Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Чоочун коңшуну тегине карап иргебейличи, туугандар!


Коңшу-колоңду этностук тегине карап жерибеш керектигин италиялык элдик юмор азил менен чагылдырат. "Күлкү кербенинин" кезектеги шиңгили.

Италиялык бир кафеде дубалга илинген көрнөктө мындайча сөз жазылыптыр:

"Ыйса Машаяк - жөөт, айдаган унааң - немистики, сыналгы аспабың - жапондуку, акчаң - АКШныкы, өзүң жашап жаткан демократияң - гректики, ичип жаткан кофең - бразилдики, эс алуу үчүн самсып барган жээгиң - түрктүкү, жазып жаткан сандар болсо - араптыкы.

Мындай болуп жаткан соң, неге сенин коңшуң башка улуттан болбоого тийиш?"

XS
SM
MD
LG