Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:04

Путин Иранга ракета сатууга уруксат берди


Орусиянын С-300 зениттик-ракеталык комплекси.
Орусиянын С-300 зениттик-ракеталык комплекси.

Орус президенти Путин Иранга С-300 үлгүсүндөгү ракеталык система сатууга каршы чектөөнү дүйшөмбүдөгү жарлыгы менен жойду.

2007-жылы Орусия Иранга С-300 үлгүсүндөгү ракеталык комплекстин ПМУ-1 деген дивизионунан бешти жеткирүү боюнча 800 млн. долларлык келишимге кол койгон. Кийин 2010-жылы Улуттар уюмунун Тегеранга каршы киргизген санкцияларынан улам, Орусия менен Ирандын ортосундагы келишим үзүлүп калган.

Мындан эки апта мурда Швейцариянын Лозанна шаарында Иран жана алты дүйнөлүк держава, анын ичинде Орусия Тегерандын өзөктүк программасы боюнча макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Иран уран байытууну чектеп, ал эми Улуттар уюму, АКШ жана Евробиримдик санкцияларды жеңилдетет.

Ал арада Израил бул макулдашуу аларга түздөн түз коркунуч туудурат деп айтып чыккан.

Москванын жогорудагыдай чечими буга чейин Кремлди Тегеранга ракеталык комлексти сатпоого чакырып келген Израилдин кыжырына тиери шексиз. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус ракеталарынын Иранга берилиши Израилге эч кандай коркунуч жаратпастыгын айтты:

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров.

- Белгилей кетсем, С-300 зениттик-ракеталык комлекси коргонуу мүнөзгө гана ээ, ал кол салууга ылайыкташкан эмес. Ошол себептүү аймактагы бир да өлкөгө, анын ичинде Израилге эч кандай коркунуч туудурбайт. Ал арада айланасындагы чыңалган кырдаалды эске алганда, Иран үчүн заманбап коргонуу системасы чоң мааниге ээ. Маселен, соңку аптадагы Йемендеги тез оорлошуп кеткен кырдаалды айтсак болот, - деди Орусиянын тышкы иштер мекемесинин башчысы.

Байкоочулардын айтканына караганда, Путиндин дүйшөмбүдөгү жарлыгы Тегерандын өзөктүк программасы боюнча жыйынтык келишим жетишилип, ага каршы киргизилген санкциялар жоюлган маалда Москванын Ирандагы турумун чыңдоо мүдөөсү болушу мүмкүн.

Орусиянын Коргоо министрлигинин атын атабаган өкүлү Москва канчалык тез саясий чечим чыгарса, ракеталар Иранга ошончолук тез жеткирилерин айтты.

Орусия Иранга буга чейин буудай, айрым техника жабдыктарын жана курулуш материалдарын жеткирип, ордуна кара май алып келген. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков дүйшөмбүдө өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

- Бартерге ылайык, Ирандан биз кара май алабыз, ал эми анын ордуна айрым продукцияларды жеткиребиз. Мындай алмашуу санкцияларга кирбейт жана биз бул туура жол деген ойдобуз, - деген министрдин орун басары келишимдин мөөнөтүн так айткан жок.

Reuters агенттиги айрым булактарга таянып, Иран менен Орусиянын ортосундагы 20 миллиард долларлык бартердик келишимине өткөн жылы кол коюлганын маалымдады.

Орусиянын С-300 зениттик-ракеталык комплекси.
Орусиянын С-300 зениттик-ракеталык комплекси.

Орусиянын тышкы иштер мекемесинин маалыматы боюнча Сергей Лавров жана АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Ирандын өзөктүк программасы боюнча 13-апрелде телефон аркылуу сүйлөштү.

Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешине кирген Батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу Иран менен жылуу мамиледе. Буга чейин эле Кремл Иранга С-300 ракеталарын жеткирүүнү өзүнүн аймактык дипломатиясынын жана АКШ, Евробиримдик менен Жакынкы Чыгыш боюнча геосаясий күрөшүнүн куралы катары колдонуп келген.

Тегерандын өзөктүк программасы Орусия Иранга географиялык жактан жакын экенине карабастан, Батышка караганда Путин баштаган Кремлдеги жетекчилерди азыраак түйшөлтчү.

С-300 ракеталарын Иранга сатуу боюнча келишимди 2010-жылы президент Дмитрий Медведев жокко чыгарган. Мындай чечими үчүн Медведев Вашингтондун айтканын жасап жатат деп мекенинде сынга алынган.

XS
SM
MD
LG