Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Фаррух: "Ислам мамлекети" тобунун кылыктары иренжитти


Сирияда экстремисттердин катарында бир ай жүргөн Фаррух Шарифов.
Сирияда экстремисттердин катарында бир ай жүргөн Фаррух Шарифов.

Фаррух Шарифов Сириядагы экстремисттер менен өткөргөн бир айлык жашоосу жөнүндө өз мекенине кайтып келгенден кийин айтып берди.

Тажикстандын Кожент шаарынын 25 жаштагы тургуну Фаррух Шарифов Сириядагы экстремисттердин катарында өткөргөн бир айлык жашоосу жөнүндө Тажикстандын Ички иштер министрлигинин демилгеси менен 7-майда өткөн атайын жыйында баяндап берди:

- Ракка шаарынын тургундары кандай коркуу сезими менен жашарын айтып берейин. Экстремисттер машинелерине адам сөөктөрү жык толгон арабаларды чиркеп алып, шаарды кыдырып турушат. Сөөктөрдөн жагымсыз жыт уруп турат. Алар бул ишти атайын элдин жүрөгүнүн үшүн алуу үчүн жасашат, - деген Фаррух дал ушул үрөй учурарлык нерселерди көргөн соң, алгач “Ислам мамлекетинин” жетекчилеринен үй-бүлөлүк иштерди шылтоо кылып, мекенине кайтууга уруксат сураган. Өтүнүчү четке кагылган соң жанын оозуна тиштеп, качууга бел байлаган.

7-майда Душанбеде өткөн атайын жыйында Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода Фарухту тааныштырып жатып, ал кантип өз мекенине жеткенин кыскача баяндады.

Фаррух Сириядан эптеп Түркияга жетип, тажик бийликтери менен байланышкан. Атайын кызматтардын көмөгү менен үйүнө келген Фаррухка тажик мыйзамдарына ылайык, кылмыш иш козголгон. Мунапыска илинген Фаррух учурда үй-бүлөсү менен жай турмуш өткөрүп жатканын, анын коопсуздугуна полиция кызматкерлери көз салып турганын министр кошумчалады.

Согушкерлер бир нече адамды “хавориж” же динбезер деп атап, башын алып жатканын Фаррух өз көзү менен көргөн.

- Эми эле бирөөнү курмандыкка чалган согушкер тоголонуп жаткан башты көрсөтүп: "Карагылачы, биз каапырларды мына ушундай кылабыз" деп айтты. Мен ал кайсы күнөөсү үчүн мындай жазага туш болгонун сураганымда, бири Аллахтын атына шек келтирген десе, экинчиси күрт чалгынчысы экенин айтты. Бирок кийинчерээк азербайжандык таанышым: "Ал эмне үчүн өлтүрүлгөнүн эч ким билбейт, анткени анын кылмыш кылганын эч ким көргөн эмес" деп айтты.

Раккада Фаррух 27 адам менен чогуу турган, алардын арасында тажиктер жана дагестандыктар да болгон.

"Ислам мамлекети" басып алган аймактагы көчө.
"Ислам мамлекети" басып алган аймактагы көчө.

Орус жана араб тилдерин жакшы билген Фаррух Шарифов топтун мүчөлөрү менен ислам укугуна байланыштуу суроолор боюнча да талашып-тартыша кеткен.

“Мен аларга бул "Ислам мамлекети" эмес эле басмырлоонун жана зөөкүрлүктүн мамлекети”- деп айттым деген Фаррух “Ислам мамлекети” аялдарды сексуалдык күң катары колдоноорун белгиледи. Бир аялдан кызыгы тараган соң ал аялды ага-инилерине «белекке» беришет. Жихадчылардын жесирлери башка согушкерлердин менчигине өтөт.

- Раккада адамдардын башын алчу атайын аянтча бар. Мага ишенбесеңер интернеттен издеп көргүлө. Ал аянтчада адамдын башы сайылган найзалар сайылып турат. Алар чыккынчылык кылган дешет. Бирок анын эч далили жок. Мен мындай баш алууларга өзүм аргасыздан күбө болуп, ошондо эсимден тана жаздагам. Аны эстегенимде азыр да дене-боюмду калтырак басат.

Зөөкүр мыкаачылардан качып чыккан Фаррух Раккадан Түркиянын чек арасына азап менен жеткен, анткени ага чейин “Ислам мамлекетинин“ көптөгөн бекеттеринен жана миналанган аймактарынан өтүү керек. Ага бир бөлмөдө турган тажик жердеши көмөк көрсөтүүдөн баш тарткан.

“Ислам мамлекетине” алданып кетип жаткан көптөгөн тажикстандыктардай эле Шарифов да согушка Орусиядан кеткен. Болгону ал башка мекендештеринен айырмаланып, Москвага иш издеп эмес, “Одноклассники” социалдык тармагынан таанышкан орусиялык кыздын сөзүнө азгырылып барган эле.

Фаррухтун тааныш кызы аны бал сөзгө салып, алгач Түркияга жиберип, андан ары Сирияга өткөрүп жиберген.

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода Сирия менен Ирактын көп аймактарын кучагына алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына учурда 40 тажик үй-бүлө кошулуп кеткенин маалымдады. Тажик бийликтери Орусиянын тиешелүү кызматтары менен биргеликте жаштарды Сирия жана Иракка үндөп, жөнөтүп жаткан бир нече адамды эки өлкө аймагынан кармашкан. Расмий маалыматка караганда, “Ислам мамлекетинин” катарында баш-аягы үч жүздөй тажикстандык бар. Алардын элүүгө чамалуусу согушта жантаслим болгон. Бейрасмий маалыматтар боюнча куралдуу жаңжалда катышып жүргөн тажикстандыктардын саны миңден ашат.

XS
SM
MD
LG