НАТО Ирандын Түркияга ракета атканын айыптады. Анын алдында Анкара өзүнүн аба мейкиндигине учуп бараткан дүрмөттү альянстын абадан коргоо системасы атып түшүргөнүн билдирген. Бул тууралуу Рейтер жана АФП агенттиктери жазды.
Түркиянын Коргоо министрлиги 4-мартта маалымдагандай, Ирандан атылган баллистикалык ракета Ирак жана Сириянын аба мейкиндигинен өтүп, НАТОнун Жер ортолук деңизинин чыгыш тарабында жайгашкан күчтөрү тарабынан зыянсыздандырылган.
Ракета бутага жетпей кулап, сыныктары Хатай чөлкөмүндөгү Дөртйол районуна түшкөнү, эч ким жабыркабаганы кабарланды.
Түркия Тегеранга жаңжалдын курчушуна алып келчү аракеттерден оолак болууну эскертти. Тышкы иштер министри Хакан Фидан Ирандын башкы дипломаты Аббас Аракчи менен телефондон сүйлөшүүсүндө “жаңжалдын жайылып кетишине өбөлгө түзгөн кадамдарга жеткирбөөнү” эскертти. Бул тууралуу түрк тышкы саясий мекемесиндеги булак маалымдады.
НАТОнун басма сөз катчысы Эллисон Харт аскердик блок “өнөктөштөрдү, анын катарында Түркияны бекем коргорун” жана Иран региондогу соккуларын улантып жаткан маалда альянстын туруштук берүү жана коргонуу дарамети күчтүү экенин белгиледи.
Тегеранга каршы чабуулдардын жаңы толкунун баштаганын Израил армиясы 4-мартта жарыялады.
Ошону менен катар Ирандын жаңылыктар каналдары борбор калаанын бир нече районунда, анын ичинде Тегерандын чыгыш жана түндүк-чыгышында бир катар жарылуу болгонун кабарлашты.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары бул чабуулдар тууралуу кабарлаган жок.
Бул өлкөдө интернет кайрадан чектелгендиктен бутага алынган жерлер тууралуу маалыматты тактоо мүмкүн эмес.
Израилдин бир нече аймагында бүгүн 4-мартта да ракеталык чабуул тууралуу эскертүү берилүүдө.
Иерусалимдин үстү тартылган видеолордон ракеталар атып түшүрүлгөнүн көрүүгө болот.
Израилдин өзгөчө кырдаалдар кызматы ракеталык сокку же курмандыктар тууралуу эч кандай маалымат түшпөгөнүн билдирди.
Адам укуктары боюнча Human Rights Activist News Agency (HRANA) эл аралык агенттиги 3-мартта жарыялаган маалыматында соңку 24 саат ичинде Ирандын 19 провинциясында кеминде 104 жерге сокку урулганын, 31 адам каза болгонун билдирди.
Каза болгондордун 15и, мониторинг тобунун маалыматы боюнча, жайкын тургун, 12си аскер кызматкери, калгандары ким экени тактала элек.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы 28-февралда баштаган азыркы аскердик операциясынан бери, аталган агенттиктин эсебинде, кеминде 1097 жайкын тургундун өлүмү тастыкталды, дагы 5402 адам жараат алды. HRANA Ирандын аскердик базаларына, медициналык мекемелерине жана турак жайларга зыян келтирген соккулар тууралуу да кабарлады.
Шерине