Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:28

Түз ободо Ливан менен Израил жаңы сүйлөшүүлөрдү баштайт

АКШ жана Израилдин Иран менен согушу жалпы эле чөлкөмгө кандай таасир этүүдө? "Азаттык" радиосу кырдаалга кылдат көз салып, жаңылыктар менен катар аналитикалык материалдарга орун берүүдө.


15:35 11.6.2026

Ирандын айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын 11-июндагы билдирүүлөрүнө караганда, эртең менен айрым аймактарда жарылуу болду, бирок бул маалымат расмий тастыктала элек. Жарылуу Сирик, Бандар-Аббас, Кешм аймактарында, Харк аралында угулганы кабарланууда.

Ошондой эле борбор калаа Тегерандын айланасындагы Абъек, Карчак, Минаб, Назарабад, Кереж шаарлары, мындан башка да аймактар, Шираз, Эштехард да аталууда.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун маалымат кызматы 11-июнда тараткан кабарда Кереж менен Назарабаддын жанында, Тегерандын батыш жагындагы Алборз провинциясында аскердик казармалардын аймагы, өнөр жай комплекси, борбор калаанын түштүк-чыгышындагы Пишва уездиндеги база бутага алынганын маалымдады.

АКШнын Борбордук командачылыгынын 11-июндагы билдирүүсүндө Ирандын аскердик байкоо жүргүзүү каражаттарына чабуул коюлганы маалымдалды. Ошондой эле байланыш системалары, өлкөнүн жалпы аймагындагы абадан жасалуучу соккулардан коргонуу объектилерине да сокку урулганы айтылды.

Кошмо Штаттар Иранга катары менен экинчи түнү сокку урду. WSJ билдиргендей, соккулар инфраструктурага эмес, аскердик объектилерге гана багытталган. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу чабуулдардын эки толкуну менен жооп кайтарды.

Биринчисинде ирандык аскерлер 18 объектиге, анын ичинде Кувейттеги эки америкалык базага сокку урганы айтылган. Экинчи чабуулда Иран Иорданиядагы ал-Азрак аскердик базасына 12 баллистикалык ракета учурган.

Иран кыргын салуучу F35, F15, F16 учактары жана мындай учактар жайгашкан бир топ жерди "жок кылганын" билдирди.

Бул билдирүүлөрдү көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Кувейт 11-июнда эртең менен аба мейкиндигин жаап, бир катар учак каттамдарын башка аэропортторго багыттады.

АКШ президенти Дональд Трамп 10-июнда Fox News каналына курган маегинде ирандык жогорку кызматтагы аткаминерлер ага бомбалоону токтотууну суранып чалышканын айткан. Трамп эгер Тегеран жакынкы арада тынчтык келишимине кол койбосо АКШ эскалацияга даяр экендигин эскертип, Иранды "жер менен жексен кылышы" ыктымал экенин айтып коркуткан.

Пентагондун башчысы Пит Хегсет "президент Трамп күткөн келишимдин түзүлүшүн камсыз кылуу шарттарын түзүүгө даяр" экенин айтып, Иранга каршы соккулар ошону "камсыз кылууга багытталган" деп билдирди.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи 10-июнда X социалдык тармагында Тегеран "эч бир кол салууну же коркутууну жоопсуз калтырбайт" деп билдирген. "Эгер коопсуз болгуңар келсе биздин аймактан кеткиле", - деп жазган ал.

10:05 11.6.2026

АКШнын аскерлери 10-июндун кечинде Ирандын аймагына кайрадан сокку урду. Бул тууралуу Американын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдирди.

"АКШнын Борбордук командачылыгынын күчтөрү коргонуу максатында Ирандагы бир нече бутага башкы командачынын буйругу менен кошумча соккуларды ура баштады. Бул чабуулдар Ирандын негизсиз жана уланып жаткан агрессиясына жооп, — деп жазылган маалыматта.

Соккулар Американын президенти Дональд Трамп Тегеранды үч айдан ашкан согушту токтотууга багытталган келишимге келбесе, "катуу зыян тартарын" эскерткенден бир нече саат өткөндөн кийин болду.

Бир күн мурда АКШ Apache тик учагынын кыйрашына жооп кылып Иранга коргонуу максатында сокку урганын жарыялаган. Анын алдында президент Дональд Трамп Вашингтон тик учактын атып түшүрүлгөнүнө жооп кайтарууга аргасыз болорун билдирген.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Ирандын бери дегенде алты районунда жардыруулар болгонун жазып чыгышты.

Axios өз булактарына шилтеме кылып, буталардын баары Ирандын түштүгүндө жайгашканын, абадан коргонуу, радар системалары, дрондорду башкаруу бөлүктөрү соккуга кабылганын жазды.

CENTCOM кийинчерээк Иранга соккулар аяктаганын жарыялады. Тегеран буга жооп кылып Американын Бахрейн жана Кувейттеги базаларына сокку урганын маалымдады.

Сөз болгон базалар бир күн мурда да бутага алынган.

17:53 10.6.2026

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын армиясы "толугу менен жеңилгенин" айтып, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу күчөп бараткан шартта Тегеранды Вашингтон менен "сүйлөшүүгө өтө көп убакыт коротууда" деп сындады жана мунун "кунун төлөш керек болорун" эскертти.

10-июнда Truth Social социалдык түйүнүнө жазган постунда Трамп Ирандын армиясын "толук жана таптакыр башаламан" деп атап, өлкөнүн деңиз жана аба күчтөрүнүн көпчүлүгү "жок" деп билдирди. Ошондой эле ал Иранды "айта эле берет, бирок эч аракет көрбөйт" деп айыптады.

Анын алдында АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдирүү таратып, 9-июндун кечинде жана 10-июнга караган түнү америкалык аскерлер "өзүн коргоо максатында" жана тик учак үчүн жооп иретинде Иранга сокку урганын билдирген. Бир күн мурда Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык AH-64 Apache согуштук тик учагы атып түшүрүлгөн. Эки учкучу тең аман-эсен эвакуация болгону айтылган.

Соккулар Ормуз кысыгына жакын жердеги Ирандын абадан коргонуу системаларына, жердеги башкаруу пункттарына жана байкоочу радар станцияларына багытталган.

Ирандын армиясы жана Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) бул чабуулга жооп иретинде АКШнын аймактагы базаларына жана Бахрейндеги АКШнын Аскер-деңиз флотунун бешинчи флотунун радар системаларына сокку урганын 10-июнда билдиришти. Иран бийлигине байланыштуу Fars агенттиги жазгандай, соккулар Кувейттин ал-Жахра провинциясындагы америкалык базага жана Иорданиядагы америкалык F-35 учактары жайгашкан жерине да урулган.

Axios басылмасы америкалык аткаминерге шилтеме берип, Иран Бахрейн, Кувейт жана Иорданиядагы АКШ базаларына кеминде төрт баллистикалык ракета жана бир нече дрон учурганын жазды.

АКШнын өкүлү Reuters агенттигине Иран учурган ракеталардын жана дрондордун "дээрлик бардыгы" кармалып, жок кылынганын айтты.

Апрель айынын башында кабыл алынган атышпоо келишимине карабастан бул маселеде прогресс азырынча толук байкала элек болууда. 9-июнда эртең менен Трамп тараптар узак мөөнөттүү тынчтык келишимине жетишүүгө жакындап калганын айткан эле. Ал өзөктүк куралдын болушуна жол бербөөгө шарт түзө алгыдай абдан жакшы келишимди даярдоонун акыркы этабы жакын экенин билдирген.

16:57 8.6.2026

Израилдин армиясы 8-июнга караган түнү Ирандагы мунай-химиялык заводуна жана аскердик жайларга сокку урду.

Мунун алдында 7-июнда Иран Израилге баллистикалык ракеталарды учуруп, муну Бейруттагы "Хезболла" тобунун объектилирине карата Израилдин чабуулуна жооп деп атаган.

8-июнда эртең менен Иран жана анын өнөктөшү - йемендик хусилердин "Ансар Алла" тобу Израилге кайрадан чабуул койду.

АКШ менен Иран элдешүүнү макулдашкан апрелдин башынан бери конфликт кайра чыңала баштады. Тараптар макулдашуудан кийин бири-бирине сокку уруудан карманып жаткан.

Ирандын Хузестан провинциясындагы аскердик жайлар менен мунай-химиялык завод бутага алынганын Израилдин армиясы ырастады.

Иран ушундан кийин Израилдин аймагына кайра сокку урганын, бутага аскердик базалар да алынганын жарыялады.

ЦАХАЛ ракеталардын баары кармалганын, зыян келтирилбегенин билдирүүдө.

Хусилер болсо Кызыл деңизде Израил менен байланышы бар кемелердин кыймылын токтоторун эскертти.

Маалыматтарга караганда, Йемендин аймагынан бир ракета атылып, ал кармалды. Хусилер Йемендин түндүк райондору менен башкалаа Сананы көзөмөлдөйт.

Израилде түндө жана эртең менен бир нече жолу чабуулдар тууралуу эскертүү жарыяланды. Жабыркагандар жана жараат алгандар тууралуу маалымат түшкөн жок. Бен-Гурион аэропорту ишин улантып жатат.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG