Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Хаменеи Обаманын сөзүн "акылдуу" деп кубаттады


Аятолла Али Хаменеи Эксперттердин Курултайында, Тегеран, 8-март 2012-жыл
Аятолла Али Хаменеи Эксперттердин Курултайында, Тегеран, 8-март 2012-жыл

Иран Ислам жумуриятынын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи АКШ президенти Барак Обаманын Иран менен согуш жөнүндө өтө эле көп “жалпы сөздөр” айтылып жатат деген комментарийин кубаттады. Хаменеи америкалык лидердин сөздөрүн “акылмандык” деп сыпаттады. “Азаттыктын” Вашингтондогу кабарчысы Голназ Эсфандияри ирандык аналитиктердин ой-пикирлерине кызыгып көрдү.

Бир нече күн мурун АКШ президенти Барак Обама Ирандын атомдук программасына байланыштуу ал өлкөгө сокку урулушу мүмкүн деген кептер соңку убакытта өтө эле көп айтылып жатканын сындаган таризде пикирин ортого салган болчу. Аятолла Али Хаменеинин расмий сайтында жарык көргөн маалыматка караганда, Ислам жумуриятынын диний көсөмү Эксперттердин Курултайында: “Эки күндөй мурун АКШ президенти Иран менен согуш жөнүндө ойлору жок деп айтканын уктук. Бул абдан жакшы. Бул абдан “акылдуу” сөздөр. Бул - калпыс көз караштардан арылуу”, - деди.

Аятолланын мындай сөздөрү АКШ жөнүндөгү демейдеги сынчыл риторикадан кыйла айырмаланып турат. Адатта Тегеран АКШны дүйнөдөгү бардык жамандыктар үчүн айыптап келет.

Хаменеи Иранды атомдук программадан баш тарттырууну көздөп Батыш киргизген санкциялардан майнап чыкпайт деп кошумчалады. “Обама санкциялар Иран элин чөгөлөтөт деп айтты. Мунун бардыгы жаңылыштык, - деген аятолла мындай иллюзиялар акыр аягында Американын өзүнө эле залака тийгизет деп эскертти.

Кээ бир аналитиктер Хаменеи Вашингтон менен келишимге даярдыгын кыйытып жаткан болушу мүмкүн деген пикирин айтышат. Башкалары болсо Ирандын турумунда жаңы бир белгилерди көрүшпөйт. Ошентсе да, айрым ишаралар жок эмес.

Тегеран атомдук программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына макул болду. Жана сүйлөшүүлөр үстөлүнө жаңы демилгелер менен отураарын жарыялады. Сүйлөшүүлөрдүн датасы жакыңкы күндөрү айтылмакчы.

Өткөн жумада Ирандын Жогорку соту АКШ жана Ирандын жараны, тыңчылык үчүн айыпталган деңиз аскерлеринин мурдагы офицерине чыгарылган өлүм жазасы жөнүндөгү өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра териштирүүнү буйруган.

2-мартта Хаменеи парламенттик шайлоо Иран душмандарына чоң сокку болоорун айткан. Шайлоодон кийин болсо АКШ Иран эли менен өкмөтүн бөлүп-жарууну көздөйт, бирок добуш берүүчүлөрдүн 65 проценттик катышуусу элдин өз жетекчилерине ишенээрин далилдейт деди.

Иран боюнча адис, Сиракуза университетинин саясий илимдер боюнча профессору Мерхзад Боружерди элдин шайлоого активдүү катышуусу жана Хаменеиге ыктаган талапкерлердин жеңиши руханий лидерге гана упай алып келди деген ою менен бөлүшөт:

- Шайлоо Хаменеи лагеринин ички сахнадагы жана АКШ, Израиль менен таймашындагы турумдарын күчтөндүрдү. Хаменеи Обаманын сөздөрүн комментарийлеп, сүйлөшүүлөрдү жандандыруу ниетин кыйытты.

Америкада жашаган социолог Хосейин Гхазян Хаменеинин сөздөрү позитивдүү угулганы менен, ал Иран буга чейин ээлеген позициясын өзгөртүүгө даяр эместигин ишара кылды деп эсептейт:

- Хаменеиден мындай сөздөрдү сейрек укса болот. Бирок анын салттуу дипломатиялык тил менен айтылган комментарйилерине этият мамиле жасоого тийишпиз. Хаменеи адатта мындай сүйлөбөйт.

Иран бийлиги тынчтык максаттарында пайдалануучу уранды байытуу укугунан баш тартпасын кайталап келатат. Жана Израилдин аскердик сокку жөнүндөгү эскертүүлөрүнө тиешелүү жооп кайтарылаарын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG