Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Байден: "Ислам мамлекети" кубатынан тайды


АКШнын вице-президенти Жо Байден.
АКШнын вице-президенти Жо Байден.

Кошмо Штаттардын вице-президенти Жо Байден “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун шайы ооп, алсырап баратканын билдирди.

Жо Байден бул тууралуу 9-апрелде Вашингтондогу Улуттук коргоонуу университетинде жасаган билдирүүсүндө айтты:

- Ирактын көп аймактарында “Ислам мамлекети” өз кубатынан тайды, ал эми айрым аймактарда түп-тамыры менен жок кылынууда.

1-апрелде Ирак бийликтери өлкөнүн түндүк-батышындагы Тикрит шаарын “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринен бошотконун жарыялаган.

Экс-президент Саддам Хусейндин кичи мекени Тикрит өткөн жылдын июнь айында “Ислам мамлекети” тобунун колуна өткөн. 2-мартта шиит жана суннит топторунун колдоосу менен ирак армиясы шаарды бошотуу үчүн ири операция баштаган.

АКШ башында турган эл аралык күчтөрдүн коалициясы ирак бийлигинин суранычы боюнча өкмөтүк аскерлерге көмөк көрсөтүп, абадан сокку уруп турду.

- Алдыда дагы узак күрөш турат, баарын эле жаркын маанайда сүрөттөө эрте. Ошентсе да радикалдык топтун кебелбес аурасы бузулду.

Байден Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абадини шиит күч түзүмдөрүн сунниттердин шаарын “Ислам мамлекетинин” согушкерлеринен бошотууга тарткан аракети үчүн мактоого алды.

Ирак аскерлери Тикритти "Ислам мамлекетинен" бошотконун майрамдап жатышат.
Ирак аскерлери Тикритти "Ислам мамлекетинен" бошотконун майрамдап жатышат.

Бул билдирүүлөр Ирактын премьер-министринин 14-апрелде АКШга жасай турган сапарына утурлай айтылды. Өткөн жылдын августунда өкмөт башына келген Хайдер ал-Абадинин АКШга жасаган биринчи сапарында президент Барак Обама менен жолугары күтүлүүдө.

Жо Байден “Ислам мамлекетинен” тараган коркунуч Ирактагы суннит, шиит жана күрттөрдү бириктире алганын кошумчалады.

- Баарынан кызыгы, “Ислам мамлекетинин” айынан Ирак өз өкмөтүн түзүп алды.

2006-2007-жылдары Байден АКШ сенатында мүчө кезинде Иракты улуттук негизде үчкө бөлүүнү жактаган. Анын Ирак боюнча мындай позициясы үчүн Өкүлдөр палатасынын спикери, республикачыл Жон Бейнер кескин сындаган.

Айрым маалымат каражаттары билдиргени боюнча, Ирактагы радикал топтун алсырашына өлкөдөгү бир нече ири мунай кендерин колунан чыгарып жиберип, ири кирешеден куржалак калышы түрткү болду.

Ирактын премьер-министри Хайдер Ал Абади шиит аскерлерин өкүлү менен сүйлөшүп баратат.
Ирактын премьер-министри Хайдер Ал Абади шиит аскерлерин өкүлү менен сүйлөшүп баратат.

Германиянын Sueddeutsche Zeitung басылмасы немис чалгындоо кызматына шилтеме жасап белгилегендей, эки күн мурда расмий Багдад өткөн жылы экстремисттик топ басып алган төрт ири мунай чыккан жердин үчөөнү кайтарып алды.

Шейшембиде Ирак армиясынын контроперациясы маалында “Ислам мамлекетинин” экстремисттери Химрин жана Ажил мунай кендерин таштап кетүүгө мажбур болду. Анткен менен учурда Ирактын түндүгүндөгү Кайара мунай кени экстремисттердин колунда, бул жерден суткасына 2 миң баррел кара май өндүрүлөт.

XS
SM
MD
LG