Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Ирандагы шайлоонун “кандуу кесепети”


Сохраб Араби өлкөсү "өзгөрөт" деп ишенген
Сохраб Араби өлкөсү "өзгөрөт" деп ишенген

Ирандагы президенттик шайлоодон бери дайынсыз жоголгон өспүрүм Сохраб Арабинин таажиясы бүгүн Тегеранда өттү. Бул окуя Ирандагы шайлоодон кийинки демонстрацияларда камалган же жоголуп кеткендердин абалы тууралуу камтамачылыкты күчөтүүдө.

Ирандагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор массалык демонстрацияларга чыгышкан эле. Сохраб Араби - ошондо камакка алынгандардын ичинде курмандыкка чабылгандардын азырынча акыркысы.

Расмий маалыматтарда шайлоодон берки тополоңдордо 20 адам көз жумду деп айтылат. Бирок укук коргоочулар чынында өлгөндөрдүн саны мындан бир топ жогору дешет.

Сохрабдан Тегеранда 15-июнда болгон демонстрациядан бери кабар жок эле. Анын үй-бүлөсү Сохрабдын өлгөнүн 11-июлда гана укту. Эртеси күнү анын денеси үйүнө жеткирилген. Сохраб болгону 19 жашта эле.

Шаршембиде анын таажиясына келгендер колдоруна гүл көтөрүп, Алланын атын чакырып жатышты.

Эркин өлкө жөнүндө кыял

Сохрабды билгендер аны кыялкеч, өтө сезимтал өспүрүм болгон деп сүрөттөштү. Өз максаттарына жетиш үчүн акыркы кездери университетке өтөм деп, экзамендерге катуу даярданып жаткан экен.

Сохраб өзүнүн өлкөсү да өзгөрөт деп үмүттөнгөн. Ал өмүрүндө биринчи жолу быйыл 12-июнда мекенин башкарчу адам үчүн добуш бергенине сүйүнгөнүн айтышат.

Анан шайлоодогу бурмалоолордон көңүлү калып, 15-июнда Тегерандагы демонстрацияга энеси менен чыгыптыр. Тополоңдо энеси экөө бири-бирин жоготуп коюшат. Энеси кайра үйүнө келип, уулун күтүп кала берди, а бирок Сохраб кайра кайткан жок.

Ошондон бери анын үй-бүлөсү Сохрабдын кайда экенин билиш үчүн улам бийликтер менен сүйлөшүп турушту. Анын энеси туугандарын ээрчитип алып, ошо күндөрү камалгандардын көбү кармалып турган “Эвин” түрмөсүнө барышкан. Баласынын сүрөтүн көтөрүп алып, энеси түрмөдөн чыккандардан Сохрабдын абалын сурап жатты.

Таажияга келгендер Сохрабды кыялкеч өсрүпүм катары сүрөттөп жатышты
Үч апта өткөндөн кийин, анын үй-бүлөсүнө кабар келди – Сохрабды атып салышыптыр. Бирок анын кандай жагдайда кантип өлтүрүлгөнү тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

Адам укуктары боюнча эларалык өнөктүк деп аталган Ирандагы уюм Сохраб демонстрациядан жаракат алып, кийин өлтүрүлгөнбү же ошондо эле атылганбы – азырынча белгисиз бойдон калып жатканын билдирди. Андыктан Сохрабдын өлүмүн эларалык деңгээлде иликтеш керек деп жатышат.

"Ойдун туткунуна" алынгандар

Өспүрүмдүн өлүмү демонстрацияларда камакка алынгандардын, же ошондо жоголуп кеткендердин тагдыры тууралуу толгон-токой суроолорду жаратууда. Анткени алардан да дээрлик кабар жок.

Сотсуз камакка алынгандардын укугу боюнча иштеген Ирандагы укук коргоочу уюм ошо талаш-тартыштуу шайлоодон бери төрт миңден ашуун адам камакка алынганын айтат. Алардын айрымдары абактан бошотулганы, бирок көптөрү дале калып жатканы кабарланды. Абактагылардын арасында 41 журналист да бар.

Саясий себептер менен камалып, өткөн жумада эле абактан бошонгондордун бири биздин радиого азыр “Эвин” түрмөсүндө шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдиргени үчүн камалгандар толуп кеткен деди. Анын айтымында, түрмөдө ооругандар көп жана көп учурда тамак берилбей калат. Ал жерде көптөрдү жалган күнөөлөрдү мойнуна алдырыш үчүн түрдүү кыйноолорго алышат.

Ал аралыкта Нью-Йоркто Улуттар уюмунун имаратынын алдында бир нече ирандык журналисттер менен интеллектуалдар Иранда камалгандардын бошотулушун талап кылып, 22-июлдан тарта үч күндүк ачкачылык жарыялай тургандыгын билдиришти.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG