Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Жакишевдин түрмөдөн чыгышынын сыры


Мухтар Жакишев.
Мухтар Жакишев.

Казакстанда Назарбаев режиминин курмандыгы катары таанылган Мухтар Жакишевди шарттуу бошотуу тууралуу чечим күчүнө кирди. Ал жалпысынан 11 жыл камакта жатты.

Жакишевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу эмнеден кабар берет? Казакстан укуктук талаага кайттыбы же бийлик эл арасында күчөгөн нааразылыктан чочуладыбы?

Жакишевди шарттуу түрдө түрмөдөн бошотуу тууралуу соттун өкүмүн анын тарапташтары кол чабуу менен кабыл алды.

Ал "Казатпром” ишканасын жетектеп турганда коррупциялык жол менен 261 миллион долларды жеп алган деп айыпталып, 2009-жылдын май айында 14 жылга эркинен ажыратылган.

Укук коргоочулар анда Жакишевдин камалышын саясий куугунтук катары сыпатташкан. Өлкөдө аны колдогон митинг, пикеттер маал-маалы менен өтүп келген. Бирок бийлик андай нааразылык акцияларды эске алган эмес.

Саясат таануучу Досым Сатпаев бийлик нааразылардын демин басуу максатында Жакишевди бошотууга барды деп эсептейт. Бир апта мурда Казакстанда таанымал активист Дулат Агадил тергөө абагында каза болгондон кийин эл арасында нааразылык маанай курчуган.

Досым Сатпаев.
Досым Сатпаев.

"Активист Дулан Агадилдин өлүмү казак бийлигине нааразы адамдардын башын бириктирди. Авторитаризмге каршы маанайды күчөттү. Ошондуктан бийлик эми Жакишевдин бошотулушун Токаев Назарбаевден айырмаланат дегендей өңүттөн алып көрсөтүшөт. Бирок бийлик Жакишевдин ден соолугун талкалаганга үлгүрдү да".

Казакстандык саясий ишмер Зауреш Баталова Жакишевди бошотуу менен бийлик элдин бугун чыгаргандан башка да максаттарды көздөп турганын айтты:

"Коомдо өзгөрүү болору тууралуу сөз жок. Сөз бийлик кабыл алган чечимдер тууралуу болуп жатат. Анткени бийлик ар кандай кадамды өзүнүн пайдасы үчүн гана жасайт. Бул бийликти сактап калуу, бийликте калуу мөөнөтүн узартуу. Бийлик ушуну гана көздөйт".

Укук коргоочулар Жакишевдин бошотулушун ар кандай талдап жатышат. Айрымдары Жакишевдин ден соолугу начарлап кеткени эске алынды десе, кай бирлери бийлик Дулат Агадилге окшоп, түрмөдө каза болуп калат деп чочулаганы үчүн бошотту дешет.

Агадилдин өлүмүнөн кийинки коомдук нааразылык жана АКШнын, Еврокомиссиянын кайрылуулары эске алынды дегендер да бар. Бирок Казакстандагы талдоочулардын көпчүлүгү Жакишевди бошотууну саясий кадам катары эсептешет. Борбор Азиядагы башка мамлекеттердей эле Казакстанда да саясий иштерди кароодо соттор бийликке көз каранды.

Укук коргоочу Евгений Жовтис Назарбаевдин тушунда Жакишев эркиндикке чыкмак эмес деди:

Евгений Жовтис.
Евгений Жовтис.

"Жакишевди Мухтар Аблязовдун Казакстандын демократиялык тандоосу аттуу кыймылы менен байланыштырып жүрөт. Бул Нурсултан Назарбаев үчүн жеке маселе болчу. Ошондуктан мен Жакишев Назарбаевдин тушунда бошотулушу мүмкүн эле деп эсептебейм".

Эми Жакишевди шарттуу бошотуу чечими 15 күндөн кийин гана күчүнө кирет. Ага чейин Жакишев түрмөдө кала берет. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Андан сырткары мамлекетке келтирген зыянды төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ага тагылган айып боюнча Жакишев мамлекетке 261 миллион доллар төлөп бериш керек.

Жакишевдин адвокаттарынын айтымында түрмөдө отурган 11 жыл ичинде анын ден соолугу кескин начарлап, 3-топтогу майыпка айланган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG