Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Иран: Президенттик шайлоо реформачылар чабышы болчудай


Ирандын мурдакы премьер-министри Мир Хусейн Мусави 12-июнда болчу президенттик шайлоого катышарын билдирди. Экс-президент Мухаммад Хатами, экс-спикер Мехди Карубинин артынан Мусавинин талапкерликке коюлушу - реформачылар арасында ынтымак жок деген кепти жаратты.

Тегеран университетинин профессору Заде Зибакаламдын сөзүнчө, Мир Хусейн Мусавинин талапкерлигин консерваторлор, байистүүлөр, мурдакы ынкылапчылар жана кары-картаңдар колдойт:

- Мусавинин талапкерлигине реформачылар кубанышты. Алардан да Ислам Республикасына берилген күчтөр менен ыраматылык Имам Аятолла Хомейнинин жактоочулары чоң кубанычта. Акыркы төрт жылдагы саясат жетектөөчү чөйрөнүн болочогуна тынчсызданган адамдарды көп кабатырга салды.

Экс-президент Хатамини интеллигенция жана жаштар колдосо, экс-спикер Мехди Каруби элетте жана калктын жарды катмары арасында популярдуу.

Мир Хусейн Мусави өз талапкерлиги боюнча билдирүүсүндө президент Махмуд Ахмединежаддын саясатын сындап, «кыска мөөнөттүк кызыкчылар жана татыксыз саясый максаттар үчүн табигый байлыктарды сарптоодон качуу керек» экенине көңүл бурду. Ирандык реформачылар Ахмединежад экономикада өзүм билемдикке салып, чоң жаңылыштыктарга жол берди, тышкы саясаты өлкөнү эл аралык изоляцияга алып барды деп эсептешет.

Жакында финансы министри Шамсиддин Хосейни да өндүрүш кыскарып, Иран экономикалык кризистин экинчи толкунуна кабылганын мойнуна алган.

Мусави 1980-88-жылдардагы Иран-Ирак согушу учурунда өкмөттү жетектеп, ийгиликтүү экономикалык саясаты менен инфляцияны жүгөндөй алган. Премьерлик жоюлуп, кызматтан кеткенден бери Мусави университте сабак берет.

Кесиби боюнча архитектор, сүрөтчү Мусави Ирандын көркөм өнөр академиясын жетектейт. Ошондой эле мыйзамдардын ислам канондоруна ылайыктуулугун көзөмөлдөгөн Конституцияны күзөтүү кеңеши менен парламент арасындагы талаш-тартышты жөндөөчү Саресеп кеңешинин мүчөсү.

Жергиликтүү серепчилер Хатами, Каруби жана Мусави өз ара сүйлөшүп, бир талапкердин колдоп чыгышпаса, Ахмединежад экинчи төрт жылга президенттикке шайланат деп кооптонушат.

Профессор Зибакалам да ушундай пикирде:

- Реформачыл талапкерлердин баары тең шайлоого катышса, алар мурда добуш бербей жүргөн шайлоочуларды жоготот да Ахмединежад жеңил эле жеңип чыгат. Себеби, Ахмединежаддын жактоочулары толук добуш беришет.

Бул пикирди колдобогондор да бар. Хатами, Каруби жана Мусави президенттикке талапкер болуп, консервативтер лагерин түйшүккө салды, дейт Ирандын эркин жана калыс шайлоо коомунун башчысы Мохаммад Сейифзаде:

- Бул үч талапкер консервативдер лагеринин татыктуу бир талапкерди тандоосуна мүмкүндүк бербейт жана алардын бөлүп-жарат. Бул реформачылар үчүн пайдалуу.

Хатами шайлоо алдында талапкерлигин Мусавинин пайдасына алып салат деген кабарды мурдакы вице-президент, Хатаминин кеңешчиси Мухаммад Али Аптаби «күбүр-шыбыр» деп, калпка чыгарды.

Каруби болсо президенттик үчүн акыр аягына чейин күрөшөрүн билдирди.

Талапкерлерди Конституцияны күзөтүү кеңеши бекитеби? Бул да суроо. Анткени, береги кеңеш бекиткен гана талапкер шайлоого катышууга укук алат.

XS
SM
MD
LG