Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Казакстан: мораторий убактылуу алдообу?


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Жер кодексине өзгөртүү киргизүүгө мораторий жарыялаганын бейшембиде өткөн жыйында билдирди.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев бир апта мурда жер чет элдиктерге сатылат деп жалган маалымат таратып, элди козуткандарды мыйзамга ылайык жазалоо керектигин, чет элдиктерге жер сатуу маселеси каралбаганын жана ал талкууланбасын билдирген. Бейшембиде жыйында сүйлөгөн президент бул сөздөрү дагы бир ирет ырастады.

- Айыл чарба жерлерин сатуу тууралуу сөз да болбогону биздин калкка жеткирилиши керек эле. Бул жерде толук кызыл кулактык болду. Тиешелүү катмарга мыйзамдын маанисин жеткире алган жокпуз. Мыйзамдын механизмдери жана нормалары коомчулуктун катышуусунда коомдук талкууга алынган жок. Ошол себептүү элдин чочулоосун жана убайымын түшүнсөк болот. Эгер биздин элибиз, казакстандыктар түшүнбөсө, кабыл алынган чечимдерге ишенбесе, демек мунун баары туура эмес, - деген Назарбаев жер жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр бир жылга токтотуларын жарыялады.

Эл башы коомчулуктун каршылыгын жараткан бул суроолорду алгач дыкат иликтеп, калкка түшүндүрүп, парламент менен бир чечимге келүү керек деп белгиледи.

- Бизге элге жакпаган мыйзамдын кереги жок. Элге биз мораторийди качан аларыбызды, айыл чарбага кандай зыян болорун түшүндүрүп кереги жок. Аны талаада иштеген, эгин эккен, мал кармаган дыйкандар гана билишет. Ал эми асфальттын үстүндө туруп нааразы болгондорго түшүндүрүүнүн кажети жок. Мындан улам өкмөттө жер маселелери боюнча комиссия түзүүнү тапшырам.

Эгер бул процедуралардын бардыгы туура чечилсе, мораторий бир жылдан кийин алынат.

Президент катышкан жыйындан кийин экономика министри Ерболат Досаев кызматтан алынганы маалым болду. Ошондой эле айрым маалымат каражаттары айыл чарба министри Асылбек Мамытжановго сөгүш жарыяланганын жазышты.

Бул кабар чыгары менен социалдык тармактарда кызуу талкууланып, айрымдар бийлик акыры эл менен эсептеше баштады деген пикирин жазышса, башкалары бул Ак Ордонун бир жыл ичинде элди тынчтандырып, анан көндүргүлө дегени деп президенттин сөзүн сынга алышты.

Буга чейин жарандык активисттер 21-майда Казакстандын бүткүл аймагы боюнча Жер кодексине өзгөртүүлөргө каршы массалык акцияларды өткөрүүнү пландап жатышкан.

Марттын аягында улуттук экономика министри Досаев 1-июлдан тарта айыл чарба жерлерин жеке менчикке аукцион аркылуу сатуу жана чет элдиктерге 10 - 25 жылга ижарага берүү тууралуу тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизген. Жаңы өзгөртүүлөргө каршы алгачкы митинг 24-апрелде Атырау шаарында жүздөгөн адамдардын катышуусунда өткөн. Андан бери уруксат берилбеген мындай нааразылык акциялары Атырау, Актөбө, Семей, Кызыл-Ордо, Жаңы-Өзөн, Орол сыяктуу бир катар шаарларда өттү.

XS
SM
MD
LG