Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31
Марко Рубио
Марко Рубио

Рубио АКШ тынчтык планы боюнча Ирандан “олуттуу сунуш” күтүп жатканын айтты

АКШ жана Израилдин Иран менен согушу жалпы эле чөлкөмгө кандай таасир этүүдө? "Азаттык" радиосу кырдаалга кылдат көз салып, жаңылыктар менен катар аналитикалык материалдарга орун берүүдө.

Көңүл чордонунда:

  • 7-майда АКШнын Башкы башкармалыгы билдиргендей, Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында АКШнын аскер-деңиз кемелерине ракета, дрон жана чакан кайыктар менен чабуул койгондон кийин, Ирандын бир катар аскердик объектилерине сокку урду.
  • Ошол эле күнү БУУнун Эл аралык деңиз уюмунун башчысы билдиргендей, Иран Ормуз кысыгын блокадага алгандан кийин Перс булуңунда 1500дөй кеме жана алардын экипаждары камалып калган.
  • Иран акыркы АКШ сунушун карап жатканын билдирди. Айрым булактардын айтымында, бул сунуш согушту токтотууга багытталган, бирок бир катар негизги маселелер дагы эле ачык бойдон калууда.
16:34 28.2.2026
Кая Каллас
Кая Каллас

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Кая Каллас АКШ менен Израилдин Иранга каршы аба соккуларын баштоосу жана Тегерандын Жакынкы Чыгыштагы аймактарды бутага алып, жооп кайтаруусу "кооптуу" экенин айтты.

Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө ал Еврошаркет "дипломатиялык жолдорду караштыруу максатында араб өнөктөштөрү менен тыгыз байланышта иштеп жатканын" белгиледи.

"Жайкын тургундарды коргоо жана эл аралык гуманитардык укук артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Биздин консулдук түйүн Европа Биримдигинин жарандарынын чыгып кетишин жеңилдетүү менен толук алектенет. Европа Биримдигинин бул аймактагы анча көп эмес сандагы кызматкерлери чыгарылып жатат", - деп билдирди Каллас.

16:55 28.2.2026

Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги Иорданиядагы Мукаф ас-Салти аба базасында жарылуу болгонун билдирди.

Агенттик бул базаны "Америкалык логистиканын борбору" жана аймактагы "АКШнын аймактагы эң маанилүү аскердик жайларынын бири" деп атады.

Анын алдында Иран Перс булуңундагы америкалык базаларга сокку урганын Fars маалымат агенттиги Ислам революциясынын сакчылар корпусуна таянып билдирген.

"Ирандын ракеталык соккулары Катардагы ал-Удейд аба базасына, Кувейттеги Али ал-Салем аба базасына, Бириккен Араб Эмирликтериндеги ал-Дафра аба базасына жана Бахрейндеги АКШнын деңиз флотунун Бешинчи флотунун базасына багытталды", - деп айтылды билдирүүдө.

Reuters агенттиги Катардын борбору Дохада жана ал-Удейд аскердик базасынын жанында көптөгөң жарылуу болгонун кабарлады. Өлкөнүн Коргоо министрлиги Ирандын ракеталары атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Сауд Арабиясынын борбору Эр-Риядда жана Бириккен Араб Эмирликтеринин борбор шаары Абу-Дабиде да жарылуулар катталды.

Өз кезегинде Ирандын Коргоо министрлиги "АКШнын аймактагы бардык аскердик базалары" Ирандын жооп иретинде жасалуучу соккусунун бутасы болорун расмий түрдө билдирди.

17:16 28.2.2026
Линдси Грэм
Линдси Грэм

АКШнын улуттук коопсуздук саясатындагы таасирдүү адамдардын бири, Иранга карата катаал позицияны көптөн бери жактап келе жаткан республикачыл сенатор Линдси Грэм Иранга каршы соңку операцияны колдогон билдирүү таратты.

Ирандагы "канкор аятолланын режими жакында жок болот деген ойдо экенин" айткан Грэм:

"Бул операция жакшы пландаштырылган. Ал катуу, кеңири масштабдуу жана акыры ийгиликтүү болот деп ишенем".


17:28 28.2.2026

Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңеши АКШ менен Израилдин соккуларына "катуу жооп берилерин" убада кылганын, Иран эли "душманга" баш ийип бербейт деп ишендиргенин Би-би-си жазды.

Тегеран соккулар бул жолу да Вашингтон менен сүйлөшүү жараяны уланып жаткан кезде жасалганын баса белгиледи. Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө Израил менен АКШнын соңку аракеттери "коркоктук" жана "майдачылдык" деп аталды.

Иран бийлиги элге АКШ менен Израил аскердик операциясын Тегеранда жана башка шаарларда уланта бериши мүмкүн экенин эскертип, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө жана, мүмкүн болсо, коопсуз аймактарга кетүүгө чакырды.

Ирандагы мектептер жана университеттер ишин белгисиз мөөнөткө токтотту, банктар жана мамлекеттик мекемелердин да иши чектелди.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG