Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Коомдук ишмер Жыпар Жекше дүйнө салды


Жыпар Жекше (1947--2020).
Жыпар Жекше (1947--2020).

Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөшкө бараандуу салым кошкон атуул, “Ашардын” жана КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер Жыпар Жекше оорунун айынан каза болду.

Жакындарынын айтымында, ал Бишкектеги улуттук госпиталда COVID-19 илдетине байланыштуу дарыланып жаткан кезинде, 21-июлга караган түнкү саат 1:30дун тегерегинде үзүлгөн.

Жыпар Жекше (Жыпар Жекшеевич Жекшеев) 1947-жылы 26-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу кыштагында туулган.

Ал 1971-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1988-жылы Мамлекеттик көркөм өнөр институтун аяктаган. 1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

Жыпар Жекше 1989-жылы жайында Кыргызстандагы туңгуч демократиячыл уюмдардын бири болгон “Ашар” козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал эми 1990-жылы май айында ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) беш теңтөрагасынын бири болуп шайланган.

Ал Кыргызстандын эгемендик алуу үчүн күрөшүнө бараандуу салым кошкон. 1991-жылы Кыргызстандагы ГКЧПга каршы коомдук чукул штабдын жетекчиси болгон.

Кийинчерээк, КДК табигый ыдырай баштаганда, 1993-жылы ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылы” партиясын негиздеп, анын Саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Ж.Жекше 1995-2000-жылдары Кыргызстандын кош палаталуу Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

2005-жылдын 24-мартындагы биринчи элдик ыңкылаптан соң, ошол жылдын апрелинен тартып ал Абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.

2007–2009-жылдары Жыпар Жекше Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Башкы катчысы болуп иштеген.

2009-жылы ал Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин бири болгон.

2017–2019-жылдары ал КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеп, өз ыктыяры менен бул коомдук жумуштан кеткен.

Жыпар Жекше Кыргызстандын "Кайра куруулар" доорунан берки коомдук-саясий турмушуна, “Ашар” менен КДКнын тарыхына байланыштуу кыргыз жана орус тилдеринде 3 китеп, 100дөн ашуун ар кыл публицисттик макалалар жарыялаган.

Ал Кыргызстандын “Даңк” медалы, “Манас–1000” эстелик медалы, Казакстандын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жыпар Жекшенин артында жубайы, эки кыз, төрт уулу калды.

“Азаттык” үналгысынын жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана үзөңгүлөштөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

XS
SM
MD
LG