Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:07

"Журналист 100 миң, редакция 500 миң сом төлөйт". Жогорку Соттун Kaktus.media боюнча чечими


 Kaktus.media басылмасынын сайты.
Kaktus.media басылмасынын сайты.

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Сотто "Вечерний Бишкек" гезитинин Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча чечим чыкты.

Соттук коллегия журналист Диля Юсуповага буга чейинки эки инстанцияда салынган 500 миң сом айыпты 100 миң сомго түшүрдү. Ал эми басылманын өзүнө салынган 500 миң сом айып ошол бойдон калды.

“Вечерний Бишкек” гезити менен Kaktus.media басылмасынын иши Жогорку Сотко жетип, 9-ноябрда биринчи отурум болгон. Соттук коллегия тараптардын жүйөлөрүн угуп кийинки жараянды 10-ноябрга дайындаган.

Kaktus.media сайтынын адвокаттары моралдык зыян келтирилди деген негиз менен басылманы миллион сомдук доого жыгуу мыйзамсыз экенин, юридикалык жак моралдык зыян тартышы мүмкүн эмес экенин айтышууда.

Иш Жогорку Сотко жетти

Жогорку Сот “Вечерний Бишкек” жабык акционердик коомунун Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча 9-ноябрдагы соттук отурумда чечим чыгарган эмес.

Kaktus.media сайтынын адвокаты Нурбек Сыдыков эки медианын ишине байланыштуу буга чейин соттун эки инстанциясы чыгарган чечимдерди мыйзамсыз деп атады.

“Мыйзам боюнча, ошол эле Жогорку Соттун пленумунун токтому боюнча юридикалык жакка моралдык зыян төлөнүп берилбейт. Себеби, моралдык зыян адамга гана колдонулат. Адам гана кандай моралдык зыян тартканын, кыйналганын далилдеп, талабын коё алат”.

7-ноябрда “Медиа Полиси Институту” уюму да Kaktus.media басылмасына коюлуп жаткан айыптын өзү мыйзамсыз болгондуктан сотто ал четке кагылышы керек экенин билдирген. Уюм да юридикалык жак моралдык зыян тартышы мүмкүн эместигин, доогер тарап басылма жалган маалымат жарыялаганын далилдеп бере албагандыгын кабарлаган.

“Журналист Диля Юсуповадан жана Kaktus.media редакциясынан 1 миллион сом өндүрүү тууралуу талап SLAPP (коомчулуктун катышуусуна каршы стратегиялык доо) тактикасын колдонууга барабар. SLAPP долбоорунун максаты – цензура жана коом үчүн маанилүү маселелер боюнча билдирүүсү үчүн жоопкер тарапты көп сумма жана узак соттук териштирүү менен жазалоо”, - деп айтылат маалыматта.

Адвокаттар Акмат Алагушев жана Нурбек Сыдыков. 9-ноябрь, 2023-жыл.
Адвокаттар Акмат Алагушев жана Нурбек Сыдыков. 9-ноябрь, 2023-жыл.

Соттук иштин чоо-жайы


“Вечерний Бишкек” басма үйү гезиттин жабылышы тууралуу макалага байланыштуу Kaktus.media басылмасын январь айында сотко берген. Буга 2022-жылы декабрда Kaktus.media “Вечерний Бишкек” гезити 2023-жылдын январь айынан баштап чыкпай турганын, электрондук vb.kg сайты калганын жазганы негиз болгон.

“Вечерний Бишкек” бул кабар чындыкка дал келбейт деген жүйө менен сотко кайрылып, 50 миллион сомдук доо койгон. Журналист Диля Юсупова, башкы редактор Наталья Тимирбаева жана негиздөөчүсү Дина Масловадан 25 миллион сом, калган 25 миллион сомун сайттын өзүнөн өндүрүүнү талап кылган.

Быйыл 23-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арызды жарым-жартылай канааттандырган. Башкача айтканда кабардагы “банкрот” деген сөз гана жокко чыгарылган. Басылманын журналисти Диля Юсупова 500 миң сом, Kaktus.media деген бренд менен таанымал “Промедиа Плюс” коомдук фонду (Kaktus.media басылмасынын ээси) 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилген.

4-сентябрда апелляциялык арыз Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылган. Буга нааразы болгон Kaktus.media Жогорку Сотко арыз берген.

Тараптардын жүйөсү


“Вечерний Бишкек” жабык акционердик коомунун директору Жылкыайдар Жумабеков 9-ноябрдагы соттук отурумда буга чейинки эки инстанциянын чечимин туура деп эсептей турганын айтты.

“Вечерний Бишкек” “банкрот” деп табылган эмес. Гезиттеги эмгек келишимин узарткан кызматкерлер иштеп эле атышат. Ошондуктан биринчи жана экинчи инстанция юридикалык туура баа берди. Андыктан кассациялык арызды четке кагып, буга чейинки чечимдерди күчүндө калтырууну суранам”.

Kaktus.media сайтынын адвокаттары буга чейин Кыргызстанда моралдык зыян келтирилди деп юридикалык жак доо өндүргөн окуя болбогонун, басылманын иши прецедент болуп калганын айтышууда. Сайттын негиздөөчүсү Дина Маслова мындай деди:

Дина Маслова.
Дина Маслова.

“Сот көз карандысыз жана ал чыгарган чечим адилеттүү болушу керек. Моралдык зыян деген шылтоо менен басылмадан жана журналисттен 500 миң сомдон өндүрүп алууну каалап атышат. Кабарда чындык жазылган бир сөз үчүн юридикалык жак миллион сом талап кылууда. Мен буга чейинки эки инстанциянын чечимин мыйзамсыз деп эсептейм”.

Кыргыз жана орус тилинде иштеген көз карандысыз Kaktus.media агенттиги - өлкөдөгү ар кандай коррупциялык схемалар жөнүндө иликтөөлөрдү жарыялап келет. Социалдык тармактардагы баракчаларын активдүү иштетет.

Эл аралык эки уюмдун билдирүүсү


Ушул тапта бул Kaktus.media сыяктуу көз карандысыз “ПолитКлиника” басылмасы мамлекеттик ЭлТР телеканалы менен соттошуп жатса, Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” сайтын жабуу боюнча сотко кайрылып, териштирүү жүрүүдө.

Ал тапта Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) жана Укуктук өркүндөтүү фонду (Legal Prosperity Foundation - LPF) Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасын жарыялап, Евробиримдикти сүйлөшүүдө аны эске алууга чакырды.

Документте Кыргызстанда “Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу” мыйзам долбоору кабыл алынса, ЖМКларды жана онлайн-платформаларды кайра каттоого мажбурлап, бийликти сындап жазгандарды куугунтуктоого мүмкүнчүлүк берери айтылат. Баяндамада ошондой эле бийлик эркин маалымат каражаттарына жасаган басым тууралуу да жазылган. Укук коргоочулар Кыргызстандын бийлиги “жалган” маалыматтан коргоо боюнча талаштуу мыйзамды колдонуу менен бир нече ирет көз карандысыз медиа каражаттарынын сайттарын жапканын эске салышат. Мисал катары “Азаттык Медиа” мекемесинин жана “Клооп” агенттигинин тегерегиндеги окуялар келтирилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG