Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Журналист жоо бетинде


Newseum: "Журналисттерди жок кылуу үчүн жасалган чабуулдар" деп аталган көргөзмө. Вашингтон. 29-апрель, 2010
Newseum: "Журналисттерди жок кылуу үчүн жасалган чабуулдар" деп аталган көргөзмө. Вашингтон. 29-апрель, 2010

Ысымдары Вашингтондогу журнализм музейинин дубалына жаңы жазылган 70 журналисттин арасында Азербайжан, Ирак, Ооганстан, Пакистан, Орусиянын да жарандары бар.

Алар 2011-жылы журналисттик милдетин аткарып жүрүп, набыт болушкан. Бул дубалга 2007-жылы Ош шаарында өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун ысмы да жазылган. Ал өзбек тилиндеги көз карандысыз “Сиесат” гезитин чыгарчу.

Вашингтондогу Newseum музейиндеги салтанатта Фридом форумунун мурдагы вице-президенти Крис Уэлс айым айткандай, мемориалдык дубалга аты жаңыдан чегилген 70 журналисттин ысымын кесип жана тагдыр кошту.

- Алар түрдүү тилдерде сүйлөшүп, түрдүү тармактардан жаңылыктарды чогултушчу. Алардын кээ бирлери миллиондогон адамдарга түнкү жаңылыктар менен белгилүү болсо, айрымдары жашыруун ат менен иштешчү. Алардын кээ бирөөлөрү коркунуч такымдап жүргөнүн билишчү... Аларды журналистикага баш-оту менен берилгендик бириктирген. Алардын арабыздан эрте кеткени факт.

Алишер Саипов
Алишер Саипов
Журналистика музейинин маалыматы боюнча былтыр Иракта шырбаян жасап жатып же маалымат чогултуп жүрүп жети журналист курман болгон. (Өлкө журналисттер үчүн эң кооптуу өлкө саналат). Финансылык жана административдик коррупция жөнүндө жазган 50 жаштагы Хилал ал-Ахмадини былтыр февралда Мосулдагы үйүнөн чыгып баратканда атып кетишкен.

“Ал-Арабия” телеканалынын кабарчысы Саба ал-Бази Тикрит шаарындагы өкмөттүк имаратты куралчандар басып алып, жардырып жибергенде набыт болгон. Окуяны чагылдырып жүргөн Саба 30 гана жашта болчу.

Newseum музейи былтыр бейажал өлгөн пакистандык жети журналисттин ысымын түбөлүккө калтырды. Сяед Салем Шахзад Пакистандын деңиз аскерлери менен “ал-Каиданын” мыйзамсыз кызматташуусу жөнүндө изилдеп жазган. Анын кыйнап өлтүрүлгөн денеси былтыр майда Исламабаддын четинен табылган.

Шахзад өлтүрүлгөндөн эки күн мурда “ал-Каиданын” Карачидеги деңиз аскер базасына кол салуусу тууралуу кенен материал жарыялаган. “Азаттыктын” Пакистан кызматынын билдиришинче, Шахзад аны Пакистандын коопсуздук күчтөрү коркутканын айткан.

Көрүнүктүү Азербайжан жазуучу жана “Азаттыктын” кабарчысы Рафмик Тагини ноябрда Бакыдагы үйүнөн алдында белгисиз бирөө бычактап кеткен. Ал Азербайжандагы саясый исламдын жана Ирандагы диний режимдин сынчысы болчу. Таги оор жараттан өлөр алдында андан Ирандагы адам укуктарын бузууларды сындап жазганы үчүн өч алышты окшойт деген оюн айткан.

Дагестандык журналист, 46 жаштагы Ажымурад Камаловду декабрда өзү чыгарчу “Черновик” апталыгынын алдында беткапчан адам атып кеткен. Ал ислам козголоңчуларын полициянын кордоп-кодулоосун ашкерлеп жазчу.

Жаңы ысымдар менен Вашингтондогу мемориалдык дубалга аты жөнү жазылган журналисттердин саны 2156га жетти. Бул дубалга алгачкы журналисттин ысмы 1837-жылы жазылган.
XS
SM
MD
LG