Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Карантин учурундагы билим жана тамаша


Кыргызстанда 25-марттан тарта үч шаарда жана үч райондо өзгөчө абал режими иштей баштады. Мындан улам айрым мугалимдер, тренинг өткөндөр онлайн иштөөгө өтүштү.

Кыргызстандыктар ушу тапта өзгөчө абалга байланыштуу үйүндө карантинде жакындары менен отурган кези.

Маселен, укук коргооочу Азиза Абдирасулова карантин учурунда небересине, короо-жайына көңүл буруп калганын айтууда:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

"Жакындарыма көптөн бери көңүл бурбай калдым эле. Ушул күндөрдү ошого сарптадым. Неберем, абышкам менен үйдө ойноп, эс алып жатабыз. Короо-жайды тазалап, картошка айдадык. Уулум, келиним да жанымда. Ошентип баарыбыз чогуу үйдөбүз", - деди укук коргоочу.

Ошол эле учурда карантин маалында ишин үй шартында улантып жаткандар да бар. Көпчүлүк мекемелер кызматкерлери үчүн аралыкта иштөөгө шарт түзүп берди.

Карантин учурунда элдин көбү Интернетке байланып, буга жараша онлайн билим берүү жана тренингдер да көбөйдү. Билим берүү жана илим министрлиги 8-апрелден тартып орто мектептин окуучуларын аралыктан окутууга даярданып жатат.

Бирок министрлик жана жалпы билим берүү тармагы аралыктан окутууга даяр эместигин адистер белгилешүүдө. Алардын бири - билим берүү боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаров бир канча педагогдор менен биргеликте ZOOM программасы аркылуу аралыктан окутуунун шарттары жана эрежелери тууралуу онлайн вебинар даярдай баштады.

"YouTube" жана "Фейсбук" социалдык тармактарында түз көрсөтүлүп жаткан вебинар мугалимдердин даярдыгы жана окуучулардын билимин аралыктан текшерүү маселесин талкуулайт.

Сайназаров соңку кризистен пайдаланып, онлайн окутууну жөнгө салууга кезек келгенин айтууда:

Кеңешбек Сайназаров.
Кеңешбек Сайназаров.

"Бул учур биздин онлайн билим берүүгө даяр эмес экенибизди ачык эле көрсөттү. Ошон үчүн биз ушундай сабактарды баштадык. Кызыгы, ага болгон муктаждыкты дароо эле байкадык. Түз эфир учурунда мугалимдер кошулуп , активдүү суроолорду берип жатышты. Жалпысынан жогорку окуу жайлардын студенттерине сабак беребиз. Ушул кризистен пайдаланып, онлайн билим берүүгө өтүп алсак да болот. Бирок ал учурда окуучулардын кайтарымдуулугу же тагыраагы аларга ТВ аркылуу берген билимди текшерүү зарылчылыгы пайда болот".

Аталган вебинарды бир күндө 20 миңден ашуун адам көргөн. Айтмакчы, медиа адистери карантин башталгандан бери KYRNETте көрүүчүлөрдүн саны өскөнүн айтышкан. Ушундан улам окутуу, тренингдер мектеп окуучуларына эле эмес, ар кандай тематика, маселен SMM, туура тамактануу жолдору же фитнес тренер менен машыгуулар да өтүүдө.

Ал эми Инстаграмда атактуулар, блогерлер өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча 40 күндүк марафон башташты. Түз эфирде кеңеш айткандардын бири - ишкер, "Курак" форумунун теңтөрагасы Айжан Чыныбаева. Ишкер марафон жана үйдө отурган кезде убакытты туура пайдалануу боюнча кеңештери менен бөлүштү:

Айжан Чыныбаева.
Айжан Чыныбаева.

"Марафон адамдарга өзүн-өзүн өнүктүрүү тууралуу кеңештерди берет. Анын алкагында бир канча спикерлер ар кандай багыттар боюнча күнүгө Инстаграмда түз эфирде колдонуучулардын суроолоруна жооп берет. Негизи эле карантин учурунда үй-бүлө өзүн-өзү алаксытуу үчүн ар кандай пайдалуу иштерди алдын-ала пландап алса болот. Чогуу отуруп кино көрүп, кийин аны же окулган китеп тууралуу талкуу уюштуруп дегендей. Бул чоңдор жана балдар үчүн кызыктуу, алардын ой жүгүртүүсүнө жакшы көнүгүү. Ошол эле тазалыкты сактоо боюнча мисалы, балдар бир күнү чоңдор бир күнү үйдү жыйнайт деп бөлүштүрүп алыңыз. Болушунча күндү кызыктуу өткөрүүгө аракет кылыңыз”.

Ушул эле Инстаграмда "Үйдө отур" хэштеги менен атактуулар ролик, пост жазып таратып, колду жууп, дезинфекция кылуу боюнча дүйнөлүк челленжди колдоп кетишти.

Адистер коронавируска байланыштуу кырдаал, үйдөн чыкпай отуруу шарты адамдарга ар кандай таасир этерин эскертип, убакытты туура өткөрүү, стресске кабылбоо боюнча ар кандай сунуштарды айтып жатышат. Алар стресс иммунитеттин күчүн жоготуп, мунун өзү ооруну жугузуп алуу коркунучун жогорулатарын белгилешет. Ушундан уламбы, вирус тууралуу маалыматтарды ар кандай тамашага айландырган учурлар да арбын.

Вайнерлер үчүн карантин эң көп тамашага алынган темага тез эле айланды. Жогорудагы вайндын автору, актер Актан Рыскелдиев мындай тамашалар элди терс кабарлардан алаксытып, ошол эле маалда үйдө отуруп, эрежелерди сактоого чакырат дейт:

"Эң башкы кеңеш - үйдө отур. Үйдө отуруп дүйнөнү сактай аларыңа ишен деп жатабыз да. Ошон үчүн биз да болушунча элге ушундай кеп-кеңештерди берип жатабыз".

25-марттан тартып өлкөдөгү айрым аймактарда анын ичинде Бишкекте коменданттык саат киргизилди. Социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган бул видеонун автору өкмөттүн эрежеси аткарылып жатканын текшергиси келгенби, айтор кечки саат тогузда Бишкектин ээн көчөлөрүн телефонго тарта баштаган.

Автордун бул видеосун патрулдук автоунаа менен келген милиция кызматкерлери токтотуп калды. Сыягы, бул адам өзгөчө абалды бузуп, милиция кармап кеткен адамдардын катарына кошулду окшойт.

Ушундай тамаша аралашкан билдирүү, посттор социалдык тармактарда тарап жатат. Өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал 15-апрелге чейин кабыл алынганын эске салабыз. Адистер бул убакты билим алуу, китеп окуу же дагы башка пайдалуу иштерге жумшоону сунуш кылышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG