Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Казакстан: Чек арачыларды чек арачы кырганбы?


Казак-кытай чек арасындагы казак чек арачысы, 13-май, 2003.
Казак-кытай чек арасындагы казак чек арачысы, 13-май, 2003.

Казакстанда киши колдуу болгон чек арачылардын тирүү калган кызматташы камакка алынды.

Казак маалымат агенттиктеринин кабарларында ал кызматташтарын өлтүргөнүн моюнга алганы айтылат. Казак-кытай чек арасында өткөн аптада болгон бул окуяны президент Нурсултан Назарбаев терракт деп атап, ага жоопкерлер тергөө учурунда аныкталарын белгилеген.

Бир чек арачы кантип тирүү калган?

Казак-кытай чек арасындагы “Сары көрпө” чек ара заставасынын “Арканкерген” бекетинен адегенде он эки чек арачы менен бир токойчунун, кийин дагы эки чек арачынын сөөгү өткөн аптада табылган.

Мунун алдында он беш чек арачы кызмат өтөгөн бекет менен радиобайланыш үзүлгөн.

Бекетке баргандар чек арачылардын сөөктөрү, жоокерлер турган казарма, офицерлер турган үй өрттөлгөнүнө күбө болушкан.

Өрттөлгөн бекетте кызмат өтөгөн он бешинчи чек арачы дайынсыз деп эсептелип, ушул шейшемби күнү тирүү табылганы кабарланган.

Казак ички иштер министри Кулмухамед Касымовдун ырастоосунда, чек арачы өзү кызмат өтөгөн бекетке жакын жердеги малчылардын турагынан табылган. Жөнөкөй кийим кийип алган чек арачынын жанында анын командирине тиешелүү курал болгон.

Ал эми шаршембиде түрүү калган чек арачынын ысымы ачыкталып, Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ал камалганын ырастады.

Алматы облустук акимчилигине жана ички иштер министрлигине шилтеме жасаган кабар агенттиктери болсо 19 жаштагы Владислав Челах 14 кызматташын өлтүргөнүн моюнга алганын кечээ кечке жуук маалымдашты.

Бирок казак коомчулугунан мындай кылмыш жалгыз чек арачынын колунан келгенине ишенкиребеген пикирлер да айтылууда. Мурдагы башкы прокурор, Социал-демократиялык “Азат” жалпы улуттук партиясынын тең төрагаларынын бири Жармахан Туякбай мындай дейт:

- Мурдагы тергөө адиси иретинде курал-жарагы бар он төрт адамдын баарын башка атып өлтүрүү 19 жаштагы өспүрүм жигиттин колунан келерине күмөнүм бар. Ал моюнуна алышы мүмкүн. Бир нерсени моюнга алдыруу кыйын иш эмес. Азыр эң башкысы чынында эмне болгондугун, кол салууга башка кишилердин тиешеси бар-жогун кылдат текшерүү керек.

Туугандары ишенбейт

Он тогуз жаштагы уулунун ушундай оор кылмышка барганына Владислав Челахтын жакын туугандары да ишене албай турат.

Жоокердин Караганда шаарында жашаган чоң атасы Владимир Челах “Азаттыктын” казак кызматы менен маегинде небереси тирүү калганы үчүн садагага чабылып жатканын белгиледи:

- Чын-чынында көзүрлөр менен акчасы көптөр өз артын жаап жатышат. Алар жем жеген акырынан айрылышкан. Ал жер аркылуу жогорку катмардын алматылык, талдыкоргондук, балким астаналык өкүлдөрү азыктанып турган. Дары чөптөр бар да, ал чөптөрдүн тамырынын бир килограммы базарда үч миң доллар турат.

Адатта Казакстан өз аймагынан дары чөптөрдүн мыйзамсыз чогултулбоосу үчүн жайында Кытай менен чек арасынын боюнда кошумча көзөмөл орнотот.

Он төрт чек арачы ажал тапкан “Арканкерген” бекети жай мезгилинде гана иштечү.

Камалган чек арачынын туугандары милициянын ал кесиптештеринин өмүрүн кыйууга уставдык эмес мамилелердин айынан улам барган болушу мүмкүн деген жоромолдорун да четке кагууда. Чек арачынын энеси Светлана Ващенконун ырастоосунда, уулу аскерге өз эрки менен кеткен, чек арада кызмат өтөгөнүнө сыймыктанчу.

Президент Нурсултан Назарбаев аталган окуядан кийин күч түзүмдөрү менен алгач өткөргөн жыйында чек арачылардын өлүмүн терракт деп атаган. Бирок ага жоопкерлер тергөөнүн жүрүшүндө аныкталарын билдирген. Кечээ Назарбаев Бээжинде жүргөн жеринен журналисттердин суроосуна жооп берип, чек ара бекетине сырттан кол салуу болбогонун кошумчалаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG