Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

Дарига Назарбаева тилинен жаңылды


Дарига Назарбаева
Дарига Назарбаева

Президенттин уулу же кызы болуу жеңил иш эмес. Коомчулук алардын жүрүм-турумун, кийим-кечесин, айткан сөзүн кунт коё байкап турат.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин саясатка жигердүү аралашып жүргөн депутат кызынын 10-декабрда парламентте айткан сөзү азыр интернет жамаатта кызуу талкууланууда. Дарига Назарбаева Социалдык-маданий өнүгүү комитетинде орусча сүйлөп жатып, майып төрөлгөн балдарды «уроды», кыргызча айтканда, «сөлпүлөр» деп атап, бутага илинди. Парламентте маалымдалгандай, жылына Казакстанда котон жара жана ВИЧ инфекциясы жуккан, ошондой эле бойго жете элек жаш кыздар 22 миң бала төрөйт.

Дарига Назарбаева бейшемби күнү профилдик комитетте тубаса майып балдар жөнүндө сөз кылып жатып, аларды орус тилинде “урод”, кыргызча “сөлпү” деп атады.

“Балдар сааты жок, шүйкүмү бузук жыныстык катнашка баруу эмнеге алып барарын көрүүсү үчүн аларды маал-маал балдар үйүнө, майып балдардын интернатына экскурсияга алып барып туруу керек деп эсептейм. Тубаса сөлпү балдарды, майыптарды көрүшсүн. Мунун таасири куру сөзгө жана лекцияга кеткен 10 саатка караганда алда канча күчтүү”.

Президент Назарбаевдин кызынын бул сөзү Казакстандын интернет коомунун кыжырдануусун жаратты. Сапа Макебаев деген интернетчи жашы элүүнү аттаган Дарига айым орунсуз сүйлөп, атасына сөз тийгизди деп санайт. «Өзбектердин президенти Ислам Каримов теги кайдан чыкканын билүүсү үчүн бир ирет көпкөн кызынын башын чертип, каарданганын жазышпадыбы. Президенттерди түшүнсө болот. Алар бүт өмүрүн элге бергени түшүнүктүү. Мамлекеттин иши менен жүрүп, ата-энелери балдарына татыктуу көңүл бөлбөгөнүн түшүнөбүз. Бирок ошол балдар элүүгө кирген соң, атасына сөз тийгизсе болбосун түшүнүшү абзел», - деп жазат ал.

Ал эми Ann Nell деген лакап аты бар жаран Казакстан президентинин улуу кызынын тубаса майып балдарды сөлпү деп атоосун аларды сыйлабагандык катары баалайт.

«Бардык эле балдар майып төрөлбөйт же ата-энесинин жүрүм-турумунан улам майып болуп калбайт. Ден соолугу таптаза эне да оорукчан бала төрөшү мүмкүн. Жүгөнү жок аракеч аял куландай соо балдарды төрөшү ыктымал. Эгер баңги-наркомандар же аракечтердин баары тең майып балдарды төрөшсө, ал үчүн балдардын эч кандай күнөөсү жок. Бул алардын ата-энелеринин күнөөсү. Дарика алардан маскарапоз-фрикшоу жасагысы келди. Мындай депутаттарды жер кантип көтөрүп жүрөт?...».

Нурсултан Назарбаевдин депутат кызынын Ютубга жарыяланган видеосуна чыккан комментарийлердин көпчүлүгү жогорудагыдай маанайда жазылган. Алардын бири Gul Nur деген керектөөчү бу тейде сөз айткан Жогорку Кеңештин мүчөлөрүн Байкоңурга орусиялык спутник кыйраган жерге алып барыш керек деп жазат. Кеме кыйраганда жерге уулуу гептил суюктугу төгүлгөн. «Дарига, сиз эгер ошондой эле «акылдуу жана сулуу» болсоңуз, депутаттар менен төрагаларды казак талаасына мелтиреген асмандан гептил төгүлгөн Байкоңурга алып барыңыз. Бейкүнөө адамдар мына ошол жактан мутация болушат. Жабылган полигонду пайдаланууга уруксат берип, танапташ райондордо жашагандарга жамандык кылган жогору жактагылар накта сөлпүлөр. Полигондор үчүн төлөнгөн акчага кутуруп жүргөндөрдү карабайсыңарбы? Бечара эл алардын кесепетинен азап тартууда», -деп боздойт Gul Nur..

Коомдогу илдетти ачык айтты деп Дарига Назарбаеваны коргогондор да бар. Нурлан Муканов деген окурмандын жазышынча, депутатты «сөзгө сөлтүк кылуу үчүн» кээ бирөөлөр анын айтканын кайчылап, бурмалашууда. «Сөздү мазмундан жулуп алышты... Тубаса котон жара же сифилис балдардын сүрөттөрүн карагылачы... Ал балдар медиктердин бүтүмү көрсөткөндөй, сөлпү төрөлгөн. Алар сөлпү балдар. Дарига дал шүйкүмү бузук жыныстык жашоо жана андан кийин туулган балдар тууралуу айтып жатпайбы”.

Дарига Назарбаева азырынча интернет жамааттын талкуусуна жана анда айтылган сынга үн кошо элек..

XS
SM
MD
LG