Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Казакстанда кырдаал тынчый элек


Актаудагы нааразылык акция. 18-декабрь, 2011.
Актаудагы нааразылык акция. 18-декабрь, 2011.

Жекшембиде Маңгыс-Тоонун борбору - Актауда жүздөгөн киши борбордук аянтка чогулушту. Өткөн аптада полиция менен кагылышта мерт болгондор 15ке жетти.


Казакстандын Башкы прокуратурасы Жаңы-Өзөндө мерт болгондордун саны 14кө жеткенин билдирет. Прокуратуранын тизмесинде 11 гана кишинин аты-жөнү жазылган. Алардын ону эркек, бирөө аял. Ал эми калган үч сөөктүн кимдиги такталып жатканы айтылат. Расмий маалыматка ылайык, 90го чукул адам жарадар болгон.

Укук коргоочулар мерт болгондордун саны расмий маалыматтан алда канча көп болушу мүмкүндүгүн айтууда.

Алматыдагы кармоолор, 17-декабрь.
Алматыдагы кармоолор, 17-декабрь.

Ишембиде Шетпе станциясында полиция менен кагылышта 1 киши окко учканы тастыкталды. Башкы прокуратуранын ырастоосунда, “хулигандар” полиция менен кармаша кетип, 25 жаштагы бир жаран каза тапты, 10 чактысы жарадар болду.



Өзүн Бауржан деп атаган жергиликтүү жашоочу “Азаттыкка” айтып бергендей, Шетпенин ондогон тургуну Жаңы-Өзөндө демонстранттарга каршы ок атылганына каршылыгын билдирип, Маңгыс-Тоо менен Ак-Төбөнү байланыштырган темир жолду тороп салышкан. Кечки саат алтыларда коопсуздук күчтөрү станцияга келип, элди тарката баштагандан көп узабай кагылышуулар болуп кеткен. 25 жаштагы бир жигиттин башын ок тийип, жан берген.

Актаудагы облустук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Нурлан Муканов 16-декабрдан бери алардын клиникасына октон жарадар болгон 38 бейтап жеткирилгенин биздин радиого маалымдады. Бир киши жарааттан көз жумду. Доктурдун айтымында, 3 киши Шетпе станциясынан, калгандары Жаңы-Өзөн шаарынан алынып келген.

Тасмада: Жаңы-Өзөндө жабыркагандар Актауга жеткирилди.

Жабыркагандарды Актауга алып келүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

Кечээ казак президенти Нурсултан Назарбаевдин буйругу менен Жаңы-Өзөн шаарында эмки жылдын 5-январына чейин чукул кырдаал киргизилди. Кечки саат 11ден таңкы саат 7 ге чейин комменданттык сааттарда көчөлөргө чыгууга тыюу салынды. Президент билдирүүсүндө, массалык тополоңду уюштурган бейбаштарды айыптап, полиция өзүн жана карапайым тургундарды коргоо үчүн ок ачканын айтты.

Жарлыкка ылайык, иш таштоо, нааразылык иш-чараларына, ар кандай коомдук оюн-зоокторго, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынат жана шаардын ичиндеги унаанын жүрүшү чектелет. Ошондой эле жарандардын документтерин, жеке буюмдарын, машинелерин текшерүүгө уруксат берилет. Кагаздарды көчүрмө жасаган жабдыктарды, радио жана тележабдыктарды, үн жана видео тарткан жабдууларды колдонууга тыюу салуу, же аларды чектөө каралган.

16-декабрда Жаңы-Өзөн шаарында Казакстан эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар башталганда борбордук “Ынтымак” аянтында кагылышуулар чыгып кеткен. Ал жерде бир нече айдан бери иш таштаган мунайчылар өз акцияларын өткөрүп келишкен. Тополоңдо алгач он киши мерт болгону айтылса, жекшембиде алардын саны 13кө жеткени кабарланды. 80ден ашууну жараат алган, бир нече имарат, машинелер өрттөлгөн. Ички иштер министри 70тен ашуун адамдын кармалганын билдирди.

Жаңы-Өзөндөгү тополоң, 16-декабрь.
Жаңы-Өзөндөгү тополоң, 16-декабрь.

Казак оппозициясынын лидерлери жана жарандык активисттер жума күнкү окуяларды көз карандысыз комиссия териштирсин деп талап кылышууда. Мурдагы депутат, оппозиция өкүлү Зауреш Батталова кагылышуулар үчүн кзак бийлиги жооптуу деп билдирди:

Актауга келген журналисттерге Жаңы-Өзөн шаарына барууга уруксат берилген жок. Жума күндөн бери шаар менен телефон байланышы үзүлүп турат.

Кечээ ЕККУнун учурдагы төрагасы Аудрониус Ажубалис Казакстандагы кан төгүүлөргө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, тараптарды сабырдуулукка чакырды: “Каза болгондордун саны камтамага салат, Казакстан бийлигин ал окуялардын ачык-айкын, адам укуктарын урматоо менен иликтенишин камсыз кылууга үндөйм. Адамдардын тынч чогулуу укугу – демократиялык коомдогу негизги укуктардын бири”, - деген Ажубалис курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.


Тасмада: Жаңы-Өзөн, 16-декабрь, 2011.

Казакстандагы тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00

XS
SM
MD
LG