Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Бүгүн Иракта парламенттик шайлоо өтөт


Парламентке талапкер Хайфа ал-Аминдин хижапсыз сүрөтү. Ирак.
Парламентке талапкер Хайфа ал-Аминдин хижапсыз сүрөтү. Ирак.

Иракта бүгүн парламенттик шайлоо болот. Бул - өлкөдөн америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийинки алгачкы жалпы улуттук шайлоо.

Байкоочулар баамында, добуш берүүнүн жүрүшүндө улуттук жана диний негизге басым жасалары күтүлүүдө. Шайлоонун жуп алды да кыянатчылыктар менен коштолуп, кечээги бомба чабуулунан кеминде он бештей кишинин өмүрү кыйылды.

Бүгүнкү добуш берүүнүн натыйжасында Ирактын каттоодон өткөн 22 миллиондон ашуун шайлоочусу парламенттин 328 депутатын 9000ден ашуун талапкердин арасынан тандоосу керек.

Кыянатчылыктар дээрлик күн сайын катталып жаткан бул өлкөдө шайлоого калк кандай келери кечинде билинмекчи. БУУ башкатчысынын Ирак боюнча атайын өкүлү, БУУнун Ирактагы көмөкчү миссиясынын башчысы Николай Младенов “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде ирактыктардын шайлоого жигердүү катышуусу маанилүү экенине токтолду:

- Улуттар уюмунун атынан мен бул өлкөнүн бүткүл калкын 30-апрелдеги шайлоого келип, Ирактын келечеги үчүн добуш берүүгө чакырам. Өлкө акыркы он жылда өтө татаал мезгилди баштан кечирди, бирок эл демократия үчүн тикесинен турууга жөндөмдүү экенин да көргөздү. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө биз элдин талапкерлерге жана алардын саясий платформасына кызыгуусу күчөгөнүнө күбө болдук.

Талдоочулар Ирактагы бул шайлоодо бийлик тизгинин талашып жаткан саясатчылар менен саясий күчтөрдү жети топко бөлүшөт. Алар бийликтеги азыркы турумун сактап, үчүнчү мөөнөткө калууга умтулуп жаткан премьер-министр, “Аль-Дава” партиясынын лидери Нури ал-Маликинин негизинен шииттерден турган жана “Мыйзамдын мамлекети” деп аталган коалициясы. Өкмөт башчынын коалициясына Иракта калктын басымдуулугун түзгөн шииттердин жамааты ичинен эле таасирлүү диниятчылар: Аммар ал - Хаким, Муктада ас- Садрдын жактоочуларынан турган эки бирикме атаандаш болууда.

Парламентке ат салышкан саясий күчтөрдөн тышкары сунниттердин эки тобу, мурдагы премьер - министр Аяд Аллави баштаган блок жана өлкөнүн түндүгүн байырлаган күрттөрдүн эки партиясынын башын кошкон “Бириккен Күрт альянсы” бар. Ирактын Саддам Хусеин бийликтен кулатылгандан кийинки алгачкы утурумдук өкмөт башысы Аяд Аллави кабарчылар менен маегинде шайлоо жараянында ачык-айкындуулук жоктугун белгиледи:

- Маселе ачык-айкындуулуктун жоктугунда. Өнөктүк абдан негативдүү жагдайда жүрдү. Коопсуздук жагынан алганда ар касы провинцияларда аскерий операциялар болуп жатат. Өз үй-жайын таштап, Ирактын ичинде, Күрдүстанда же бөлөк жерде баш паанек издеп жүргөн оң миңдеген киши бар.

Аскерий операциялар демекчи, өкмөт өлкө батышында, сунниттер үстөмдүк кылган Анбар провинциясында бийликке каршы согушкерлерге жана жихадчыларга каршы күрөшүү үчүн отуз миңдей аскер жайгаштырган. Согушту изилдөө боюнча Вашингтондогу институттун Иракка адистешкен талдоочусу Ахмед Али эгер бул чөлкөмдө шайлоого эл аз катышса, согушчан топтордун туруму чыңдаларын айтат:

- Эгер Анбарда эл шайлоого аз келсе же аны бойкоттосо Ирактагы согушчан топтор үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр жаралышы ыктымал. Алар саясий жараянды үзгүлтүккө учуратып, буга чейинки кыянатчылыктарды уланта берүүнү каалашат.

Быйыл эле Иракта түрдүү кол салуулардан 3000ге жакын кишинин өмүрү кыйылды. Кечээ шайлоонун жуп алдында бомба чабуулдан 15тей киши мерт болду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG