Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Казакстан: Мухтар Жакишев абактан чыкты


Мухтар Жакишев түрмөдө 11 жыл отурду.
Мухтар Жакишев түрмөдө 11 жыл отурду.

Казакстанда «Казатомпром» компаниясынын мурдагы жетекчиси Мухтар Жакишев 19-мартта түрмөдөн чыкты.

Семей шаардык соту 3-мартта аны мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошоткон. Жакишев 2009-жылы коррупция үчүн айыпталып, камакка алынган. Сот аны ошол жылы 14 жылга түрмөгө кескен.

Муктар Жакишевдин жактоочулары ал мурдагы банкир, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин эң башкы саясий душманы, бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов менен дос болгону үчүн гана камалганын айтып келишкен болчу.

Мухтар Жакишевди түрмөнүн оозунан анын бир канча тарапташы тосуп алды. Кубанычы койнуна батпаган, жабалактап сүйүнгөн адамдар «Мухтар жашасын!» деп кыйкырып турушту. Жакишев чогулгандар менен учурашып, санаалаштарына ыраазычылыгын айтты.

«Колдооңорго чоң рахмат. Бул мен жана үй-бүлөм үчүн маанилүү болду. Оор күндөр артта калды деп ишенем», - деди Жакишев.

Жакишев Семейден ары Алматыга учуп кетерин билдирди.


Мухтар Жакишев мындан 11 жыл мурун камакка алынган. Ага коррупцияга байланыштуу айып тагылып, сот 2009-жылы аны 14 жылга эркинен ажыраткан.

Жакишев жаза мөөнөтүнүн теңине жакынын Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында өткөргөн. Анын адвокаты ден соолугу кескин начарлап кеткенин билдирген. Андан кийин Ички иштер министрлигине караштуу Жаза аткаруу комитетинин тергөө абагына которулган.

Семей шаардык соту 3-мартта Жакишевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу анын адвокатынын арызын канааттандырган. Аталган сот буга чейин ушундай өтүнүчтөрдүн баарын такай четке кагып келген эле. Судьялар муну Жакишев 261 миллион доллар (99,6 миллиард тенге) өлчөмүндө зыянды мамлекетке кайтарган эмес деп негиздешкен.

Эми Жакишев калган үч жылдан ашык жаза мөөнөтүн пробациялык көзөмөл алдында өтөмөкчү. Тактап айтканда, ага бир катар чектөөлөр коюлат, маселен Казакстандын башка аймактарына полициянын уруксаты жок бара албайт жана чет өлкөгө чыкканга болбойт.


Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Жакишевди «саясий туткун» деп таанып, казак бийлигин аны абактан бошотууга чакырышкан. Расмий Астана болсо өлкөдө саясий негизде камалгандар бар экенин мойнуна алган эмес.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) адам укуктары боюнча комитети 2015-жылы Жакишев тууралуу сот өкүмү жокко чыгарылышы керектигин билдирген жана сотто анын укугун коргоого мүмкүнчүлүк берилбегенин айткан.

Эки жыл мурун Норвегиядагы Хельсинки комитети менен «Борбор Азиядагы адам укуктары» ассоциациясы анын саламаттыгына тынчсызданып, ырайым берүүнү өтүнүп ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жолдошкон. Ошол жылы ал кан басымы жогору болгонуна байланыштуу үчүнчү топтогу майыптыкты алган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG