Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Иракта жаңы өкмөт куралаары убада кылынды


Жон Керри жана Нури ал-Малики. Багдад, 23-июнь, 2014-жыл.
Жон Керри жана Нури ал-Малики. Багдад, 23-июнь, 2014-жыл.

Куралдуу күчтөр менен сунни согушкерлеринин кагылышуулары уланып жаткан Иракта жаңы өкмөт 1-июлга чейин түзүлө турган болууда. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Ирактын лидерлеринин Багдаддагы кечээги сүйлөшүүлөрүнөн соң маалымдалды. Иракта саясий мунаса табылып, шийит-суннит тең салмактуулугу сакталган өкмөттүн куралышы азыркы кризисти жөнгөрүүдөгү бир чара катары каралууда.

Жон Керри кечээ Багдадда Ирактын ич ара мамилеси жакшы эмес шийит, суннит жана күрт тайпаларынын саясий лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. АКШ Мамлекеттик катчысынын айтымында, бул жолугушуулар учурунда премьер-министр Нури ал-Малики жаңы өкмөттү 1-июлга чейин куроо убадасын дагы бир жолу ырастаган:

- Бүгүн эң башкысы - өкмөттөгү лидерлердин ар биринен жаңы өкмөттү куроонун шарттары боюнча айкындыкты угуу эле. Бул биздин сүйлөшүүлөрдүн негизги бөлүгүн түздү. Албетте, премьер-министр Нури ал-Малики 1-июлга карата өкмөттү түзүү убадасын бир нече жолу кайталады.

АКШ Мамлекеттик катчысы кошумчалагандай, Ирактын армиясы менен коопсуздук күчтөрү исламчыл согушкерлерге каршы эффективдүү күрөшүүсү үчүн Вашингтондун жардамы “туруктуу жана интенсивдүү” болот. Бул максаттагы иш-чаралардын бири катары Кошмо Штаттардан Иракка 300дөй аскерий кеңешчи келгени жатат.

Ак үйдүн басма сөз өкүлү Жош Эрнест билдиргендей, кыска мөөнөткө эсептелген бул кеңешчилер миссиясынын мүчөлөрүн укуктук жактан коргоо үчүн Ирак өкмөтү “кабыл алгыдай кепилдиктерди” сунуш кылды.

Обама администрациясынын ырастоосунда, 2011-жылы АКШ аскерлеринин Ирактан эч кимиси калтырылбастан чыгарылып кетүүсүнө, расмий Багдаддын аскер кызматчыларга соттук куугунтуктан иммунитет берүүдөн баш тартуусу себеп болгон.

Өзү Ирактын өкмөтү бул ирет АКШдан согушкерлердин турумдарына абадан сокку уруп берүүнү расмий суранды. Бул өтүнүчкө жооп кылып, президент Обама АКШ эгер жеринде кырдаал талап кылды деп тапса, андай соккуларды жасап берүүсү мүмкүндүгүн ишара кылган. Бирок ошол эле учурда Кошмо Штаттар Иракта саясий мунаса табылуусу зарылдыгын айтууда.

Мамлекеттик катчы Жон Керри Багдаддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин буларды айтты:

- Ирактын жашап кетүүсүнө коркунуч туулуп турат жана Ирактын лидерлери бул коркунучка өтө олуттуу мамиле кылуусу абзел. Ирактын келечеги алдыдагы саналуу күн менен аптада жасалуучу тандоого көз каранды. Ирактын келечеги өлкө лиделери “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” тобуна каршы бирдиктүү турумду кармана аларына көз каранды. Бул келерки аптада же айда эмес, мына азыр жасалуусу абзел. Ирактын лидерлерин АКШ же башка өлкө тандап бере албайт, бул Ирактын элинин иши.

Бийликке чакырык таштаган “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” тобунун арасында маалыматтарга караганда, суннит урууларынын согушкерлери бар.

Сунниттер өлкөнү акыркы сегиз жылдан бери башкарып жаткан шийит Нури ал-Маликинин өкмөтү тарабынан кодуланышканына, ал бийликти монополдоштуруп алганына нааразы болуп жүрүшөт.

Ушул дем алыш күндөрдөн бери суннит согушкерлери батыштагы Анбар провинциясында жана Багдаддан түндүк тараптардагы райондоордо өз турумдарын мурдагыдан да чыңдай алды.

Азыр алар түштүктө шийиттер жашаган Нажаф жана Кербала шаарларына да аскерий кысым көргөзө алгыдай турумга жетишти.

“Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” тобу Анбар провинциясы менен Сириянын чек арасындагы өткөөлдөрүнүн баарын ээлөө аркылуу бул коңшу өлкөнүн алар көзөмөлдөгөн аймактарынан жүк ташуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG