Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18
Ормуз кысыгы аркылуу сүзүп бараткан кемелер. Сүрөт Мусандам жээгинен дрон менен тартылган.
Ормуз кысыгы аркылуу сүзүп бараткан кемелер. Сүрөт Мусандам жээгинен дрон менен тартылган.

Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү жаңы каттамга макулдук берген жок

АКШ жана Израилдин Иран менен согушу жалпы эле чөлкөмгө кандай таасир этүүдө? "Азаттык" радиосу кырдаалга кылдат көз салып, жаңылыктар менен катар аналитикалык материалдарга орун берүүдө.


23:58 1.3.2026

Иерусалимден анча алыс эмес жайгашкан Бейт-Шемеш шаарында көп кабаттуу турак жайга тийген ракетадан өлгөндөрдүн саны тогуз кишиге жетти. Ирандын аба соккуларынын көбүн Израил асманда токтотуп жатканы менен, жашоочуларга бардык чабуулдардын жолун тосуу мүмкүн эмес экени эскертилген.

Бейт-Шемештеги соккудан дагы 30дай киши жараат алганын, алардын экөөнүн абалы оор экенин израилдик куткаруучулар кабарлашты.

Жекшембиде Ирандын аба соккулары Катар, Бахрейндин баш калаалары Доха, Манаманы, Бириккен Араб Эмираттарынын ири шаары Дубайдагы айрым жайларды бутага алды.

23:57 1.3.2026

Израилдин Ирандын Илам провинциясындагы Мехран базасына жасаган соккусунан 22 жоокер мерт болду, дагы кеминде 21 киши жараат алып ооруканага жеткирилди.

Бул тууралуу жекшембиде Tasnim маалымат агенттиги кабарлады. Ага ылайык, “бомбалоо менен коштолгон” чабуулда Имам Хомейни аянтындагы Мехран чек ара бөлүгү бутага алынган.

Ал арада Израилде Ирандын ракеталык соккусунан алты адам набыт болуп, дагы 23 киши жараат алды. The Times of Israel басылмасы Тез жардам кызматына шилтеме кылып Бейт-Шемеш шаарына баллистикалык ракета кулаганын жазды.

Өлкөдөгү 9-канал ракета жер тамга түшкөнүн, “Едино Ахронот” басылмасы соккуга синагоганын жанындагы жай кабылганын кабарлады.

28-феврада Израил менен АКШ Иранга каршы биргелешкен операция баштаган. Тегеран жооп кайтарып, Израилге, Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү АКШнын аскердик базаларын, жайларын бутага алган.

18:08 1.3.2026

Иранда шиялардын таасирдүү диниятчысы Алиреза Арафи жогорку руханий лидердин милдетин аткара турган убактылуу кеңешке кирди. Бул тууралуу мамлекеттик ISNA агенттиги кабарлады. Аны көптөн бери аятолла Али Хаменеинин мураскери катары атап келишкен.

Ирандагы диний окуу жайлар тармагын башкарган Алиреза Арафи 67 жашта. Анын атасы Мохаммад Ибрагим Рухолла Хомейнинин (1902–1989) жакын досу, өзү 28-февралда өлтүрүлгөн Али Хаменеинин ишенимдүү өкүлү болгон. Арафи Конституцияны коргоо кеңешине жана жогорку лидерди шайлай турган Эксперттер кеңешине мүчө.

Израил менен АКШ биргелешкен аба соккуларын 28-февралда Иранга жасаган. Тегеран жооп кайтарып, АКШнын аскердик техника, кеме-учактары жайгашкан Бириккен Араб Эмирликтерин, Катар, Кувейт, Израил жана башка мамлекеттерди бутага алган. 86 жаштагы Хаменеи Тегеранга урулган соккуда өлгөн.

Анын өлүмүнө байланыштуу Иранда үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Орусиянын президенти Владимир Путин Хаменеинин өлүмүнөн улам Ирандын президенти менен элине көңүл айтканы Кремлдин сайтында жарыяланды.

Али Хаменеи өлтүрүлгөндөн кийин өлкөнү президент Масуд Пезешкиан, сот бийлигинин башчысы жана Конституцияны коргоо кеңешинин мүчөсүнөн турган топ убактылуу башкарары жарыяланган.

Иран: Аятолланын өлтүрүлүшү абалды өзгөртөбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00
17:49 1.3.2026

Ирандын расмий маалымат каражаттары 1-мартта Оманда порт жана анын жээктеринде мунай тарткан танкер аткыланганын жазышты.

Бул Иран америка-израил биргелешкен аскердик операциясына жооп кайтара баштагандан бери АКШ менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылып келаткан Оманга биринчи сокку.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG