Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Жаңы-Өзөндөгү ок атуулар үчүн кылмыш иши козголду


Казакстандын Башкы прокуратурасы Жаңы-Өзөн шаарында элге ок аткан полициячыларга кылмыш ишин козгоду. Аңгыча Жаңы-Өзөндөгү тополоң маалында жараат алган жана жан бергендер тартылган жаңы тасма жарыяланды.

Казакстандын баш прокурорунун басма сөз катчысы Нурдаулет Суйиндиков бейшембиде Астанада өткөн маалымат жыйынында билдиргендей, тергөөчүлөр кайсы бир полициячы адамдарды атайлап өлтүрүш үчүн мээлеп ок аткан-атпаганын иликтейт.

Кан төгүү менен аяктаган ал тополоңдон бери полициячылар элге ок атпаганын, эскертүү иретинде асманга гана ок чыгарганын айтып келатышат.

8 айдан бери Жаңы-Өзөндө жумуш шарттарын, айлыктарды көбөйтүүнү талап кылып, нааразылык акцияларын өткөрүп жаткан мунайчылар алачык тигип отурган шаардык аянтта 16-декабр, Казакстандын эгемендик күнү белгиленип жаткан чакта тополоң чыгып, расмий маалымат боюнча, 16 киши өлүп, дагы 100дөйү жарадар болгон.

Баш прокуратура өкүлү Суйиндиков канча полициячыга кылмыш иши козголгонун, же алардын ысымдарын тактап айткан жок. Болгону өлгөндөр менен жарадарлардын денесинен алынган ок дыкат иликтенип жатканын кошумчалады.

Ошол эле маалда ал Жаңы-Өзөндө ок тийип набыт кеткендердин өлүмү үчүн полиция күчтөрү күнөөлүү деп айтуу азырынча эрте деп катуу эскертти. “Кээ бирлердин өлүмүнө тартип коргоо органдарынын эч тиешеси жок, - деди Астанадагы жыйында Суйиндиков. – Мисалы, мектеп мугалими Атаберген Дүкесеновдун атасы анын уулу Жаңы-Өзөндөгү майрамдык иш чараларга окуучуларды алып барганы үчүн ал жерде топтолгон бейбаш хулигандардын колунан мерт болгон деп эсептейт”.

Өткөн аптада интернетте тарап кеткен тасмада полициячылар элди көздөй кадимки куралдан ок атып жатышканы тартылган. Ал видео тартылган даректи аныктап, тергөөчүлөр жергиликтүү тургундар арасынан ал тасманын авторун күнү-түнү издеп жатышканы маалымдалган.

Бейшембиде кечинде youtube.com сайтында дагы бир жаңы видеотасма таратылып, анда Жаңы-Өзөндөгү башкы аянтта канжалап жерде жаткан жаш жигиттин сөөгү, жанында ок тийип кан аккан жерин кармалап жыгылып бараткандар, корккон адамдардын кыйкырык ызы-чуусун көрүүгө болот.

Бейшембиде бийликтегилер ал күнкү тополоңго түз жана кыйыр тиешеси бар жыйырмадай оппозициячыл активист камакка алынганын жарыялашты.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өткөн аптада Жаңы-Өзөнгө барып, ал жердеги кандуу окуялар үчүн жергиликтүү бийлик менен мунай тармагын башкарган жетекчилерди айыптаган. Назарбаев аны менен чектелип калбай, өлкөдөгү ири мунай ишканаларын көзөмөлдөгөн "Самрук-Казына" компаниясынын башчысы, өзүнүн кара чечекей күйөө баласы Тимур Кулибаевди иштен бошотуп, Мангыстау облусунун губернаторун жумуштан кетирди.

Азырынча казак өкмөтү алдындагы атайын комиссия Жаңы-Өзөндө киргизилген 20 күндүк өзгөчө кырдаал узартылаарын ырасташты, андай абал дагы канчага созулаары беймаалым.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG