Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Ирак армиясы бир топ шаарларга көзөмөлдү кайтарды


Ирак армиясына кошулган шийи ыктыярчылары.
Ирак армиясына кошулган шийи ыктыярчылары.

Ирактын аскерий жетекчилиги өткөн аптада исламчыл согушкерлер ээлеп алган айрым калктуу конуштарды өзүнө кайтарып алганын жарыялады.

Багдаддагы бийликтер “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” кыймылынын согушкерлери өткөн аптада басып алган айрым аймактарга көзөмөлдү кайтарганын айтышканы менен, Мосул жана Тикрит өңдүү басылып алынган башкы шаарлар дале экстремисттердин карамагында калууда.

Өкмөттүк аскерлердин ийгилиги жөнүндө премьер-министр Нури ал-Маликинин коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси, генерал Кассем Атта кабарлады.

Куралчан согушкерлер Фаллужа жана Рамади шаарларында өкмөттүк аскерлер менен январдан бери эле атышып келатышат. Бирок өткөн аптада алар капысынан түндүк жана борбордук Иракка бастырып кирип, Мосул, Тикрит өңдүү ири шаарларды, андан сырткары бир топ майда башка калктуу конуштарды басып алышты.

Жекшембиде расмийлер Багдаддын түндүк тарабындагы айрым майда шаарчалар, алардын ичинде Салахеддин провинциясындагы Ишаки шаары – жикчилерден тазаланганын кабарлашты. Ушул эле күнү айыгышкан салгылашуу түндүк-батыштагы түркмөн калктуу Тал-Афар шаарында да болду. Соңку күндөрдөгү атышуулардын айынан жүз миңдеген эл башка жактарга, негизинен Ирактын Күрдстан регионуна качканга аргасыз болуп жатат.

Бириккен улуттар уюмунун Ирактагы элчиси Николай Младенов Ирбилдеги качкындар лагерине барганда сүйлөп жатып, азыр өлкөнүн эгемендиги коркунучта экенин айтты: "Азыр биз өлкөнүн эгемендигине жана бирдиктүүлүгүнө олуттуу коркунуч жаралганына күбө болуп турабыз. Буга тийиштүү аракет көрүлүшү керек, - деди ал. - Ал аракет жалгыз саясий, же жалгыз гана аскерий жол болбошу мүмкүн. Анткени биз бул өлкөнүн такыр кыйрашын каалап жаткан адамдар тууралуу айтып жатабыз".

АКШ Ирактагы кризиске жооп иретинде Перси булуңуна учак жүктөөчү кемесин жана эки башка согуштук кемелерин жиберди. Иран болсо исламчыл согушкерлерге каршы күрөштө жардам шылтоосу менен өлкөгө чет өлкөлүк аскерлер киргизилишине каршы экенин эскертип, “Ирак терроризм жана экстремизге каршы күрөшүүгө өзү деле кудуреттүү” деп билээрин белгиледи.

Улуттар уюмунун элчиси Младенов болсо согушкерлерге каршы ким кандай күч колдонбосун, ал өтө кылдаттык менен пландалышы керек деп эсептейт.

"Азыр, менимче, кандай гана күч колдонулбасын, андагы ар бир кадам өтө кылдат изилденип, текшерилиши зарыл. Ошондуктан америкалыктар да, Ирак өкмөтү да бул кризисти чечүүдө дал ошондой этияттыкты карманат деп ишенем", - деди Улуттар уюмунун Ирактагы элчиси Николай Младенов.

Жума күнү Ирактагы шийи мусулмандарынын руханий лидери, аятолла Али ал-Систани элди колуна курал алып, «террористтерге каршы күрөшкө чакыргандан» кийин Ирактын армиясынын катарына далай ыктыярчы кошулду.

Баш калаадагы жана башка шаарлардагы ыктыярчыларды тизмеге алуу бекеттерине миңдеген эл келгени айтылды. Халес шаарындагы ошондой бекеттердин бирине жекшембиде болгон чабуулда алты киши курман болду.

Багдадда ушул эле күнү жанкечтинин жардыруусунан тогуз адам мүрт кеткен.
Ал арада Улуттар уюму менен Арап лигасынын Сириядагы мурдагы элчиси Лахдар Брахими азыр Иракта жаралган кризисти “эл аралык коомчулуктун Сириядагы жарандык согушту токтото албаган кайдыгерлигинин натыйжасы” деп атады.

XS
SM
MD
LG