Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:53
Израил ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа секторун  эки жыл бою аткылады. Каза болгондор 71 миңден ашуун адам экени кабарланган.
Израил ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа секторун эки жыл бою аткылады. Каза болгондор 71 миңден ашуун адам экени кабарланган.

Газа: ХАМАСтын өкүлдөрү АКШ менен макулдашканы кабарланды

АКШ жана Израилдин Иран менен согушу жалпы эле чөлкөмгө кандай таасир этүүдө? "Азаттык" радиосу кырдаалга кылдат көз салып, жаңылыктар менен катар аналитикалык материалдарга орун берүүдө.


13:08 31.7.2026

АКШ президенти Дональд Трамп 30-июлда анын администрациясы жаңыдан түзгөн Тынчтык кеңеши Газа секторундагы ХАМАСты жана башка куралдуу топторду толук куралсыздандыруу боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялады. Ал муну Израил аскерлеринин аймактан чыгышына жана жаңы палестин администрациясын түзүүгө жол ачышы мүмкүн болгон бурулуш окуя катары баалады.

Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүндөгү баракчасында бул келишимди «Газаны жаңы палестин өкмөтү башкаруусуна карай маанилүү кадам» деп атады. Анын айтымында, жаңы өкмөт Тынчтык кеңеши менен тыгыз кызматташат, ал эми Израил куралсыздандыруу процесси жыйынтыкталган сайын Газа секторунан аскерлерин чыгарат.

«Бул келишим Газаны акыры жаңы палестин өкмөтү башкаруусуна өткөрүү жолундагы өтө маанилүү кадам болуп саналат. Ал өкмөт Тынчтык кеңеши менен тыгыз иш алып барат», — деп жазды Трамп.

Ал ошондой эле Газа мындан ары Израилге каршы чабуулдар үчүн плацдарм катары колдонулбай турганын белгиледи.

Эгер бул сунуш ишке ашса, согуштан кийинки Газа секторун башкаруу системасын өзгөртүү аракеттеринде олуттуу бурулуш жаралышы мүмкүн.

Кошмо Штаттар жана Евробиримдик террордук деп жарыялаган ХАМАСтын жооптуу өкүлдөрү АКШ менен макулдашуу жетишилгенин ырасташты.

Аймактагы чыңалууну мындан ары азайтуунун негизги шарты катары ХАМАСтын куралсыздануусун талап кылып келген Израил азырынча комментарий бере элек.

Палестинанын ХАМАС тобу быйыл 6-июлда Газа тилкесин башкарып келген өзгөчө кырдаалдар өкмөттүк комитети жоюлганын жарыялаган. Анклавды административдик жактан көзөмөлдөө укугу жаңы улуттук комитетке өтөрү маалымдалган.

2023-жылы 7-октябрда бир күндө кеминде 1197 кишиси өлтүрүлүп, дагы 251и барымтада калган кандуу кол салуудан кийин Израил Газа секторунда ХАМАСка, Ливанда "Хезболлага" жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согуш баштаган. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. Ошондон бери Израил аталган топтордун башчыларынын дээрлик көпчүлүгүн жок кылды. Газада, жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, эки жылда 71 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

14:40 17.7.2026

Америкалык аскерлер Ирандын объектилерине чабуулдарын күчөтүп, негизги көпүрөлөргө, темир жолдорго жана аэропортко сокку урганы кабарланууда. Бул, Ак үйдүн сүйлөшүүлөр уланып жана дипломатия ылайыктуу вариант бойдон калып жатканы тууралуу билдирүүлөрүнө карабастан, Тегерандын жооп кайтаруусуна алып келди.

Иран убактысы боюнча саат 21:30да "Америкалык күчтөр Иранга алтынчы түнү да катары менен жаңы соккуларан баштады, максаты ирандык аскердик кубаттуулукту андан ары алсыздандыруу", - деп АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 16-июлдагы маалыматында билдирди.

Бир нече сааттан кийин АКШнын Борбордук командачылыгы миссия "ийгиликтүү" аяктаганын жана "ондогон" ирандык аскердик объектилерге сокку урулганын кабарлады.

"Америкалык аскерлер, анын ичинде кыргын салуучу учактар, учкучсуз учактар жана аскердик кемелер Ирандын жээк күзөтү жана абадан коргонуу объектилерине, аскердик-логистикалык инфраструктурасына жана деңиз объектилерине жогорку тактыктагы ок-дарыларды колдонушту", - деп айтылды билдирүүдө. Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт "акыркы күндөрү жасалган соккулардын себеби Ирандын биз менен түзгөн өз ара түшүнүшүү меморандумун бузганы болду" деди.

Ирандын мамлекеттик Press TV телеканалы жарандык объектилер зыянга учураганын, мисалы, Хормозган провинциясында үч көпүрө жарактан чыкканын кабарлады.

Кувейт, Бахрейн жана Катар 17-июлга караган түнү ракета жана дрон соккулары болгонун билдиришти. Маалыматтарга караганда, бул чабуулдар АКШ Ирандын түштүгүндөгү объектилерди алты күндөн бери аткылап жатканына карата Тегерандын жообу болушу мүмкүн.

АКШ менен Иран 17-июнда согушту токтотуу жана Ормуз кысыгындагы блокаданы алып салуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Бирок 25-июнда ирандык жанкечти дрон Ормуз кысыгы аркылуу өтүп бара жаткан жарандык танкерге чабуул жасаган. Буга жооп катары АКШ Ирандын аймагына бир нече сокку урган.

8-июлда Анкарада өткөн НАТО саммитинде сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум мындан ары күчүндө эмес экенин билдирген.

Ал эми 13-июлда АКШ Ормуз кысыгын өз көзөмөлүнө алганын айткан. Кийинчерээк Трамп Тегеран кепке келбесе, Ирандагы электр станцияларына жана көпүрөлөргө чабуул коюлушу мүмкүн экенин эскерткен.

АКШ Иран өзүнүн өзөктүк программасын чектеши керек деп эсептейт, Иран бийлиги болсо бул программасы жай турмуш максаттарын көздөгөнүн кайталап келет.

11:45 16.7.2026

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы аба соккулары ал «жетишет» деп айтканга чейин улана турганын билдирди. Ошол эле учурда Тегеран менен Вашингтон Ормуз кысыгын көзөмөлдөө үчүн күрөштө бири-бирине каршы чабуулдарын күчөтүүдө. Бириккен Улуттар Уюму бул кырдаал аймактагы жайкын тургундар үчүн «өтө чоң сокку» болуп жатканын белгиледи.

14-июлда Fox News телеканалына курган маегинде Трамп ошол күнү Тегеран менен сүйлөшүүлөр өткөнүн айтып, Иран жетекчилигин согушту токтото турган келишимге макул болууга дагы бир жолу чакырган.

АКШнын соккулары канча убакытка чейин уланары тууралуу суроого Трамп:

«Мен "жетишет" деп айтканга чейин улана берет», — деп жооп берди.

Ошондой эле ал Тегеран мунасага келбесе америкалык аскерлер сокку урушу мүмкүн болгон объектилердин тизмеси кеңейтилерин эскертти.

«Кийинки жумада алардын абалы кыйла начарлайт, анткени электр станцияларына байланыштуу иштер башталат. Кийинки жумада көпүрөлөр боюнча да иштер башталат», — деди Трамп.

«Эгер алар сүйлөшүүгө отурушпаса, биз алардын бардык электр станцияларын иштен чыгарабыз. Биз алардын бардык көпүрөлөрүн да иштен чыгарабыз», — деп кошумчалады АКШ президенти.

Ал тапта шаршембиде да АКШ Ирандагы аскердик жана инфраструктуралык объектилерге эки ирет сокку уруп, ошондой эле Перс булуңундагы танкерге чабуул жасады. Тегеран жооп катары Бахрейн менен Кувейттеги америкалык базаларды аткылады.

Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрдүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Иранга эки жолу чабуул коюлганын 16-июлда билдирди.

Биринчисинде Ормуз кысыгынын жээгинде жайгашкан Сирик порттук аймагындагы объектилерге чабуул коюлганы айтылды. Мындан тышкары, Ирандын Mehr агенттигинин маалыматына караганда, Бендер-Аббас ири портуна үч жолу абадан сокку урулду. Ал эми Кешм аралынын аймагында балык унун өндүргөн завод зыянга учурады.

Иран агенттиктеринин маалыматына караганда, Хузестан провинциясындагы Ахваз шаарында, Систан жана Белужистан провинциясындагы Раск шаарында жана Кенарак портунда жарылуу болуп, айрым объектилер бутага алынган.

Ал эми чабуулдардын экинчи толкунунда америкалык аскерлер, CENTCOM билдиргендей, Ирандын командалык пункттарына, аба соккуларынан коргонуу объектилерине, ракета жана учкучсуз системаларына, ошондой эле жээктеги байкоо объектилерине чабуул койду. Маалыматка ылайык, бул аракет соода кемелерине Ирандын коркунуч жаратуу мүмкүнчүлүгүн мындан ары да алсыратууга багытталган.

Жайкын тургундар арасында каза болгондор же жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.

Ошондой эле АКШнын Куралдуу күчтөрү Перс булуңундагы ирандык портко бет алган бош мунай танкерине сокку урганы кабарланды. Америкалык тараптын маалыматы боюнча, Кюрасаонун желеги алдында сүзүп бара жаткан M/T Belma аттуу кеме Харк аралын көздөй бет алган. Танкер эскертүүлөргө баш ийбей койгондон кийин америкалык аскердик учак аны ракета менен атып, кемени жараксыз абалга келтирген.

АКШ Ирандын портторуна багыт алган же андан чыгып жаткан кемелерге каршы деңиз блокадасын 14-июлда кайра киргизген. Борбордук командачылыктын маалыматына ылайык, чектөөлөрдүн алгачкы суткасында эки коммерциялык кеме багытын өзгөртүүгө мажбур болуп, дагы бир кемеге карата чара көрүлгөн.

Иран буга жооп кылып Бахрейндеги менен Кувейттеги америкалык аскердик базаларга сокку урду. Ирандын IRIB басылмасынын маалыматына караганда, Бахрейндеги АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Бешинчи флотунун штаб-квартирасынын аймагында кеминде он жарылуу болду. Ал эми Mehr агенттиги Кувейттеги америкалык базада да жарылуулар катталганын жазды.

Америкалык базаларга жасалган чабуулдардан улам Сауд Арабиясы менен Иордания өз аба мейкиндигин жарым-жартылай жапты.

Ошондой эле ирандык маалымат каражаттары Ислам революциясынын сакчылар корпусунун абадан коргонуу күчтөрү америкалык MQ-9 үлгүсүндөгү учкучсуз учакты атып түшүргөнүн кабарлашты.

19:07 1.7.2026

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади АКШ менен кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумунда белгиленген шарттардын аткарылышына байкоо салуу үчүн жумуш топтору түзүлгөнүн билдирди. Дохада америкалык расмий адамдар менен түз эмес жолугушууларга катышкан дипломаттын айтымында, ал топтор тынчтык келишиминин долбоорун талкуулашат.

Гарибабади тараптар ошол форматтагы алгачкы сүйлөшүүлөрдүн убактысын жана жерин аныктоо боюнча арачылар аркылуу консультацияларды жүргүзүп жатканын, зарыл болгон шарттар аткарылганда кездешүүлөр башталарын кошумчалады.

ISNA кабар агенттигинин маалыматы боюнча, Дохадагы жолугушуудан кийин Иран, Катар жана Пакистандын делегация башчылары өзүнчө жыйын куруп, убактылуу макулдашууну ишке ашыруу жараянын талкуулашты.

Ирандык расмий өкүлдөр буга чейин Дохада тикелей сүйлөшүүлөр болбойт, америкалык чабармандар Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен кездешүүлөр пландалган эмес деп белгилешкен.

Вашингтондун делегациясы шейшембиде Катардын өкмөт башчысы жана тышкы иштер министри шейх Мохаммед бин Абдулрахман ал-Тани менен жолугушту.

Маалыматка караганда, жыйында АКШ менен Иран ортосундагы диалогдун айланасында кеп болду.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG