Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Ирак бийлиги АКШдан жардам сурады


Фаллужадагы суннит козголоңчулары, 9-январь, 2014
Фаллужадагы суннит козголоңчулары, 9-январь, 2014

Ирактын вице-премьер-министри Салих ал-Мутлак улам таасири күчөй баштаган “ал-Каидага” каршы күрөшүү үчүн жалпы улуттук биримдик керек деди.

Мутлак бул билдирүүсүн шейшембиде, Вашингтондогу Тынчтык институтунда сүйлөгөн сөзүндө жасады жана АКШны терроризмге каршы күрөшкө жардам берүүгө үндөдү.

"Азыр бизде терроризмге каршы күрөштүн жүрүшү үчүн жоопкерчиликти 2003-жылы бизге бастырып киргендер мойнуна алышы керек. Ошолор азыр Ирак үчүн күрөшүп, ага жардам берүүгө милдеттүү", - деди Мутлак.

Анын айтымында, азыр АКШ Ирактагы жетекчиликке улуттук биримдикти түзүп, жарашууга жетишүү үчүн жардам бериши лаазым.

"Проблеманын баарын курал менен гана чече албайсың. Биз Ирак армиясын күчтөндүрүү менен катар өлкөдө жалпы элдешүү аракетин дагы чыңдашыбыз зарыл", - деди вице-премьер.

Соңку апталарда Иракта өкмөттүк аскерлер менен козголоңчулардын күрөшү күчөгөн.

Вице-премьер Мутлак Вашингтондо сүйлөп жаткан чакта Ирактагы Рамади жана Фаллужа шаарларында “ал-Каида” менен байланыштагы козголоңчу топтор армиянын эки танкасын жок кылып, бир топ полицияканаларды басып алышты.

“Азаттыктын” ирак кызматы кабарлагандай, козголоңчулар Рамадидеги Ал-Туббат полиция бекетин ээлеп, шаардын түштүгүн көзөмөлгө алышты. Ал арада өкмөттүк аскерлер Анбар провинциясында “ал-Каидага” киндиктеш согушкерлерге жана курал көтөргөн суннит уруу өкүлдөрүнө каршы күрөштү улантып жатышат.

"Анбардагы атышуу күчөгөндүктөн 800дөн ашуун үй-бүлө провинциядагы 15 мектепте жашырынып, баш калкалоого мажбур болуп жатышат",- дешти биздин ирак кызматындагы кабарчыларыбыз.

Рейтер маалымат агенттиги Фаллужанын түндүгүндө козголоңчулар армияга таандык эки танканы көпүрө жардыруу учурунда жок кылышканын кабарлады.
Батыш Анбарда болсо Ирактын армиясы сегиз козголоңчуну өлтүргөнү айтылды.
Шейшембиде Багдаттагы сапары учурунда Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Тегеран азыр Иракты терроризмге каршы күрөштө колдой турганын айтты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG