Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

"Жоолук саларда көтөрүп чаптым". Күчтүү кыздын күрөшү


"Бурул" кыска метраждуу тасмасында башкы ролду жараткан Адема Искендерова.
"Бурул" кыска метраждуу тасмасында башкы ролду жараткан Адема Искендерова.

Кыргызстандагы “ала качуу же адам уурдоо” көйгөйүн өзгөчө өңүтүнөн чагылдырган “Бурул” аттуу кыска метраждуу фильм март айында Швециянын Мальмо шаарындагы BUFF кинофестивалына жана Швейцариядагы Фрибур эл аралык кинофестивалына катышууда.

Анын автору кыргызстандык режиссер, продюсер жана оператор, Борбор Азиядагы Америка университетинин Телевидение, кино жана визуалдык искусство бөлүмүнүн жетекчиси Адилет Каржоев “Азаттыкка” маек куруп, бул тасманын маанисин чечмелеп берди.

- Адилет, “кыз ала качуу же уурдоо” көйгөйү кыска метраждуу тасмаларда, көркөм фильмдерде байма-бай чагылдырылып келет. Бирок сиздин 14 мүнөттүк кыска метраждуу тасмада бул көйгөйдүн тамырын кыркуу жолдору, кыздар өз кыялы үчүн күрөшө алары көрсөтүлгөн экен. Бул идеяга кандай келдиңиз жана тасмада эмнени жеткирейин дедиңиз?

- Рахмат. Бул тасмада биз туура моделди көрсөткөнгө аракет кылдык. Ала качуу маселеси Кыргызстанда дале актуалдуу эмеспи. Ала качып кеткенден кийин көп кыздар баланы тааныса да, тааныбаса да отуруп калып жатпайбы. Үйүнө кайтып барса, ата-энеси же туугандары тарабынан басымга туш болгон учурлар бар. “Эми кантип жашайбыз, элдин бетин кантип карайбыз” деген сөздүн айынан кыздар отуруп калат. Алардын тагдырына балта чабылып жатат.

Биз ошондон кетип, туура моделди көрсөткүбүз келди. “Отурбагыла, ал жактан кеткиле, өз укугуңар үчүн күрөшкүлө” деген маанини жеткиргенге аракет кылдык.

Бул ой кантип келди? Мындан 15 жыл мурда студент кезибизде бир таанышым ушундай окуяга кабылган. Университетте окуп жүргөндө дзюдого барчубуз. Ал жерде кыздар да көп машыкчу. Бир күнү эле бир кыз жок болуп кетти.

Ал кыз менен дос катары тааныш болчубуз. Чогуу күрөшчүбүз. Ал кыз чынында жакшы күрөшчү. Университеттин атынан мелдештерге дайыма ошол кыз катышып тургандыктан ал жакшы машыксын деп биздин агай ал кызды балдар менен күрөштүрчү. Ал балдардын бири мен элем. Биз ал кыз менен чогуу машыгып, кандайдыр бир жардам берчүбүз.

Ошентип ал кыз жок болуп кетет. Бир ай өткөндөн кийин кайра келди. “Кайда жүрөсүң? Эмне болду?”, - деп сурасам, аны Бишкектен Жалал-Абадга ала качып кеткенин айтып берди. Төрт-беш бала машинадан чыга калып, унаага салган боюнча түз эле Жалал-Абадга алып кетишиптир.

“Жалал-Абадга чейин унчукпай бардым, күчүм жетпейт” дейт. Анан үйгө алып киришип, кызга жоолук салмай башталыптыр. “Жоолукту бир жеңе көтөрүп келатыптыр. Аны бир жамбашка салып чаптым, экинчиси да жоолук салайын дегенде, аны экинчи жамбашка салып чапканда, эл нес болуп, түшүнбөй калышты” дейт. Өзүнүн өжөрлүгүн, чеберчилигин көрсөтүп, ал жерден кетип калыптыр.

Биз ал убакта, жаш кезде бул окуяга каткырып күлүп койгонбуз. Унутулуп деле калган. Убакыт өткөндөн кийин эсиме түшүп, ошону кино кылып тарттык.

- Эмне үчүн каарманды жана фильмди “Бурул” деп атоону чечтиңиз? Кыргыз коомунда үй-бүлөдө эркек баланы күткөндө кыз балага “Бурул, Жаңыл, Токтайым” деген ысымдарды берген учурлар бар. Албетте, ушул көрүнүштүн өзү коомдо кыздарга болгон мамилени көрсөтүп турат. Ошентсе да сиз фильмди “Бурул” деп атоо менен ушул “кыз уурдоо” көйгөйү токтосун деген ниетиңизди жеткиргиңиз келгендей.

- Туура баамдадыңыз. Бул фильмдеги Бурулдун аты-жөнү үй-бүлөдө эркек баланын жоктугуна анчалык тиешеси жок. Ага басым жасаган жокпуз. Фильмде Бурул жана анын кичинекей сиңдиси бар. Үй-бүлөдө көп кыз эмес. “Бурулсун” же “эркек бала келсин” деген түшүнүктөрдү көрсөтүүнү көздөгөн жокпуз.

Сиз баамдагандай, чын эле ушул көрүнүштөр токтосун, бүтсүн, башка тарапка бурулсун, элдин мамилеси, ою, көз карашы өзгөрсүн деген маанини бергибиз келген.

- Дал ушул тасма Швециянын Мальмё шаарындагы BUFF кинофестивалында (9-15-март) көрсөтүлүп, Швейцариядагы Фрибур эл аралык кинофестивалына (15-24-март) да катышууда. Мальмё шаарындагы фестивалда “Бурул” тасмасын кандай кабыл алышты?

- Мальмё шаарындагы фестивалда тасманын премьерасы өттү. Бул жаштардын кинофестивалы. Кинотеатрга кирип барсам, көрүүчүлөрдүн 90 пайызы 14-16 жаштардагылар. Көпчүлүгүнө бул көрүнүш өөн учурады. “Эгер калып калса эмне болот эле? Отуруп калса, жашоо токтойбу?” деп сурашты.

Бир жагынан аларга адаттан тыш сезилгени менен жалпысынан алганда алар кеп адам укуктары, кыздардын укуктары жөнүндө болуп жатканын түшүнүп баамдашты.

Жакшы реакция болду. Бүткөндөн кийин да рахматын айтып кетип жатышты. Өзгөчө финалын, туура модел болгонун жактырышты.

Анан фильмге күрөштү да кошуп кеттик да. Өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстанда кыз-келиндер күрөшү күчтөнүп жатпайбы. Кыздар олимпиадаларда медал тагынып жатышат. Алар жол чаап беришти. Быйыл Париж олимпиадасынан да ийгиликтерди күтүп жатабыз.

Режиссер Адилет Каржоев башкы ролду жараткан Адема Искендерова менен.
Режиссер Адилет Каржоев башкы ролду жараткан Адема Искендерова менен.

- Сизди кыска метраждуу тасмалардан тышкары даректүү тасмаларга басым жасаган режиссер катары билебиз. Мисалы, буга чейин Сүлүктүдөгү кенчилердин оор жумушун чагылдырган “Кара вагон”, белгилүү хирург Эрнст Акрамов тууралуу “Рахмат, доктор” аттуу тасмаларыңыз бир катар фестивалдарга катышып, байгелүү орундарга да ээ болгон. Дипломдук ишиңиз катары тарткан “Сары-Ой” даректүү тасмаңыз менен да бир нече өлкөнү кыдырып келдиңиз. Учурда бир топ режиссерлор көбүрөөк киреше алып келген коммерциялык тасмаларга басым жасап жаткан шартта сиз эмне себептен даректүү тасмаларды тартууну улантайын деп чечтиңиз?

- Университетте окуп жүргөн кез себеп болду окшойт. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде төрт жыл окудум. Окууну бүтүп жатканда дипломдук иш катары даректүү тасма тартайын деп ойлодум. Өзүмө жакыныраак жана оноюраак болот деп ойлодум. Албетте, оңой эмес экен.

Негизи коммерциялык кино тартуу менин колуман келбейт. Ошондой сезем. Коммерциялык тасмаларды жамандап же басынткым келбейт. Себеби аны дагы туура тартып, ишти туура аткаруу, акча табуу деген максатты ишке ашыруу да бардык эле адамдын колунан келе бербейт. Аны кыла алган адамдар чоң адистер жана мыкты режиссерлор. Алардын да өзүнүн жолу бар.

Негизи эле мага даректүү тасма мага көбүрөөк жагат. Себеби реалдуу жашоо, анык каармандар, чыныгы каармандар жана чыныгы сюжет ошол жерде болот. Ошондуктан даректүү тасмаларга көбүрөөк басым жасап, өзүм да ошого көбүрөөк ыктап турам.

Режиссер Адилет Каржоев жана оператор Жуманазар Койчубеков.
Режиссер Адилет Каржоев жана оператор Жуманазар Койчубеков.

- Кыргызстанда даректүү тасмалардын көрөрмандары барбы, жетиштүүбү? Болбосо буга эмне себеп?

- Тилекке каршы Кыргызстанда даректүү тасмалардын күйөрмандары жок. Даректүү тасмалар эмес, автордун көз карашын чагылдырган, арт-хаус жанрындагы толук метраждуу көркөм тасмалардын да көрөрмандары өтө сейрек. Мисалы, ошол эле Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров, Эрнест Абдыжапаров тарткан кинолорду да театрга коюшат. Бирок эл өтө аз барат. Андан кийин даректүү тасмаларга эл барбайт деле. Жокко эсе.

Эмне үчүн? Биринчиден, биздин өлкөнүн экономикалык жагдайы. Баары бир эле көп нерсе экономикага, элдин жашоо-шартына, турмушуна байланыштуу экен. Азыркы коммерциялык кинолордун 90 пайызы комедия.

Жашоо-шарт оор болуп жаткан учурда эс алганы барган элдин бир-эки саат болсо да күлүп жайнап отургусу келет. Бизде бул жанр абдан популярдуу. Эгер элдин турмушу жакшы болсо, анда даректүү тасмалардын да өздөрүнүн көрүүчүлөрү, күйөрмандары пайда болмок.

Европадагы фестивалдарга келип жүрөбүз. Даректүү тасмаларга, кыска метраждуу даректүү тасмаларга билеттер алдын ала, үч-төрт күн мурун сатылып кетет. Залда орун калбай калганда автор катары “менин киномду көргөнү келиптир” деп өзүңдүн ордуңду бошотуп берип, “эл көрүп калса экен” деп өзүң же тепкичке отуруп же сыртка чыгып кетесиң.

Албетте, көрүү маданияты бир күндө же бир айда эле пайда болбойт. Көп факторлор бар. Көп жылдар бою калыптанышы керек.

Буюрса, бул багытта долбоорлорду ишке ашыра турган убакыт келип жетти. Себеби президенттин кыргыз киносун колдоо боюнча жарлыгы менен көп иштер аткарылып, көп кыймыл-аракеттер жүрүп жатат. Алдыдагы үч-төрт жылдын ичинде даректүү тасманын башкача бир атмосферасын, чөйрөсүн түзүү боюнча көп идеялар бар. Ошолор ишке ашып калса, чынында өзгөрүүлөр болот. Ошонун артынан көрүүчүлөрдү таба алабыз.

Каржоев: Кыргызстанда даректүү тасмалардын күйөрмандары жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:51 0:00

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG