Израил жана Ливан 26-июнда Вашингтондо Америка Кошмо Штаттарынын ортомчулугу менен келишимге кол коюшту. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бул документ эки өлкөнүн ортосунда "туруктуу тынчтык жана коопсуздук үчүн негиз түзүү" максатын көздөй турганын айтты.
Axios басылмасы израилдик жана америкалык расмий адамдарга шилтеме кылып жазгандай, алкактык келишимде Израилдин коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) бөлүктөрү Ливандын түштүгүндөгү Литани дарыясынын түндүгүндө жана түштүгүндө жайгашкан эки чакан райондон чыгарылышы керектиги жазылды. Ал жерлер "пилоттук долбоор" катары ливан армиясына өткөрүлүп берилет, АКШ армиясы "Хезболла" радикал тобунун согушкерлери жолобогудай кылып көзөмөл жүргүзүп турат.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ЦАХАЛ аскерлери Ливандын түштүгүндөгү өздөрү түзгөн "коопсуздук зонасынан" "Хезболла" куралсызданмайынча жана Израил мамлекетине коркунуч токтомоюнча кетпей турганын билдирди. Келишимди ал Тегерандын позицияларына "олуттуу сокку" деп атады.
Ливандын президенти Жозеф Аун келишимди ливандыктардын "толугу менен бошотулган жерине жана сөзсүз калыбына келтириле турган үйлөрүнө" кайтып келишине мүмкүндүк берүүчү "биринчи кадам" деп баалады.
"Ливан өз жерин жана өз элинин суверендүүлүгүн эч ким менен бөлүшпөйт", - деди ал.
Иран колдогон "Хезболла" кыймылы Ливандын түштүгүнүн чоң бөлүгүн көзөмөлдөйт. АКШ бул уюмду террордук деп эсептейт. Ал эми Евробиримдик анын куралдуу канатын террордук уюмдардын тизмесине киргизген, бирок саясий канатына мындай макам берген эмес.
Расмий дипломатиялык алакасы жок Израил менен Ливан 1948-жылдан бери формалдуу түрдө бири-бирине каршы согуш абалында жашап келишет.
Иран Оман сунуштаган Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү жаңы каттамга макулдук берген жок
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) билдиргендей, кемелер Ормуз кысыгынан Тегеран белгилеген маршрут боюнча гана коопсуз өтүшү мүмкүн. "Иран менен макулдашылбаган башка каттам кабыл алынгыс жана коопсуздукка коркунуч жаратат", - деген Сакчылар корпусу.
IRGC мурда да кысыктан Иран менен алдын ала макулдашпай өтүүгө аракет кылган кемелерге көзөмөл күчөй турганын билдирген.
24-июнда Оман Ормуз кысыгы аркылуу өтүү үчүн кемелерге арналган убактылуу жаңы маршрут сунуштаган. Айрым маалыматтарга караганда, бул маршрут аркылуу бир катар кемелерди өткөрүүгө Америка Кошмо Штаттары көмүскө жардам бериши мүмкүн.
Буга чейин Иран өзү дагы башка маршрутту белгилеп, аны Ормуз кысыгы аркылуу өтүүнүн жалгыз коопсуз жолу деп жарыялаган.
АКШ өкмөтү Ирандагы согушка жана Эболага байланыштуу Конгресстен кошумча 88 млрд доллар сурады
АКШ өкмөтү Конгресстен кошумча дээрлик 88 миллиард доллар бөлүүнү өтүндү. Ак үйдүн сайтындагы билдирүүгө ылайык, бул каражаттын негизги бөлүгү Ирандагы согушка жана Африкадагы Эбола вирусунун жайылышына байланыштуу "чукул муктаждыктарды" каржылоого жумшалат.
Сумманын 67 миллиард доллардан ашыгы аскердик чыгымдарга керектелет. Анын ичинен 21 миллиард доллар Пентагонго суралууда. Бул каражат АКШнын Коргоо министрлиги колдонгон ок-дарынын корун толуктоого, аскердик өнөр жайды чыңдоого жана маанилүү аскердик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө жумшалмакчы.
АКШ президенти Дональд Трамп Конгрессти 23-июнда Иран менен согушту токтотууга багытталган "аскердик ыйгарым укуктар" жөнүндө резолюция кабыл алганы үчүн сынга алды.
Социалдык тармактардагы билдирүүсүндө Трамп муну "азыркы учур үчүн жөнсүз жана маанисиз" деп атады.
Алгач Өкүлдөр палатасы кабыл алган, кийин Сенатта да колдоо тапкан резолюция президентти АКШ аскерлерин Иран менен кагылышуу аймагынан чыгарып кетүүгө милдеттендирет.
"Бул сенаторлор менин ишимди татаалдатышты, бирок мен дагы деле ийгиликке жете алам, анткени мен ар дайым өз максатымды ишке ашырам!" - деп нааразы болду Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында.
Ал "Иран бизге каалаган нерсенин баарын берүүгө даяр" болуп, Америка Кошмо Штаттарына жана өзүнө "терең урматын билдирип жаткан чакта" Сенат "азыркы учур үчүн жөнсүз жана маанисиз добуш берүү жүрүзүп, дүйнөдөгү терроризмдин башкы демөөрчүсүнө АКШда менин аракетимди жактырышпайт жана мен токтоп калышып керек дегенди көрсөткүсү келип жатканын" жазды.
Бул резолюция Трампка кол коюу үчүн сунушталбайт, ошондуктан юридикалык жактан алып караганда символикалык гана мүнөзгө ээ.
Резолюция боюнча добуш берүү демилгесин көтөргөн демократ сенаторлордун пикиринде, АКШнын Конгресси анын макулдугусуз согушту жандандыруу мүмкүн эмес экенин ачык билдириши керек болчу.
Акыркы айларда демократ сенаторлор Иран менен согушту токтотуу боюнча мыйзам долбоорлорун бир нече жолу добушка коюшкан, бирок республикачылардын каршылыгынан улам ишке ашпай калган.
Шерине