Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Иран менен Израил ракета атышты


Дамасктын үстүнөн көрүнгөн ракеталар. 10-май, 2018-жыл.
Дамасктын үстүнөн көрүнгөн ракеталар. 10-май, 2018-жыл.

Израил менен Иран бири-бирине ракета атышты. Израил армиясынын билдиргенине караганда, ал Ирандын Сириядагы “ондогон” аскердик жайларына ракеталар менен сокку урду. Израилдин маалыматына караганда, ага чейин Иран анын Голлан дөңсөлөрүн карай жыйырмадай ракета аткан. Аймагы Израил тараптан аткыланганын Сирия да ырастады. Бул окуя Иран менен Израилдин кайым айтышуусу күчөгөн учурга туш келди.

Сириянын мамлекеттик ЖМКСы кабарлагандай, 10-майда таң ата электе Израил тараптан башкалаа Дамаскка жана башка аймактарга атылган ондогон ракеталар радардык жабдууларды талкалап, ок-дары сакталган кампаларга тийди. Дамасктын тургундарынын айтымында, шаар ичинен бир катар жарылуулардын үнү да угулду.

"Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" деген уюмдун маалыматына караганда, Израилдин учактары жана ракеталары аны менен чектеш Каентра аймагындагы аскердик жайларды да бутага алды. Жергиликтүү активисттер болсо аймак Израилдин Голлан дөңсөөлөрүндөгү турумдарынан, артиллериядан атылганын белгилешти.

Израилдин Голан дөңсөөлөрүндөгү оор аскер техникасы. 10-май, 2018-жыл.
Израилдин Голан дөңсөөлөрүндөгү оор аскер техникасы. 10-май, 2018-жыл.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын эсебинде, Израилдин соңку аба соккусунан 23 согушкер, анын ичинде сириялык беш аскер мерт болгон. Cирия армиясынын командачылыгы үч адам өлгөнүн, дагы бир нече киши жаракат алганын ырастады.

Буга чейин, 9-майда Сирия Израилди борбор шаар Дамасктын түштүгүндө, Кисвэ деген жерде Ирандын аскердик бекетин бутага алганы үчүн айыптаган. Маалыматтар боюнча ал аба соккусунан он беш киши өлгөн, алардын ичинен кеминде сегизи ирандык согушкерлер эле.

Аймактан түшкөн кабарларда Израилдин 10-майдагы операциясы мурдагылардан кыйла масштабдуу болгону айтылууда. Өлкөнүн коргоо министри Авигдор Либерман соңку операция тууралуу комментарий берип жатып, Израил Сирияда Иранга каршы жооп иретинде чара көргөнүнө көңүл бурду:

Авигдор Либерман.
Авигдор Либерман.

- Ирандыктар Израилдин суверендүү аймагына кол салууга аракеттенди. Бирок алардын ракеталарынын бири да Израилдин аймагына тийген жок. Сирияда кулады же бутага жеткирилбей атып түшүрүлдү. Бактыга жараша, эч ким жабыр тартпады, инфраструктурага зыяны тийген жок. Биз албетте, Ирандын Сириядагы инфраструктурасынын дээрлик баарына сокку урдук. Алар бир нересени эске түйүп коюшу зарыл: эгер бизге жамгыр жааса, аларды суу каптайт. Мен муну баары түшүндү, биз азыркы айлампаны бүттүк деп үмүттөнөм.

Израилдин маалыматына караганда, ага чейин Иран Израилдин Голлан дөңсөөлөрүнө карай 20дай ракета аткан. Буга Ирандын Революциялык сакчылар корпусунун колбашчысы, генерал Касем Солеймани буйрук берген. Тегеран Тель-Авивдин билдирүүсүнө азырынча жооп бере элек.

Израил буга чейин Сириянын аймагындагы аба соккуларынын көбүн төгүндөгөн да, ырастаган да эмес. Бирок бир нече айдан бери Ирандын Сирияда туруктуу аскердик базалары болушун кабыл албай турганын такай айтып жүргөн.

Өткөн айда эле ал Сириянын Хомс провинциясындагы Т 4 аба базасына сокку урганда Ирандын жети аскер кызматчысы мерт болгон.

Иран армиясынын Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери (солдо) Сириянын Алеппо провинциясында. 20-октябрь, 2017-жыл.
Иран армиясынын Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери (солдо) Сириянын Алеппо провинциясында. 20-октябрь, 2017-жыл.

Израил акыркы күндөрү түндүктөгү чек араларында аскерлерин жогорку күжүрмөн даярдыкка келтирип, абадан коргонуу системасын жандандырып, бомбадан коргонуучу жайларын ачууга да көрсөтмө берген. Армия мындай аракеттердин зарылдыгын Ирандын Сириядагы күчтөрүнүн “адаттан тыш” кыймылы менен түшүндүргөн.

Иран Сириянын сегиз жылга караган жарандык согушунда президент Башар Асаддын бийлигине жардам берип келатат. Башар Асадды колдогон дагы бир өлкө - Орусияга 9-майда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху келип кетти.

Нетаньяху Москвада президент Путин менен жолуккандан кийин белгилегендей, ал сүйлөшүүлөрдө “Ирандын Сириянын аймагынан Израилге каршы агрессиясынан” коргонууга өз өлкөсүнүн укугу тууралуу айтты. Израил армиясы да Орусия Ирандын Сириядагы турумдарына сокку урулаарынан күн мурунтан кабардар болгонун маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин баамында эки саатка созулган рейдге Израилдин F-15 жана F-16 учактарынын 28си тартылып, алар Сириянын аймагындагы буталарга "аба-жер" тибиндеги ракетадан алтымыштайды атышкан. Израил ошондой эле "жер-жер" үлгүсүндөгү тактикалык ракетадан ондон ашуунду колдонгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG