Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Жаңы-Өзөн трагедиясына бир жыл


Казакстан - Орол калаасындагы эскерүү иш-чарасынан, 16-декабрь, 2012.
Казакстан - Орол калаасындагы эскерүү иш-чарасынан, 16-декабрь, 2012.

Казакстанда Жаңы-Өзөн шаарындагы былтыркы кандуу окуянын бир жылдыгы эскерилип жатат.

Былтыр дал ушул күнкү, 16-декабрдагы тополоңдо Жаңы-Өзөн шаарында 16 кишинин өмүрү кыйылган эле. Сырт байкоочулар бул трагедиядан кийинки окуяларда өлкөнүн кашыктап жыйган демократиялык аброю чөмүчтөп чачылгандыгын белгилешүүдө.

Көз карандысыздык күнүнө тушташ бүгүн Казакстандын бир катар шаарларында Жаңы-Өзөндөгү окуялардын бир жылдыгы да эскерилип жатат. Алматы менен Астанада бул кандуу окуянын бир жылдыгын эскерүү акциясына жыйналгандар “Жаңы-Өзөн” деп кызыл боёк менен жазылган ак тасманы ийиндерине илип жүрүштү.

Былтыр 16-декабрь - Көз карандысыздык күнүндө өлкө батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктаганда, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 16 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жаракат алган эле.

Бүгүн Жаңы-Өзөндүн борборундагы имараттардын көрүнүшү кыйла оңолуп калган, көптөн күтүлгөн ремонт иштери жүргүзүлүп, үйлөрдү актап коюшкан.

Бирок "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкендин айтымында, үй тургундарынын маанайы былтыркыдан көп өзгөргөн эмес.

2011-жылдын 16-декабрында борбордук аянттагы номер 33-көп кабаттуу үйдүн тургундары терезеден полиция куралсыз демонстранттарды атып баштаганда көргөн көздөрүнө ишенген эмес.

«Полиция элге ок жаадырып жатканын өз көзүбүз менен көрбөдүкпү», - дейт өз атын атагысы келбеген тургундардын бири.

Кагылыш жети айга созулган мунай жумушчуларынын иш таштоосунан улам чыккан эле.

Казакстандын батышындагы алыскы Жаңы-Өзөн жана ага коңшу Ак-Тоо шаарларында айлыкты көбөйтүп, жумуш шартын жакшыртууну талап кылган мунай жумушчуларына жети ай ичинде борбордук бийликтен, же парламенттен бир да киши басып келген эмес.

"Өкмөт Жаңы-Өзөндөн кийин бул кыргынды акыйкат иликтөөгө берген убадасынын өтөөсүнө чыккан жок", - деп билдирди Ак-Тоонун улуу жаштагы тургуну Адил Жумалы уулу "Азаттыкка".

Көз карандысыздыктын 20-жылындагы эң кандуу окуя чыккан Жаңы-Өзөндө быйыл Казакстандын көз карандысыздыгын майрамдоого тыюу салынды. Башка шаарларда, ошондой эле Киевде, Маскөөдө жана Берлинде Жаңы-Өзөн трагедиясын курмандыктарын эскерүү пландалууда.

Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүгө байланыштуу бир нече полиция кызматкери жана түрмө өкүлү соттолгон. Бирок бул окуядан кийин көбүнчө журналисттер менен оппозициядагы саясатчылар куугунтукка кабылышты.

Акыркы апталарда казак бийликтери өлкөдөгү эң бир таанымал гезиттерди, теле каналдарды жабууга буйруду же аларга тыюу салынуунун алдында турат.

Соттолгон оппозиция өкүлдөрүнүн ичинен "Алга" партиясынын жетекчиси Владимир Козлов Жаңы-Өзөнгө тийешеси бар деген кине менен жети жарым жылга кесилип кетти.

Ал эми мунай жумушчуларынын арасынан айрымдары 12 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажырады.

Ошол эле убакта укук коргоочулар "тартип коргоочулар ашыкча күч колдонду" деген кинелерге бийликтер жетиштүү көңүл бурбагандыгын айтып келишет.

Жалпысынан байкоочулар Казакстандын кашыктап жыйган демократиялык аброю бул трагедиядан кийинки окуяларда чөмүчтөп чачылгандыгын белгилешүүдө.



"Азаттыктын" архивинен: Жаңы-Өзөндөгү тополоң, 16-декабрь, 2011.

Казакстандагы тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00

XS
SM
MD
LG