Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Жакынкы Чыгышта кырдаал курч бойдон


Газа тилкеси. Жакынын жоготкон палестиндер. 16-июль.
Газа тилкеси. Жакынын жоготкон палестиндер. 16-июль.

Израил менен палестиндердин ортосундагы 10 күндөн берки тиреште 200дөн ашык киши набыт болду. Бириккен улуттар уюмунун арачылыгы менен жетишилген гуманитардык элдешүүнүн мөөнөтү бүткөн сааттарда Израил кайрадан Газа тараптан аткыланганын маалымдады.

Кечээ бейшембиде Израил Газа тилкесинен атылган ракета Ашкелон шаарына келип түшкөндүгүн бышыктады. Анын жуп алдында Израил менен түзүлгөн гуманитардык элдешүүнүн мөөнөтү аяктаган эле.

Израил армиясы алты саатка созулган элдешүүнүн мезгилинде да Газадан атылган үч ракета өз аймагына келип түшкөндүгүн кабарлаган.

Аталган элдешүүгө Израил менен Палестина Бириккен улуттар уюмунун сунушу менен макулдашкан.

10 күн ичинде болгон атышууда 220дан ашык палестин, бир израил жараны набыт болду.

Рейтер агенттиги Египеттин Газа боюнча бүгүнтөн тартып кеңири элдешүү сунушун Израил карап жаткандыгын кечээ кабарлады, бирок бул кабарды Израилдин тышкы иштер министри Авигдор Либерман дароо четке какты.

Шаршембиде Египеттин тышкы иштер министри Саме Шукры 16-июлдагы Каирдеги сүйлөшүүдөн кийин Европа Биримдиги бул демилгени колдогон биргелешкен билдирүү таркатарын айткан эле.

Ал эми Британиянын мурдагы өкмөт башчысы жана БУУ, АКШ, Орусия, Евробиримдик кирген Төртилтиктин Жакынкы Чыгыш боюнча элчиси Тони Блэр «Бул туура демилге, ал зор эл аралык колдоону билдирет. Айрыкча Газада алдыдагы күндөрү көп киши өлүп кеткенин эске алуу менен бул демилге элдин азабын азайтуу максатын көздөйт»,- деген эле.

16-июлда палестин бийликтери Израилдин аткылоосунан Газа шаарына жакын жерде деңиз жээгинде төрт бала набыт болгонун билдирген. Бул күнү Израилдин согуш учактары Газа тилкесин көзөмөлдөгөн Хамас уюмунун жетекчилерин бутага алып, чабуулдарын күч алдырган. Газа тилкесинин түндүк тарабында израил учактары аз дегенде 30 бутаны бомбалады.

Мунун алдында Израил Газа шаарынын түштүк-чыгышындагы Зейтун ооданынын үстүнөн 100 миңдей тургунга шаардан чыгып кетүүсүн эскерткен баракчаларды чачкан. Баракчада тургундарга атайын маалымдоо болмоюнча кайра кайтып келбөөсү эскертилген эле.

Газадагы согушкерлердин ракетадан аткылоосун токтотуу максатын көздөгөн Израилдин атайын операциясы 7-июлда жарыяланган. Анын алдында Хамас уюму Египеттин элдешүү боюнча сунушун четке каккан эле.

Израил армиясы ошондой эле түштүктөгү Ашдод порту тарапта алыстан башкарылуучу дрон учагын атып түшүргөндүгүн билдирүүдө.

Франциянын президенти Франсуа Олланд Израил өзүн коргоого укуктуу болгон менен, сабырдуулук көрсөтүшү керек деген.

Ал арада америкалык конгрессмен Иранды палестиндердин Хамас уюмун куралдандырып жатат деп ырастады.

Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер комитетинин төрагасы, республикачы Эд Ройс «Ирандын аркасы менен Хамас 2012-жылдан бери кайра куралданып алганын» белгиледи.

Ал эми аталган комитеттин улук демократ мүчөсү Элиот Энжел Ирандын Жакынкы Чыгыштагы таасири өсүп жаткандыгына тынчсыздануу билдирди.

Эгер Иран менен анын ядролук программасы боюнча кеңири келишим жетишилсе, АКШ бул өлкөгө карата санкцияларын кыскартмакчы. Бирок Энжел эгер Иран «аймактагы коогалуу ишмердүүлүгүн токтотпосо, Конгресс бардык санкцияларды күчүнөн кетирбейт» деп эскертти.

XS
SM
MD
LG