Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Салыкчы менен тазалыкчынын түнкү мушташы


6-октябрда "Кара-Суу" базарын тазалаган жумушчу аялды райондун салык кызматкери зордуктоого аракет кылып, ага болушкан күйөөсүн сабап салганы тууралуу маалымат социалдык тармактарда тараган. Учурда салык кызматкери да, "аялыма болушуп токмоктолдум" деген жумушчу да бири-бирин күнөөлөп ооруканада жатышат.

Алина Абдукаримова жолдошу экөө "Кара-Суу" базарындагы таштандыларды түн жарымына чейин тазалап иштешет. Алина 4-октябрда түнкү саат 12лер чамасында базардагы таштандыларды топтоочу жайды шыпырып жаткан учурда райондун салык кызматкери Ариет Мамажакыпов аны зордуктоого аракет кылганын, ага болушкан жолдошун салыкчы өз жакындары менен бирге токмоктоп салганын айтууда.

- Мен күйөөмдөн мурда келип, таштанды топтоочу жайды шыпырып жаткам. Анан эле бир бала келип мага асыла баштады. Караңгыда кайдан келгенин байкабай калыпмын. Ал аябай эле кызуу болчу. Мен кыйкырып, анын колунан бошонуп чыктым. Аңгыча күйөөм жетип келип, экөө мушташа кетишти. Мен милиция чакырдым. Ал уят сөздөр менен аябай сөгүнүп жатты.

Алинанын жолдошу Эркин Алмакеев мээси чайкалган, бет булчуңдары эзилген абалда азыр райондук ооруканада дарыланууда. Эркин салыкчынын таасирдүү туугандары аны "ооруканадан ары жок кылып жиберебиз" деп коркутуп жатканын ырастайт:

- Ариет дегендин туугандары жалаң чоңдор экен. "Сени ооруканадан ары жок кылып жиберебиз" деп коркутуп жатышат. Мен корко баштадым. Кечирим сурап коюу булардын оюнда жок. Айбан дагы аялын кызганат. Бул бала менин аялыма асылып жатса, мен айбан болбосом, ага болушуп мушташа кеттим. Мен маска теңелбейин деп өзүмдү кармадым. Чындап урганымда ал соо калбайт болчу.

Бирок салык кызматкери Ариет Мамажакыпов ал түнү мас абалда экенин, таштанды топтоочу жайга заара ушатканы барганын, таштандыкананы шыпырып жүргөн аял менен кайым айтышканын, жолдошу менен мушташканын мойнуна алууда. Бирок базар тазалаган жумушчунун аялын зордуктоого аракет кылды деген доомат суу кечпейт дейт:

- Мен ошол күнү инимдин туулган күнүндө отургам, мас болчумун. Анан заара ушатуу үчүн жакынырак деп ошол таштанды топтоочу жайга кире калгам. Ал жерде бир аял "эмнеге бул жакка кирдиң?" деп кыйкыра баштады. Анан мен мастыгым менен аны сөгүп салдым. Ал иш туура эмес болгон. Бирок аны зордуктоо деген ой болгон эмес. Аңгыча эле күйөөсү келип күрөк менен чаап жиберди. Мен өзүмдү жоготуп койдум. Алар мага куру доомат артышууда.

Учурда тазалыкчы менен салыкчынын мушташы боюнча Кара-Суу райондук милициясында үч арыз каралууда. Таштанды топтоочу жайдын кароолу Эркин Алмакеев салыкчы Ариет Мамажакыповдун үстүнөн арыз таштаган. Ошол эле убакта бөөдө токмоктоп салды деп салык кызматкери Ариет Мамажакыпов да Эркиндин үстүнөн арыз жазган. Бул арада "мени зордуктоого аракет кылды" деп, Эркиндин аялы Алина Абдукаримова да Ариеттин үстүнөн милицияга арызданды.

Ош облустук ИИБнын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев тараптардын арыздары иликтенип жатканын билдирди.

- Окуяга катышкан үчөө тең бири-бирине каршы арыз жазышты. Тил каттары алынды. Окуя кылмыштарды каттоо китебине түшүрүлдү. Ал арыздардын чын же жалган экени текшерилип, окуянын күбөлөрү суралып жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө бардык жагдайлар такталат. Тергөөнүн жыйынтыгында ар биринин аракетине юридикалык баа берилет.

Кара-Суу райондук салык кызматкери Ариет Мамажакыпов 32 жашта. Үч баланын атасы. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов менен таяке-жээн экени айтылууда.

"Кара-Суу" базарындагы таштанды топтоочу жайдын кызматкери Эркин Алмакеев 42 жашта. Алина Абдукаримова экөө жакында эле баш кошуп, "Кара-Суу" базарында иштеп жатышкан.

Таштанды кароолун сабаган салыкчы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00

XS
SM
MD
LG