Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Иран: Роухани реформа баштадыбы?


Насрин Сотоуде үй-бүлөсү менен, 18-сентябрь, 2013-жыл
Насрин Сотоуде үй-бүлөсү менен, 18-сентябрь, 2013-жыл

Иранда он чакты саясий айыпкердин түрмөдөн күтүүсүз бошотулушун эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар кубатташты.

Талдоочулар бул окуяны Ирандын азыркы бийликтеринин байистүү саясат жүргүзүүгө ыктаганынын белгиси катары баалап жатышат.

18-сентябрда түрмөдөн бошотулган 11 саясий айыпкердин арасында укук коргоочу жана таанымал адвокат Насрин Сотоуде, реформачыл саясатчы Мохзен Аминзаде да бар.

Бул окуя быйыл июлда Ирандын президенттикке байистүү диниятчы Хасан Роухани шайлангандан бери өлкөдө орун алабы деп күтүлгөн өзгөрүүлөрдүн алгачкы көзгө көрүнүктүүсү катары каралып жатат. Анын үстүнө саясий айыпкерлер Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы башталардан бир апта мурда бошотулушту. Президент Хасан Роухани Башкы ассамблеяда сүйлөө менен катар эл аралык коомчулук менен карым-катнаш орнотууга умтулары күтүлүүдө.

Аналитиктердин айрымдары саясий айыпкерлердин бошотулушун азыркы президенттин дүйнөлүк трибунага чыгар алдында өлкөсүнүн беделин жакшыртуу аракети, экинчилери Иранга адам укуктары багытында айтылган сынды азайтууну көздөгөн символикалык жөрөлгө катары гана баалап жатышат.

Эмнеси болсо да саясий айыпкерлер бошотулардан бир күн алдында Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өлкө үчүн эми дипломатияда “баатырлык ийкемдүүлүк” керектигин айткан эле.

Ирандын жогорку лидеринин бул сөзүн чечмелегендер муну Тегерандын аны өзөктүк курал жасап жатат деп шектеген АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү менен мамилесине байланыштырышты.

Иран парламентинин мурдагы реформачыл депутаты Али Мазроеинин көз карашында, саясий айыпкерлердин түрмөдөн чыгышы - Иран ички саясатта байистүү нукту көздөй ыктаганынын белгиси:

- Бул “баатырдык ийкемдүүлүктүн” башталышы. Эгер Иран эл аралык чыңалууну басаңдаткысы келсе, приоритет ички майданга берилүүсү абзел. Мен ошол бата алынган багыт башталды деген ишенимдемин жана абактан саясий айыпкерлердин баары чыгарылып, коомдо тынчтык орнойт деп үмүттөнөбүз. Саясий айыпкерлердин бошошу тышкы дүйнө менен мамиледеги чыңалууну басаңдатуу боюнча планды алдыга түртүүдө пайдасын көргөзөт.

Хасан Роухани
Хасан Роухани
Надир Хашеми - АКШдагы Денвер университетинин Жакынкы Чыгыш саясатына адистешкен профессору. Ал “Азаттыктын” Вашингтондогу кабарчысы менен маегинде белгилегендей, аятолла Хаменеи президент Роуханиге жана анын командасына тышкы саясаттын, анын ичинде өзөктүк программа менен байланышкан эл аралык талаштын үстүндө иштөөгө, ошондой эле өлкө ичиндеги абалды да бошоңдотууга жашыл жарык бергендей:

- Саясий айыпкерлер Иранда көп адамдардын нааразылыгын туудурган маселе. Андыктан бул жерде Роуханиге өлкө ичиндеги кырдаалды стабилдештирүү боюнча шайлоо алдындагы убадаларын аткарууга мүмкүндүк берилип жаткандай. Четтен жасалган экономикалык кысымдын артында ички кырдаал оорлошуп кетти.

Эл аралык укук коргоо топтору Ирандагы соңку жараянды кубатташты. Эл аралык Мунапыс уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча бөлүмү өз билдирүүсүндө саясий айыпкерлердин бошотулушун “адам укуктары боюнча саясаттагы жана бийликтердин активисттер менен сынчыларга мамиле кылуу ыкмасындагы” олуттуу бурулуш деп баалады.

Ирандагы адам укуктары боюнча эл аралык өнөктүк өз билдирүүсүндө президент Хасан Роуханини адам укуктары боюнча өлкөдөгү кырдаалды чукулунан жакшыртуу үчүн дагы конкреттүү чараларды көрүүгө чакырды.

Бул уюмдун өкүлү Хади Гаеми саясий айыпкерлердин баарын бошотууга үндөп, алардын эң барандуулары катары оппозициячыл саясатчы Мир Хуссен Муссавини, анын жубайы Захра Ранаварды жана реформачыл диниятчы Мехди Карубини атады. Бул инсандар үй камагында отурушат.

Ирандагы нааразылык акциялар, 2009-жыл
Ирандагы нааразылык акциялар, 2009-жыл
Өзү абактан чыккан саясий айыпкерлердин көбү 2009-жылы мурдагы президент Махмуд Ахмадинежад экинчи мөөнөткө шайлангандан кийинки антиөкмөттүк жүрүштөргө катышканы үчүн соттолушкан. Алар улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген деген айып менен кесилишип, жазасын өтөп жатышкан эле. Ирандык активисттерге карата бийликтер адатта мына ушундай айыпты колдонушчу.

Эркиндикке чыккандардын бири, адвокат жана укук коргоочу Насрин Сотоуде “Франс Пресс” агенттигин кабарчысы менен маегинде түрмөдөн акыбалы дурустугун айтып, адам укуктарын коргоону улантарын убада кылды.

Сотоудени Евробиримдиктин Сахаров сыйлыгына көрсөткөн Европарламент депутаты Мариэтье Шааке “Азаттык” радиосуна буларды айтты:

- Бул абдан кубанычтуу. Ачыктыкты көргөзүү жана Иран калкынын укуктары менен эркиндиктерин көбүрөөк сыйлоо жөнүндөгү убадаларды иш менен бекемдөө жаатындагы алгачкы олуттуу кадам.

Таанымал адам укугун коргоочу жана адвокат Сотоуде Европа Кеңешинин Сахаров атындагы сыйлыгын 2012-жылы алгандардын бири. Ал 2010-жылы бир катар, анын ичинде Ирандын улуттук коопсуздугуна каршы аракеттенген деген айып менен алты жылга кесилген эле. Сотоуденин соттолушу эл аралык реакция жаратып, АКШ президенти Барак Обама муну Иран бийликтеринин коркуусу катары баалаган. Эми АКШ Мамлекеттик департаменти укук коргоочунун жана адвокаттын бошотулушун кубаттады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG