Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Иран эки америкалыкты бошоткону жатат


Иран айыптаган эки америкалык сотто. 6-февраль, 2011-жыл.
Иран айыптаган эки америкалык сотто. 6-февраль, 2011-жыл.

Иранда камалган америкалык эки жаран абактан бошотулчудай. Бул жаңылык кечээ белгилүү болду. Өткөн айда сегиз жылга эркинен ажыратылган эки жигитке кечирим берилип, алар эки күн ичинде абактан чыгарыларын Иран президенти Махмуд Ахмадинежад америкалык маалымат каражаттарына курган маегинде айткан.

Жош Фаттал жана Шейн Бауэр ысымдуу эки америкалык түрмөдөн чыгарыларын Ирандын президенти “Вашингтон Пост” гезитине жана Эн-Би-Си телеканалына өз-өзүнчө курган маегинде айткан.

Махмуд Ахмадинежад “Вашингтон Посттун” кабарчылары менен бир саатка созулган маегинде “мен алардын бошотулушун эки күндүн ичинде уюштурууга көмөктөшүп жатам, демек алар үйүнө кайта алат. Бул бир тараптуу гуманитардык кадам болот”, - деп айткан.

Гезит кабарчылары Ирандын президентинен ал Фаттал менен Бауэрдин ушул аптада бошотулушун камсыздай алар-албасын тактап сурашканда, “мен буга үмүттөнөм, мен муну жасайм”, - деп жооп берген. Бийликтин Иранда өкүм сүргөн системасы боюнча президенттин чечими диний лидерлер тарабынан жактырылуусу керек.

Масуд Шафие
Үч америкалык Иран-Ирак чек арасында 2009-жылдын июль айында камалышкан. Иран бийликтери аларды "тыңчылык кылган, өлкөнүн аймагына мыйзамсыз кирген" деп айыпташкан.

Америкалыктар болсо Ирактын түндүгүндөгү тоолордо саякаттап жүрүп, Ирандын чегине байкабастан өтүп кеткенин айтып келишкен.

Кармалгандар ичинен аялзатынын өкүлү Сара Шоурд былтыр сентябрда күрөө менен бошотулган. Иран тыңчы деп шектегени менен америкалыктар аларга коюлган айыптарды четке кагып, моюнга алышкан эмес.

Камакта калган эки америкалыктын жергиликтүү адвокаты Масуд Шафиенин “Азаттыкка” айтканына караганда, алар да абактан күрөө төккөн соң бошотулчудай:

- Мен бүгүн апелляциялык сотто болдум. Менин кардарларым абакта эки жылдан бери отургандыктан апелляциялык сот Фаттал жана Бауэр мырзаларды Сара Шоурд айым сыяктуу эле күрөө менен бошотууга макул болду. Албетте мен алардын үй-бүлөлөрүн бул жаңылык менен кабардар кылдым. Алар күрөө төлөгөндөн кийин койо берилет.

"Ассошейтед Пресс" агенттигинин маалыматына караганда, күрөөнүн өлчөмү эки америкалыктын ар бири үчүн 500 миң доллардан деп белгиленген. Ушундай эле суммадагы күрөө менен былтыр Сара Шоурд да койо берилген болчу.

АКШ Мамлекеттик департаменти Тегерандан келген жаңылыкты Швейцариянын ал жердеги элчилиги аркылуу тактоого аракеттенип жатканын билдирсе, мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон бул кабарды этияттык менен кубаттады:

- Иран өкмөтүнүн бүгүнкү айткандары көңүлүбүздү көтөрдү. Бирок мен мындан башка комментарий бербес элем. Биз албетте оң жыйынтык болот деп үмүттөнөбүз. Бул өкмөттүн чечими өңдөнөт.

Иран тыңчы деп шектегени менен америкалыктардын үчөө тең аларга коюлган айыптарды четке кагып, моюнга алышкан эмес. Жош Фаттал менен Шейн Бауэрди сегиз жылга эркинен ажыраткан сот жабык эшик артында жүргөн.
Менин кардарларым абакта эки жылдан бери отургандыктан апелляциялык сот Фаттал жана Бауэр мырзаларды Сара Шоурд айым сыяктуу эле күрөө менен бошотууга макул болду.

Колдоочуларынын ырастоосунда, аларды айыптоого негиз берген далилдер коомчулукка бир да жолу айтылган эмес жана чыгарылган өкүм күтүүсүз болду. Анткени өкүм жарыяланар алдында эле Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи “эки америкалыктын соту аягында алардын бошоосуна алып барат”, - деп оң комментарий берген эле.

Андыктан америкалыктардын соттолушу алардын иши Ирандын саясий чөйрөлөрү ортосунда бийлик үчүн ич ара күрөштүн маселесине айланып кеттиби деген жоромолдорду пайда кылган.

Жакынкы Чыгышта иштеп жүрүп, Ирактын тоолоруна саякатка барган эки америкалыктын АКШнын чалгын мекемесине эч тиешеси жоктугун президент Барак Обама да айткан.

Бул иш 1979-жылкы Ислам ыңкылабынан бери дипломатиялык мамилеси жок Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалууну күчөткөндөй болгон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG