Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:06
Сенаттагы азчылык лидери, демократ Чак Шумер пресс-конференцияда. 2026-жылдын 23-июну.
Сенаттагы азчылык лидери, демократ Чак Шумер пресс-конференцияда. 2026-жылдын 23-июну.

Түз ободо "Жөнсүз жана маанисиз". Трамп Конгресстин Иран боюнча резолюциясын сындады

АКШ жана Израилдин Иран менен согушу жалпы эле чөлкөмгө кандай таасир этүүдө? "Азаттык" радиосу кырдаалга кылдат көз салып, жаңылыктар менен катар аналитикалык материалдарга орун берүүдө.


10:27 7.3.2026

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани АКШ менен Израилдин бир жума мурун башталган операциясынын соккуларынан Иранда кеминде 1332 жайкын тургун каза болгонун билдирди.

Иравани Ирандын Кызыл Ай коомунун маалыматына таянып билдиргендей, каза болгондордун арасында аялдар жана балдар бар.

"Дагы миңдеген адамдар жаракат алышты жана жабыркагандардын саны өсүүдө", - деген дипломат мектептер, ооруканалар жана башка жарандык инфраструктура атайылап бутага алынганын кошумчалады.

АКШ менен Израил жай тургундарга же жарандык инфраструктурага сокку урулганын четке кагып келет.

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү 20дан ашык мектепке жана 13 медициналык мекемеге кол салынганын билдирди. Ал ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттерди АКШнын жана Израилдин "агрессиясын айыптоого" чакырды.

10:22 7.3.2026

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын 32 кемеси океандын түбүндө жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Ак үйдө спортчу студенттер менен жолугушуу учурунда айтты.

Иран боюнча суроолорго жооп берип жатып ал АКШнын аскерлери бир жумадан берки операцияда "фантастикалык" көрсөткүчтөргө жетишип жатканын, Иран армиясы "жок кылынганын" жарыялады.

"Алардын флоту жок кылынды. Алардын байланыштары жок кылынды. Алардын лидерлеринин эки тобу жок кылынды. Үчүнчү топ гана калды. Айрым күчтөр толугу менен жок кылынды", - деди ал.

"Алардын 32 кемеси бар. 32 кеменин баары океандын түбүндө", - деп кошумчалады Трамп.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) бир жумадан бери уланып келаткан АКШ менен Израилдин операциясында 43 ирандык кеме бузулганын же жок кылынганын буга чейин билдирген.

10:00 7.3.2026

Израилдин коргонуу армиясы Ирандын борборун кайрадан бутага алып, соккулардын жаңы толкунун баштаганын 7-мартта жарыялады.

"Израилдин коргонуу күчтөрү (ЦАХАЛ) Тегерандагы Ирандын террористтик режиминин инфраструктурасына каршы ири масштабдуу сокку уруу толкунун баштады", - деп айтылды билдирүүдө.

Би-Би-Си өзүнүн перс кызматындагы кабарчыларынын маалыматына таянып Тегеранда кайрадан жарылуулар угулуп жатканын жазды.

Буга чейин Израил аскерлери Ирандан атылган ракеталар аныкталганын билдирген.

"Абадан коргонуу системалары коркунучту токтотуу үчүн иштеп жатат", - деп билдиришти аскерлер.

09:56 7.3.2026

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Мажид Тахт-Раванчи эгерде Европа Биримдигинин кайсы бир өлкөсү АКШ менен Израилге кошулуп Иранга сокку урса, алар Иран үчүн мыйзамдуу бутага айланарын билдирди.

"Иранга каршы агрессияга кошулган, Америка жана Израил менен биригип, Иранга каршы агрессияга кошулган кайсы гана өлкө болбосун, сөзсүз түрдө Ирандын жооп кайтаруу аракеттеринин мыйзамдуу бутасы болуп калат", - деп Рейтер агенттиги 7-мартта Тахт-Раванчынын айткандарын келтирди.

Рейтер маалымат агенттиги Европанын көпчүлүк өлкөлөрү аймактагы аскердик аракеттерди токтотууну жана сүйлөшүүлөргө кайтуу чакырыктарын айтып жатканын да белгиледи.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG