Рафсанжани менен коштошууда


Рафсанжани менен коштошууга келген президент Хасан Роухани баш болгон мамлекет жетекчилер.

Иранда мурдагы президент Акбар Хашеми Рафсанжаниге аза күтүп жатышат. Байкоочулар аны Батыш менен алкаларды жакшыртууга жол ачкан “прагматикалык консерватор” деп атап жүрүшөт.

Рафсанжани 8-январда жүрөгү кармап, 82 жашында көз жумду. Экс-президенттин сөөгү Тегерандагы Жамаран деген жерге коштошуу үчүн коюлду. Дүйшөмбү күнү президент Хасан Роухани баш болгон жетекчилер маркумдун элесине таазим этишти. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды, Рафсанжанини акыркы сапарга 10-январда узатышмакчы.

Мамлекеттик маалымат каражаттары аны исламдын жана революциянын максаттарына кызмат кылган адам катары сыпатташууда.

Маркум президенттик кызматты 1989-1997-жылы аркалап турду, кийин парламент менен диниятчылардын башын бириктирген Революция сакчыларынын кеңешинин ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салган мекемени жетектеп келген.

Андан тышкары Рафсанжани өлкөнүн жогорку лидерин дайындоо, керек болсо аны кызматтан алуу укугу жүктөлгөн Эксперттер ассамблеясынын мүчөсү да болгон.

Экс-президент менен коштошуу. 9-январь, 2017-жыл
Экс-президент менен коштошуу. 9-январь, 2017-жыл

Байкоочулар аны Батыш менен алкаларды жакшыртууга жол ачкан “прагматикалык консерватор” деп атап жүрүшөт. Президенттик кызматта эки мөөнөт иштеген Рафсанжани Ирак менен согушта катуу жабыркаган ички экономикада эркин рыноктун элементтерин киргизүү өңдүү реформаларды жактап келген. Ошондой эле эл аралык сахнада байистүү позицияны колдочу.

Ошол эле маалда айрым реформачылар Рафсанжанини кээ бир либералдар менен диссиденттердин көзүн тазалоого аралашкан деп айыптап, бирок маркум өзү бул дооматтарды четке кагып келген.

Аргентина прокуратурасы анын ысымын 1994-жылы Буэнос Айрестеги жөөт борборундагы жардырууга шектүү ирандык расмий адамдардын арасында атаган. Ал кол салуудан 85 киши набыт кеткен эле.

Рафсанжани.
Рафсанжани.

Ирандык укук коргоочу, Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади "Азаттык" радиосунун Иран редакциясына берген маегинде экс-президент адам укуктарын бузуу фактылары тууралуу кабардар болчу деген ою менен бөлүштү.

2005-жылы Рафсанжани президенттик кызмат үчүн ат салышып, бирок ал кезде баш калаанын мэри болуп турган, анча таанылбаган Махмуд Ахмадинежадга утулуп калган. Шайлоодо жыдыгандан кийин президентти ачык сындай баштаган. 2009-жылы Ахмадинежад президенттикке кайра шайлангандан кийин Рафсанжани реформачылардын тарабына кошулуп, саясий туткундарды дароо бошотууга, сөз эркиндигин камсыздоого үндөгөндүгү үчүн эскичилдердин катуу сынына кабылган.

Ошол жылдагы талаштуу президенттик шайлоо сегиз айга созулган нааразылык акцияларына алып келип, күч менен басылган.

Экс-президент менен коштошуу.
Экс-президент менен коштошуу.

2012-жылы маркумдун кызы Фаезех 2009-жылкы өнөктүк маалында “өкмөткө каршы үгүттөгөн” деген айып боюнча камакка алынган жана алты ай түрмөдө отуруп чыкты. Анын иши Рафсанжаниден өч алуу катары бааланып келет. Ошол эле жылы уулу Мехди коррупция жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген деген айып боюнча он жылга эркинен ажыратылган.

Рафсанжани 2013-жылы да президенттикке ат салышууну көздөп, бирок шайлоого байкоо салган мекеме анын улгайган жашын жүйө келтирип, талапкерлигин алып салган.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Кыргызстандын Ирандагы толук ыйгарымдуу мурдагы элчиси, коомдук жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов Рафсанжанини көрүнүктүү саясатчы, эки өлкөнүн алакаларынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон адам катары баалайт.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG