Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Бишкекте Жаңы-Өзөндө ок жегендер эскерилди


Бишкектеги Казакстандын элчилигин алдында жарандык коомдун өкүлдөрү Жаңы-Өзөн шаарындагы башаламандыкта набыт болгондорду эскеришти. Алар Жаңы-Өзөндө каза тапкан 16 адамдын өлүмүнө казак бийлигин күнөөлөп, Нурсултан Назарбаевдин авторитардык кадамдарын сынга алышты.

Жаңы-Өзөндөгү башаламандыкта мерт болгондорду эскерүү үчүн чогулгандар бейажал набыт болгондордун ысымдарын аташып, 1 мүнөт аза күтүштү.

Акцияны уюштуруучулар Жаңы-Өзөндөгү кайгылуу окуяга байкоо жүргүзүп турушканын, боордошторун жети күндүгүнө тууралап, минтип эскерүү аркылуу тилектештигин билдирип жатышат.

20дан ашык жарандык коомдун өкүлдөрү колдоруна “Мунай - адам өмүрүнө татыбайт”, “Назарбаев аза күтүү күнүн жарыяла” деген баракчаларды кармап турушту, казак бийлигинин элге ок атышын чектен чыккан жорук деп баалашты.

Акцияны уюштурган казак тектүү жарандык активист Аскат Дукенбаев Жаңы-Өзөндөгү окуялар казак бийлигинин чыныгы жүзүн ачып, анын авторитардык диктатурага айланганын дагы бир ирет далилдегенин белгилейт:

- Полиция адамдардын артынан кууп жүрүп өлтүргөнүн, элди таяк менен сабаганын көрдүк. Андай болбойт да. Бул нагыз эле айбанчылык. Адамдарды иттей атып, сабап жүрүп өлтүрүп жатат. Мындайга жол берилбеш керек эле.

Дукенбаев “Жаңы-Өзөндөгү окуялардан бери бир аптадай убакыт өтсө да, казак бийлиги расмий аза күтүү күнүн жарыялабаганы калктын кыжырын келтирип жатат” деп кошумчалады.

Буга чейин бийлик элге ок атышын башынан өткөргөн кыргызстандыктар жаңыөзөндүктөрдүн абалын түшүнүп жатышканын айтышууда. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Медер Талканчиев нааразы болгон эл толкунун токтотууга башка арга издебей, бийликтин курал колдонуусу Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттердин орток кемчилигине айланганын билдирди:

- Биздин башыбыздан деле өтө оор күндөр өткөн. Ошондуктан баштан өткөн соң боордоштордун кайгысын бөлүшүп, тилектештикти билдиргибиз келди. Күнөөсүз жарандардын өмүрү кыйылып жатканда кайда болбосун аны айтып чыгышыбыз керек.

Эскерүү иш-чарасына катышкан кыргызстандык укук коргоочулар Жаңы-Өзөндөгү окуялар казак коомунун демократиялык өзгөрүүлөргө умтулушунун көрсөткүчү катары баалашууда.

Социология илиминин кандидаты Топчугүл Шайдуллаеванын пикиринде, бул окуялар Борбор Азия өлкөлөрүндө эскиче башкаруу болбой калганын тастыктоодо:

- Калктын аң-сезими өзгөрүп жатат. Мурда деле эл кыйналып, ыдык көрүп жүргөн. Бирок бүгүнкү окуялар элдин аң-сезиминин өсүүсүн, өз укугу үчүн күрөшүүнүн башталганын билдирип жатат. Мурункудай авторитардык башкаруу, элди зомбулук менен башкаруу, элдин үнүн укпоо азыр болбой калды. Эл кандай формада болсо да өз үнүн бийликке жеткирүүгө аракет кылып калды.

Мындай пикирге казак тектүү активист Аскат Дукенбаев да макул. Анын айтымында, 16-декабрдагы окуядан казак бийлиги гана эмес, казак калкы да жаңы сабактарды алды:

- 16-декабрдагы окуялар Казакстанды өзгөрттү. Бул кайгылуу окуя тек гана өкмөткө эмес, эң алгач калкка сабак берди. Калк мурдатан эле бул бийликтин коррупциялык, авторитардык бийлик экенин билчү. Эми болсо кыйын учурда ок атып, күч колдонуп, өлтүрүүдөн да кайра тартпаарын түшүндү.

16-декабрда Жаңы-Өзөн шаарында Казакстан эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар башталганда борбордук Ынтымак аянтында кагылышуу орун алган. Ал жерде бир нече айдан бери иш таштаган мунайчылар өз акцияларын өткөрүп келишкен. Ырасмий бийлик тополоңдо 16 адам каза болуп, 100гө жакын адам жараат алган деп билдирүүдө. Бирок окуяга күбө болгондор каза болгондордун саны алда канча көп болушу мүмкүн деп болжошууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG