Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Жапония: акыркы реактор өчүрүлө баштады


Жапония акыркы 40 жылдын ичинде алгачкы жолу атомдук энергиясыз калды.

Профилактика иштерине байланыштуу Хоккайдо префектурасындагы Томарин станциясындагы акыркы иштеп аткан реактор өчүрүлө баштады.

"Хоккайдо электр энергиясы" деген ишкананын жетекчилиги реактор 7-майга чейин акырындык менен өчөөрүн билдирди. Ошентип өлкөдөгү 50 реактордун бардыгы ишин токтоткон болот.

Профилактика өкмөттүн бардык атомдук станциялардын жер титирөө жана цунамиге туруштук берүүсүн текшерүү программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Программа былтыр Фукушима Даичи атомдук станциясындагы кырсыктан кийин кабыл алынган.

5-майда Токиодо миңдеген киши демонстрацияга чыгып, ядролук энергиядан биротоло баш тартууга үндөштү. Айрымдары энергетика ишканаларын көзөмөлдөгөн Өнөр жай министрлигинин алдына чогулушту.

5 жарым миңдей киши борбордук аянтка топтолуп, Токионун көчөлөрүндө жүрүш жасашты. Алар “Саонара, же кош бол, атомдук энергия" деген плакаттарды кармап алышкан.

Акциянын уюштуруучуларынын бири Тошихиро Инуи:

- Биз атомдук станцияларын таптакыр токтотуу, кайра ишке киргизбөө керек деген көз карашыбызды билдиргибиз келет.

Демонстранттардын арасында белгилүү жапон жомокчу Каори Канда да болду:

- Кавакидеги досум жакында жүрөгү токтоп калып каза болду. Айланамдагы адамдар көз жумуп жатышат. Алар радиация жогору болгон аймактарда жашашат. Ал өлүмдөрдүн атомдук станциялардын кесепети менен түз байланышын аныктоо мүмкүн эмес. Ошондуктан биз бирөө көз жумганда жаман болуптур деп эле койобуз. Бирок көптөгөн кишилер арабыздан кетип жатат.

Токтотулган реакторлор жергиликтүү тургундар макулдугун берсе гана кайра иштетиле баштайт. Азырынча бир да жерде андай макулдук алына элек.

Фукушимадагы кырсык миңдеген кишини жер которууга мажбур кылды. Көптөрү азыркыга чейин үйлөрүнө кайта элек.

Сынчылар Жапония атомдук энергиясыз күн көрө алат дешсе, өкмөт энергия булактарынын көп түрдүүлүгүн камсыздоо керектигин ырастоодо.

Фукушимага чейин энергиянын үчтөн бир бөлүгү АЭСтерден алынчу. Жапония андан тышкары мунай жана газ импорттойт.

XS
SM
MD
LG