Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Казакстанда «Назарбаев кетсин!» дегендер кармалды


Алматы шаарындагы активисттерди кармоо. 27-февраль, 2019-жыл.
Алматы шаарындагы активисттерди кармоо. 27-февраль, 2019-жыл.

27-февралдагы нааразылык акциясында Казакстанда "Назарбаев кетсин!" деп кыйкыргандарды полиция алып кетти.

Астанада "Нур Отан" партиясынын курултайы өтүп жаткан кезде бир канча шаарда чогулган ондогон адамдарды полиция кармады. Казакстанда бир айдан бери социалдык талаптар менен нааразылык акциялары өтүп жатат. Партиянын курултайында сүйлөгөн сөзүндө президент Нурсултан Назарбаев элге социалдык колдоо күчөтүлө турганын айтты.

Астанада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда "Нур Отан" партиясынын курултайы өтүп жаткан Төбөлсүздүк сарайына жакын жердеги аянтка чогулган ондогон адамды полиция кармап кетти. Окуяга күбө болгон "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчыларынын айтымында, Астанада жыйналгандардын колунда кандайдыр бир талаптар жазылган плакаттар болгон эмес.

Казакстанда ондогон адам кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

Жогорудагыдай эле кармоолор Алматы шаарында да болду. Алматыдагы "Нур Отан" партиясынын кеңсеси жайгашкан жерге чогулгандар бийликке жумушчу орундарын түзүү, элдин турмушун жакшыртуу талаптарын коюшту:

- Булар өз калпына өздөрү ишенет болду бекен?! Калк ишенип отуруп, чыдамы түгөндү. Эми элди токтото албайт. Мен карапайым казакмын, жашым алтымыштан ашты, алты балам бар. Мен чарчадым. Азыр алып барып атып жиберсе да айтам.

- Жаштар зериккенинен чыгып жаткан жок го? Энелердин да жан айгайы ошонун далили. Көп балалуу энелер 16 миң теңгеге кандай күн көрөт? Адамдарды минтип кордогонду токтотуш керек. Азыр чындыкты айтсаң балээге каласың, "ДВКсың" (тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылы) дешет. Мен ДВКдан эмесмин. Мен өз оюмду айта турган адаммын. Чындык болушу керек го!

Алматыга чогулгандар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн имараттын ичине кирип сүйлөшүү тууралуу сунуштарынан баш тартып жатышты. Алар муну "бийлик дайыма ушинтип алдап, тил эмизип келе жатат" деп негиздешти. Чогулгандардын арасында "Назарбаев кетсин!" деп кыйкыргандар да болду.

- Менин "Назарбаев кетсин!" деген тилегим бар, - деген улгайган аялдын сөзүн башкалар да колдоп кетти.

- Назарбаев кетсин! Өзүнүн адамдарын алып кайра эле өз адамдарын коёт. 30 жылдан бери калкты алдап келе жатат. Бизде Конституция эл үчүн иштебейт. Назарбаев кетсин! Назарбаев кетсин!, - деди Алматыдагы нааразылыкка чыккан аялдардын бири.

Ал эми өзүн Бауржан деп тааныштырган прокурор элдин жыйналышы мыйзамсыз экенин эскертти:

- Азыркы учурда сиздер өткөрүп жаткан акция-митингдер мыйзамсыз. Ал үчүн мамлекеттик органдардан уруксат алуу керек болчу. Мен прокурор катары бул нерсени айтууга милдеттүүмүн.

Прокурорлордун элдин көчөдө уруксатсыз жыйын өткөрүшү мыйзамсыз экенин айтканына чогулгандар кулак салбаган соң алар кармала баштады.

Ал эми Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери кармалды. Аларды полиция күч менен кармап, бир жарым сааттык жолдогу Актау шаарына алып кеткен. Полиция аларды үч сааттан кийин гана бошоткон.

Жаңы-Өзөндө да 9-февралдан бери элди жумуш орундары менен камсыз кылууну талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат. Маңгыстау облустук прокуратурасы маалымдагандай, 23-25-февралда Жаңы-Өзөндө 16 адам "коомдук тартипти бузду" деген айып менен 5-7 суткага административдик жазага тартылган.

27-февралда Астанадагы "Нур Отан" партиясынын курултайында сөз сүйлөгөн президент Нурсултан Назарбаев жакыр үй-бүлөлөр жеңилдетилген шартта ала турган "40 миңден ашык батир салууну өкмөткө тапшырганын" билдирди. Ошондой эле быйыл республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 45 пайызы социалдык багытка жумшала турганына убада берди:

- Өкмөткө социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарды, өзгөчө көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо чараларын кеңейтүүнү тапшырдым. Минималдык жашоо көрсөткүчүн 70 пайызга чейин жеткирүүбүз керек. Ал эми жөлөкпул алып жаткан көп балалуу үй-бүлөлөрдүн ар бир баласына бериле турган жардамды 21 миң теңгеге чейин көтөрүүнү тапшырамын. ​

"Нур Отан" партиясынын XVIII курултайы анын негизделгенинин 20 жылдыгына туш келди.

Казакстанда көп балалуу энелер ушул айдын башынан бери баш калаа Астанада жана өлкөнүн бир нече аймактарында нааразылык акцияларын уюштурушту. Алар жөлөкпулду көбөйтүүнү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууну жана башка бир катар көйгөйлөрдү чечип берүүнү талап кылышкан.

Бул нааразылык акциялары 4-февралга караган түнү Астанада жер үйдөн чыккан өрттөн ата-энеси жумушта болгон учурда беш бир тууган кыз каза тапкандан кийин башталган.

Бозгундагы казак олигархы, оппозициячыл саясатчы, тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын негиздеген Мухтар Аблязов 27-февралда, "Нур Отандын" курултайы күнү элди ал партиянын кеңселерине чогулууга, көп балалуу энелердин талаптарын колдоого чакырган.

Ушул жумада Казакстанда өкмөт да алмашты. 25-февралда жаңы премьер-министр болуп Аскар Мамин дайындалды. Казак президенти Нурсултан Назарбаев 21-февралда Бакытжан Сагинтаев башкарган өкмөттү "экономиканын өнүгүшүн камсыз кыла алган жок, министрлер эл менен иштей албайт" деген сын менен кызматтан кетирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG